Табылды Акеров, саясат таануучу: “Пиночет жок, бирок, кимге өлүм өкүмү чыгат, кимге ырайым болот, ким мандаттуу болорун Ак үй чечет”

– Табылды мырза айтсаңыз, бүгүн Сириядагы абал өтө коооптуу болуп турат. Д.Медведев да “маселени үчүнчү дүйнөлүк согушка жеткирбей чечели” дегендей билдирүү кылды. Сирияда абал эмнеге мынча тез арада өнүгү жатат?  3-дүйнөлүк согуш тутанчу абалга келип калдыбы?

– Бүгүн дүйнө жүзүндө жаңы дүйнөлүк тартип орнотуу жана кайра бөлүштүрүү саясаты жүрүп жатат. Себеби, мурдагы коммунисттик идеологияга сугарылган СССР мамлекети ойрон болду. Сирия Кыргызстандай эле Орусия үчүн өзгөчө стратегиялык маанидеги өлкө. Сирия аркылуу Орусия араб дүйнөсү менен баарлашып турган. Бул өлкөдө анын аскердик базасы бар. Ошондуктан, Орусия АКШны “Манас” аэропортунан чыгарып, убактылуу жеңишке жетишкени менен, Сирияда чоң көйгөйгө кабылып олтурат. Орусиянын Сириядан аскердик базасын чыгарып кетүүсү, анын Араб дүйнөсүнөн кол жууганы менен барабар болгону үчүн  Кремль бекем позициясын  көрсөтүп жатат.

Бирок, эгер Башар Асад куласа, Орусия аскер базасын чыгарат жана араб өлкөлөрүнө таасир эте албай калат. Башкача айтканда, Орусия “Борбордук Азияны АКШ жана башкалар менен бөлүшпөйм” деп, аларга сес көрсөтүп жатып, өзү да Сирияда жана араб дүйнөсүндө чоң кыйынчылыктарга кабылды.

– Эгер АКШ аскер базасы Манастан чыгарылбаса, Сирияда мындай абалга кептелмек  эместир?

– Жок. Мен антип айткан жерим жок. Бирок, Орусия Борбордук Азияны, Укранинаны кызганбай эле, өзүнүн активдүүлүгүн уланта бергенде мынчалык деле маселе жаралмак эмес. Себеби, рынок экономикасынын эң негизги шарты бардык өлкөлөр бири-бири менен тыгыз экономикалык байланышта болууга тийиш. Мисалы, Батыш эбак эле чырмалышып алган. Ошондуктан алар ЕСке биригип, жалпы валютасы “еврону” киргизип алышты. КМШ мамлекеттеринин  экономикасы талкаланып, экономикалык деградациялык абалга кептелди. Бирок, ошого карабай Москва ЕАЭСга бириктирип салды. Президент А.Атамбаев башында турган Кыргызстандын саясий элитасы өлкөнү сынык поезддей сүйрөп барып, ЕАЭСке киргизишти. Элди итке мингизишти. Бийлик жооп таба албай, элди көчмөндөр оюнун өткөрүү менен алаксытууга аракет кылып жатат.

– Саясый элита демекчи, 7-апрель революциясынан кийин бийликке келгендер эмнени өзгөртө алды? Акаев, бакиевдик бийликтен айырма барбы? Эмнегедир “өлкөнү алтоо башкарат” деген сөздөр тарап жатат го?

– “Толук демократиялык нукка түштүк”- деп айтуу кыйын.  Конституцияда өлкө парламенттик деп таанылганы менен, иш жүзүндө баары башкача. Президенттик бийлик өзгөчө маниге ээ. Бардык бийлик президенттин институтуна топтоштурулган. Эч ким эч нерсе жасай албайт. Демилгечилдик өлгөн. Мунун себеби, 7- апрель революциясынан кийин Атамбаев “буларда тажрыйба мол” деп Акаев-Бакиевдик кадрларга ставканы койду. Акыркы парламенттик шайлоолорго чейин эгерде бийлик парламентке сот системасына салыштырмалуу активдүү таасир этсе, шайлоолордон кийин бийлик бул саясый институттарды өз алдынча бийлик жүргүзүү укугунан ажыратты. Баары президенттик институтунун көзөмөлүндө жана анын каалоосу менен чечилип калды.

– Мындан 6 жыл мурда революциясы болду эле. Бүгүн да “революция жасаш керек” дегендер чыгып жатат. Эмне үчүн?

– Мунун эч кандай сыры деле жок. Эки революциянын тажрыйбасы көргөзгөндөй бизде бардык эле оппозициядагы саясатчылар эл үчүн жана элдин кызыкчылыганда аракеттенейин деген эмес. Тескерисинче, алар элге жамынып сүйлөп, элди бийликке жетүү үчүн пайдаланган десем жаңылбайм. Себеби, биздин революционерлер оппозицияда жүргөндө башка убадаларды берген да. “Демократияны орнотом, элдин турмушун оңдойм”- деп элди ишендиришкен да. Ал эми бийликке келгенден кийин, аларга бийлик жетишпей калып жатат. Бакиев “бийлик жетишпей жатат” деп, Конституцияны монархиялык деңгээлге чейин өзгөрткөн. Бирок, парламенттик системада бийликти көзөмөлдөө бир аз башкача нукка өттү. Парламенттик системада президент өкмөттүн ишине анчейин кирише албай, бийликти күч органдарынын жардамы менен көзөмөлгө алууга жетишти. Бийлик коррупция менен күрөшкө шылтоолоп, негизги оппоненттерин саясаттан четтетип, алсыздатты, ал эми парламентти клон партиялардын негизинде толук саясый импотенттик абалга жеткирип коюшту. Мындай башка, граждандык секторду, укук коргоочу уюмдарды, криминалды бүт өз көзөмөлүнө алды.

– Эл арасында “бийлик” деп азыр өкмөттү эмес, Атамбаевдин тегерегин айтып калышты го…

– Акаевдин учурунан эле Кыргызстанда саясатты президенттин тегереги жүргүзөт. Булар кимдин камалышы, акталышы керектигин чечкен. Бакиевдин мезгилинде президенттин тегереги кимдин буйрутма менен өлтүрүлүшүн да чечип калганын көрдүк. Эсиңизде болсо, Бакиев бийликке келгенде өзүнүн тегерегине бизнестин өкүлдөрүн жана коррупцияга белчесинен баткан саясатчыларды алып келген. Кийинчирээк Бакиевдердин  бийлиги криминал менен чырмалышып алып, өлкөгө күн көргөзбөй калганда кулады.

Бүгүн деле ошондой абал жана саясый система түзүлүүдө. Сиз айткандай бүгүн бийлик мунарасында 6 кишиден турган кол тийгис каста бар. Булар президенттин эң жакынкы тегерегин түзөт. Булардын башка бардык мамлекеттик институттарга таасири чоң, үстөмдүк кылып турат. Гезиттер байма-бай жазып келгендей, булардын бири криминалды көзөмөлдөсө керек.

Ал эми парламенттик шайлоолордон кийинки өлкөдөгү абал бизде эбак эле бирин-бири (президенттин аппараты, анын тегереги, Жогорку сот, прокуратура, УКК, БКШ) колдогон, заказ аткарган мамлекеттик кылмышкер синдикат түзүлүп калганын аныктап койду. Жогорку сот, прокуратура, УКК, БШК бийликтин көзөмөлүндө жана ага ылайыктуу чечимдерди чыгарып берип турчу көз каранды мамлекеттик институттарга айланды. Бул көрүнүш мандат талаш учурунда өзгөчө байкалды. Булар бир депутатты мандаттан ажыратса, ошондой эле негиздеги экинчи депуттаттын мандатын калтырып, бийлик каалагандай чечимдерди чыгарып берип жатты. Парламент бийлик каалаган Омбудсменди мыйзамдарды тебелеп-тепсеп бекитип берип койду.

Ошол эле учурда бул системаны президент өзү билип-билбей жаратып алды. Мисалы, президент журналисттерди дайыма “ушак жазасыңар” деп зекип, каарып келет. Акыркы пресс-конференцияда алдарды “ушактологдор” деп айтты. Президент канчалык журналисттерди ушактолог деген сайын, анын тегереги “кол тийгис” кастага айлана берет. Себеби, журналисттер канчалык жазбасын, алардын баары ушак катары кабылданып калат. Бул парламенттин, соттун, прокуратуранын, милициянын бүт баарынын президенттин тегерегине көз карандылыгын күчөтөт.

Бул синдикатты ким башкарат. Президентпи, же жогорудагы алты кишиби? Булар  Бакиевдин учурундагыдай эле ким өлөт, ким калат экенин чечишеби?

– Өлкөдө парламентик шайлоолордон кийин жаңы саясый система жана абал түзүлүп бүттү десем туура болот го. Бүгүн бийликти мурдыгыдай бир эле бийлик партиясы менен байланыштырууга болбойт. Азыркы тапта анын бир нече активдүү жана пассивдүү клон партиялары, фракциялары бар. “Көмүскө” (“черный”)  иштер клондор аркылуу жасалат.  Себеби, бүгүн өлкө, мамлекеттик органдар  президенттин тегерегинен көз каранды болуп калгандыгы анык болуп калды. Анткени, кандай гана болбосун, соттун, прокуратуранын, милициянын, дегеле бардык органдардын бийликтин кызыкчылыгында чечимдерди чыгарып берип жатат. Бул болсо буларды жалпы борбордон башкарылып жаткандыгын далилдеп турбайбы.

Бийлик буларга аткарган кызматтары үчүн бийик даражадагы мамлекеттик сыйлыктарды татыктуусуна, татыктуу эмесине да, ачык эле аянбай ыйгарып жатат.

Менимче, синдикаттын бийликтин кызыкчылыгында аткарган иштери катары биринчи кезекте А.Батукаевдин мыйзамсыз коё берилишин айтсак болот. Экинчи кезекте, Орусиядан келаткан нефриттерди жана башка биздин асыл таштарды Кытайга ит бекер акчага чыгарылып кетип жатышын айтсак болот. Мындай башка, “саруу-гейт”, “юпи-гейт”, “муфтий-гейт”, “мандат-гейт”, “ташиев-гейтти” атасак болот. Айрым эксперттер буга “анапияев-гейтти” да кошушат. Себеби,Анапияевдин өлүмү журналист Павлюктун өлүмү менен кудум окшош. Бирин Алматыга алдап  чакырып өлтүрүшсө, экинчисин Минскиге чакырып жок кылышкан. Бул иштин аркасында бир эле адам тургандай. Башкача айтканда  бүгүнкү айрым саясатчылар Бакиевдерге иштеген күч органдарындагы кызматкерлерди табышып, аларды өз кызыкчылыктарында иштетип жаткандай көрүнөт. Себеби, Анапияев өлкөдөгү 10-12 ММКларды каржылап турган, “шайлоолор алдында бул өтө чоң күч болуп калмак” деген сөздөр бар.

Бирок, азыркы бийликтин Бакиевдердей эле зомбулугунун бири катары “качкын кылмышкерлергейтин” жана маркум “телтаев-гейтин” атасак болот. Бакиевдердин учурунда деле жаштарды экстремист деп, эч соттун чечимисиз эле, “короосундагы жүгөрүдө жашынып жатыптыр”, же дагы бир шылтоо менен атып салуу күч алып кеткен. Азыр деле кылмышкерлерди, исламга ишенгендерди экстермисттер деп атып өлтүрүү, жок кылуу күч алып баратат. Мунун эң негизги себептеринин бири:биринчиден, дүйнөлүк коомчулукка бизде да экстремисттер көйгөйү бар экенин пропагандалоо, экинчиден элди коркутуп коюу, үчүнчүдөн революция болуп кетсе коргонуу үчүн элди (экстремисттерге шылтап) атууга шартты камсыздоо. Башкысы, бул кылмыштарды жасагандар эч убакта жоопко тартылбайт. Себеби, өлтүрүлгөн, жок кылынган жаштардын баары карапайым адамдардын балдары. Алар үчүн эч ким сурак кыла албайт. Себеби, ата-эне, туугандарынын алдары жетпейт. 7-апрелдеги шейиттердин кунун ким кууй алды? Эч ким дегендей эле болуп жатпайбы. Бийлик муну жакшы өздөштүрүп алган. Ага карапайым бир байкуштун өмүрүнөн, өз кызыкчылыгы алда канча өйдө турат.

Ошондуктан, Кыргызстандагы азыркы абалды мен “өлкөдө пиночет жок, бирок өлкөнү пиночеттик система башкарууда” деп сүрөттөсөм жаңылбайм. “Пиночет жок”, бирок, кимге өлүм өкүмү чыгат, кимге ырайым болот, бардыгын Ак үй чечет болуп жатпайбы. Мына парламенттик шайлоолордо, ким депутат болот, ким болбойт, тизменин баарын Ак үй чечпедиби.

 – “Ташиев-гейт” деп эмнени айткыңыз келип жатат?

– Шайлоолор учурунда Ташиевди тизмеден алуу үчүн, аны “Өнүгүү” партиясынын өкүлүн сабап койгон”- деген шылтоо менен, соттун чечимисиз эле, БШК тизмеден алып салган. Бүгүн териштирүүлөр аяктаган соң, мунун баары “подстава” экени анык болуп олтурбайбы. Бул иш боюнча райондук да, жогорку да инстанциядагы эксперттик жыйынтыктар жабырлануучу тарапка чыкпай калганы айтылууда.

Учур чакта “подстава” өтө күч алып турган чагы. Бүгүн өлкөдө президент Атамбаев коррупция менен күрөшүүнү жарыя кылганы менен ал тандалма негизде жүргүзүлүүдө. Көпчүлүгүндө коррупция менен күрөш бийликтин активдүү оппонеттерине сес бериш үчүн же коркутуп, аларды өлкөдөн чыгарып жиберүү үчүн колдонулууда. Коррупция менен күрөшкө шылтап, өтө көп “подстава” уюуштурулууда. Кыргызстанда мыкты кадрлар мамлекеттик жогорку жана жооптуу кызматтарда иштегиси келбей калды. Мага бир топ жаш адистер өзүнүн райондогу, областтагы, министрликтеги жетекчилик кызматтарын “подставадан” корккондорунан таштап кеткендиктерин айтышууда. Шайлоо учурунда эл менен жолукканымда айрым жаш адистер “ушул абалды президент Атамбаевге жеткире көрүңүз” деп да суранышты.

– Бүгүн “бийлик Сакалга ставка коюп, анын балдарын Бишкекке жайгаштырып, божомолдуу революциянын алдын-алгысы келүүдө”- деген сөздөр бар? Ошол эле учурда К.Көлбаевдин балдары камалып, атылып да жатат. Муну кандай түшүнсө болот?

– Бул суроого жооп берүү өтө татаал. Ошондой болсо да, менин жеке түшүнүгүмдө бул жерде кандайдыр бир политтехнология колдонулуп жаткандай. Бирок, азыр абал өзгөрдү. Бүгүн К.Көлбаевдин тобун садага чабып, бийлик “Сакалга” ставка коюп жаткансыйт. Бирок, кийин “Сакалдын” да көзү тазаланышы мүмкүн. Себеби, Кыргызстанда криминалдык топ башчыларын жок кылып коюу оңой. Булардын кунун эч ким сурай албайт. Бийлик өз аракеттери үчүн жооп бербеш үчүн, булардын күчүн кеңири колдонуп, кийин оной көздөрүн тазалап коюуга мүмкүнчүлүгү чоң.

– Мындан ары эмне кылуу керек?

– 7-апрель революциясынан кийин эч нерсе жасалган жок деп айтсак туура эмес болуп калат. Өлкө парламенттик системага өттү, көп партиялуулук системага жол ачылды ж. б. у. с. иштер аткарылды. Бирок, ошондой болсо да, айрым коомго терс таасирин тийгизе турган чоң кемчиликтер бар. Мына ошолорду мен ачып берүүгө аракет кылдым. Эми сөз президентте, бийликте, саясий партиялардын лидерлеринде, саясый элитада. Булар өз аракеттеринде, программаларында бул катачылыктарды жоуюга аракет кылышы керек.  Ошентип олтуруп, биз нукура демократиялык коомду түзө алабыз.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан. kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *