Табылды Акеров, саясат таануучу: “Жээнбековдун доклады мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ болгон документ болуп калды десем болот”

— Табылды мырза, сиз Кыргызстанда кыргыз тилинин абалы өтө эле начар экенин айтып коңгуроо кагып келдиңиз. Президент С. Жээнбековго да ачык кайрылдыңыз эле. 23-сентябрда президент С. Жээнбеков кыргызстандыктарды мамлекеттик тил майрамы менен куттуктап, чоң доклад жасады. Сизге ал доклад кандай таасир берди?

— Мен аябай толкундануу менен кабыл алдым. Ал күнү филармонияда өткөн тил майрамына уюштуруу комитетинен чакыруу алгам. Бирок, университетте лекцияларым болгондуктан бара албай калдым. Андай болгон менен “Фейсбукту” карап жаттым, ал жакка президенттин сүйлөгөн сөзүн жайгаштырышты. Ошол жерден окуп тааныштым. Өтө жакшы сүйлөптүр, проблеманын бардык жагын камтыптыр. Кыргыз тилинин келечегин, аны өнүктүрүү, өстүрүү жолдорун, ар бир үй-бүлөнүн бул иштеги ордуна токтолуптур. Президент С. Жээнбековдун доклады мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ болгон документ болуп калды десем болот. Президент чыныгы улут лидери катары көптөн бери чечилбей келаткан мамлекеттик тил маселеси боюнча өз позициясын билдирди. Кыргыз тили мамлекетттик тил болуп калыптанганы теориялык жана юридикалык жактан колдоо болгону менен практикалык жактан эч нерсе деле жасалган эмес эле да. Баары кагаз жүзүндө эле жасалып келди. Экс-президент Атамбаевдин учурунда болсо, КТРКнын экранынан сыртка чыккан деле жок.

Ошого мен дагы бул проблеманы көтөрүп чыгып жатып, ушундай бир чоң колдоо керек деп ойлогом. Буюрса, мамлекеттик тилге бул колдоону президент С. Жээнбеков көргөздү. Ал сөзүндө Өкмөткө, Илим жана билим министрлигине тапшырма берди. Эми кезек ошолордо. Мисалы, айрым областта мурда эле документтер кыргыз тилинде жүргүзүлүп келгени айтылды. Бирок, Чүй областында, Бишкек шаарында, айрым министрликтерде бул иш анча колго алына элеги белгиленди. Мына ушул маселелер менен Өкмөт иштеши керек. Бул мекемелерди, министрликтерди мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча план иштеп чыгышы зарыл болот. Ал эми Илим жана билим министрлиги Чүй областы жана Бишкек шаарындагы орус тилдүү мектептердин статусун карап чыгышы ылазым. СССР учурунда, айталы 1989–90-жылдары өлкө боюнча 14% түзгөн, ал эми Бишкекте 70% га жакын болгон. Ошол эле учурда Бишкекте 17% гана кыргыз жашаган. Бир эле кыргыз мектеби бар болчу. Бүгүн болсо, өлкө боюнча орус калкынын саны 5,6% түзөт. Ал эми Бишкек шаарында орус калкы 20%ды түзүп калган. Сандар теңирден тескери көрсөткүчтү көрсөтүп жатат. Менимче 2020-жылдан баштап Бишкек шаарынын мектептеринин статусун өзгөртүп, баарын кыргыз жана аралаш мектептерге айлантуу керек. Себеби, бул мектептерде көпчүлүгүндө кыргыз улан-кыздары окушат. Мисалы, 70- мектепте 7 биринчи классы бар экен. Бири да кыргыз тилинде эмес. Эмне үчүн төртөөсүн кыргыз классы, үчөөсүн орус классы кылып коюуга болбойт. 13, 61-мектептерде да абал жогорудагыдай. Ал эми бул мектептер Кыргызстанда эң мыкты деп эсептелген мектептер да. Бул мектептерде Кыргызстандын келечектеги мыкты элитасы окуп жатат. Бирок, алар кыргыз класстардын жоктугунан жана орус класстарда кыргыз тилине маани берилбегендигинен баары тең орусташып, мамлекеттик деңгээлде ассимиляция болуп жатышат. Менин балдарым 70-мектепте окушту. Классташтарынын дээрлик көпчүлүгү кыргыз улан-кыздар болчу. Бирок, дээрлик көпчүлүгү кыргыз тилинде сүйлөй алчу эмес. Мен өзүм аралаш мектепте окугам. Мындай мектептерде окуучулар өтө ынтымактуу болушат. Бири-бирин жакшы түшүнүшөт. Мына ушул эле мактаган 70-мектепте жогорку класстын окуучулары мушташа кетишип, бири экинчисин сайып салган учур болгон. Мындай окуялар көп эле болуп жатпайбы. Менимче, министр К. Исаков ушул проблемаларды чечүүнү биринчи планга коюшу керек.

— Сиз ата-энелер эмне үчүн балдарын орус мектептерге берип жатканын биле алдыңызбы?

— Албетте. Ким эле баласын жаман мектепте окусун деп ойлосун. Баары эле баласынын келечеги үчүн кам көрөт. Бирок, ата-энелер кыргыз мектептердеги коррупциянын негизинде балдарын орус мектепке берүүнү туура көрүп атышат. Мектептин директоруна деп белек-бечкек, эжейлерине алтын сөйкө, шакек жана башка толтура нерселерди алдыртышат. Ушундан пайдаланып, орус мектептер жакшы окутушат деп ажиотаж кылып, ата-энелерге таасир берип жатышат. Анан баары чуркап, орус мектептерге берип жатышат. Ошондон пайдаланып, мектептердин директорлору ар кандай жолдор менен коррупциялык негизде шугулданышууда. Орусиядан китептерди, материалдарды алып келип, окуучуларга сатып бизнес кылып жатышат. Класстарды бир нече категорияга бөлүп коюшкан. Жакшы класска которуп берем деп 15 миң сомдон алышат. Ата-энелер билбейт да балдар бир эле программа менен окуп жатканын.

Бир эле мектепте чогулган акча 5–6 же андан да көп миллионду түзөт деп айтып жүрүшөт өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү.

— Баары эле орус мектептерге кызыгып жатса, мектептерди кыргызчалатуунун кандай кажети бар?

— Биринчиден, бул суроого президент С. Жээнбеков өз сөзүндө эне тилибизди, дүйнөнү дүңгүрөткөн «Манасты» жараткан тилибизди сактап калышыбыз керек экендигин баса айтты. Чынын айтканда, биз «Манас» эпосун ЮНЕСКОнун материалдык эмес баалуулуктар тизмесине киргиздик. Аны менен кошо, биз кыргызстандыктар «Манас» эпосун жана андагы адам баласынын өнүгүшүнө позитивдүү таасир берүүчү демократиялык, гумандуулук идеяларын, принциптерин, баалуулуктарын пропагандалоону өз мойнубузга алганбыз. Мына ошондуктан, ар бир кыргызстандык кыргыз тилин билүүсү зарыл жана «Манасты» дүйнөгө жайылтууга милдеткер. Ошондуктан, президент С. Жээнбеков мамлкеттик тилге өзгөчө көңүл буруп жатат. Өкмөткө, Илим жана билим министрлигине мамлекеттик тил боюнча заманбап мамлекеттик саясат жүрсүн деп талап кылып жатат.

Экинчиден, чет мамлекетке барып, жашап келген ата-энелер мектеп маселесине башкача карап жатышат. Алар тескерисинче, мектептерде орус тилин кыскартып, англис тилин көбүрөөк берүүсүн туура көрүп жатышат. Себеби, англис тилине кай жерге барбасын муктаж болуп калабыз дешет. Ошондуктан, айылдагы кыргыз мектептерде да орус тилин азайтып, англис тилин көбүрөөк окуткан мезгил талабына шайкеш болуп жатат.

— Азыр көпчүлүк ата-энелер балдарын чет жакта окутуп жатышат. Сиздин балдарыңыз кайда окушат?

— Мен өзүм батыштан стажировка өтүп, кыдырып көрүп келгем. Башка бир туугандарым деле көрүп, окуп келишкен. Ошого биз бул маселеге таптаза башкача карайбыз. Менин балдарым 70-мектепти бүтүштү. Уулум Славян университетинде программированиеде окуп жатат. Кызым политехте дизайнер окуусунда окуп жатат. Мен алар мектепте окуп жүргөндө, балдарымды кошумча окууларга акча төлөп окуткан жокмун. Себеби, бүгүн бардык мектептер бизнес кызыкчылыкта болуп калышкан. Кошумча сабактар балдарга тийиштүү нормадан ашык берилчү. Ошого мен бул сабактардан баш тарттым, башка жолду тандап алдым. Балдарымды 10–11-класстарда репетитор алып жогорку окуу жайына дайындадым. Англис курстарына бердим. Ошентип, аларды университетте өзүлөрү эле окуп кеткидей деңгээлге жеткирдим. Азыр менин балдарым англис тилин мыкты билишет. Себеби, бүгүн акча табуунун айынан, эптеп мектептерди ачып алып, балдарды окутумуш болуп жатышат. Айрым учурда нормалар да сакталбай калып жатат. Университетти бүткөндөн кийин, магистратураны балдарым чет мамлекеттен бүтүп келсе деп жатам. Мен жана бир туугандарым бул жол эң туура жол деп түшүнөбүз. Ата-энелер балдарына туура тарбия берип, окутуунун туура жолун таба албагандан кийин, аларды жөн эле кыйнап жатышат. Мен университетте сабак берем. Өзүм окуткан студенттерди көрүп кээде боорум ооруйт. Ата-энесинин төлөп жаткан акчасын актайм деп улан-кыздар кечке окуп олтуруп, айрымдары жапжаш болуп туруп, оорукчан болуп калып жатышат. Себеби, аларды мектеп кезинде эле окуйсуң деп милдеткер кылып тарбиялап салышкан. Ошого алар окуу деп жүрүп оорукчан болуп калып жатышат.

— Күзгү саясат башталып калды. Айрым партиялар съезддерин да өткөрүп жатышат. Келечекте кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?

— Жазында президент С. Жээнбеков парламентке саясий партиялар боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип, идеологиялык партияларга көңүл буруу жөнүндө айткан. Парламент ал мыйзамдарды карай элек. Менимче, ошол мыйзамдарды карап, идеологиялык партияларга басым жасалгандан кийин гана кийинки парламенттик шайлоолорго дайындыктар башталганы туура болот го деп ойлойм.

— Кыргыз элинин келечегине кандай карайсыз? Кыргыз элин даңазалоого дагы кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

— Дүйнөлүк аренада күчтүү болуш үчүн дүйнөгө чачырап кеткен кыргыздарды бириктирип туруучу жолдорду издеп табышыбыз керек. Кыргыздар алгач зор өлкөлөргө өз маданий борборлорун ачса жакшы болчудай. Мисалы, АКШда, Орусияда, Кытайда дегендей. Угушумча, Чикагодо кыргыздар көп. Демек, Чикагого америкадагы кыргыздардын башын бириктирип, Чикагону борбор кылып, ал жерге маданий борбор ачып, кыргыз лоббисин түзсөк болчудай. Ошол жакка көк бөрү оюнунун борборун ачсак жакшы болмок. Анан кыргыздар АКШнын атынан Көчмөндөр оюндарына катыша алмак. Орусияда Красноярск шаарында 50 миңге чукул кыргыз бар деп айтышат. Демек, Красноярскты кыргыз борбору кылып, көк бөрү борборун ачса болчудай. Кытайда муну жасоо оңой. Ал жакта кытайлык кыргыз туугандар бар. Көк бөрү борборун Ак-Суу шаарына ачса болот. Бул шаарларда кыргыздар бир мектептин тегерегине жакын жайгашышса, кыргыз тилин да сактап калганга мүмкүнчүлүктөрү артмак. Мен кыргыздар ушундай негизде башкалардан айырмаланып, бири-бири менен тыгыз байланышта болуп аракеттенсе, көп нерсеге жетишет го деп ойлойм.

Орусиянын чыгыш жагындагы шаарларга консулдарды бекитип жатканда жаш тарыхчыларды бекитишсе жакшы болмок. Себеби, бүгүн байыркы тарыхты изилдөө өтө татаал болуп калды. Мурдагы СССРдин учурундагы шарттар жок. Өзүң акча таап, өзүң барып изилдөө жүргүзөсүң. Байыркы жана орто кылымдар боюнча кыргыздардын тарыхын хакас, алтай, тува, якуттардын тарыхы менен бирдей карап, ал жактагы материалдарды колдонуу менен изилдеп, кыргыз тарыхынын актай барактарын толуктоо да маанилүү.

Темирлан Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *