Табылды Акеров, саясат талдоочу: “Абылгазиев жана Бабанов күнөөлүү”

-Табылды агай, бул жолу жазда болот деп жаткан саясий тирешке анализ кылып көрбөйлүбү? Жаз келери менен саясат оргуштап кайнап, митингдер болот деген сөздөр чай ичкен жерден айтыла баштабадыбы. Митинг жолун тандагандар эмнени көздөп жатканына саресеп салсак.

– Эл эмне болоор экен деп күтүп жаткан темага багыт алалы деген экенсиз да.

– Бүйүрдү кызыткан ошол маселе болуп аткан соң, кантип четте карап турмак элек?

– Аныңыз чын…

– Президент С. Жээнбеков парламентте сөз сүйлөп, 9% босого партияларды ирилештирүү үчүн кабыл алынган эле, бирок “Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт” дегендей, биздин партиялар ирилештирүүгө дайын эмес деди. Ошол эле учурда, 7% да биз парламент чакырганбыз, 7% бизге ылайыктуу деп билдирди. Бирок, маселени чечүүнү парламентке калтырды. 3 жана 5% өтө эле төмөн болуп калат деди. Буга сиз кандай дейсиз?

– Менимче, президент С. Жээнбеков маселенин чечилишин парламентке калтырып туура кылды. Биз парламенттик өлкө курабыз деп жатпайбызбы. Андыктан, парламент маселени өзү чечип, өз алдынча саясат кылып, мыйзамдарды кабыл алганды үйрөнүш керек. Президент өз оюн билдирип койду, эми сөз парламентте. Парламентте 5%га түшүрөлү деген депутаттардын тобу да бар. Талкуу, талаш күчтүү болот. Бирок, айтып коюу керек, илгери Японияда 100дөй партия болгон. Парламентке көп партиялар келсин, көп жаңы идея болот, өлкөнү бат көтөрөбүз деп босогону 1% кылып коюшкан. Бирок, шайлоолордо ошол партиялардын лидерлери эле келип алышкан. Ошондон кийин, болбойт экен деп босогону көтөрүүгө аргасыз болушуп, азыр 7%. Ошого президент С. Жээнбеков туура айтты. 3% же 5% өтө эле аз болуп калат. Жакшы кыялдар менен 3% же 5% кылгандан пайда жок. Өлкөнү оңой жол менен жаштарга өткөрүп берип койгондо деле эффект болбой калышы мүмкүн. Жаштардын баарын парламентке келтирип алганда деле өлкө оңолуп кетпейт. Жаштар кыйналып, биринчи жолу өтпөй, экинчи жолуда өтпөй калып, парламентке келишсе, алар да мандаттын баркын, баасын билишет. Коррупциялык жолго түшүп кетишпейт. Эл үчүн, мамлекет үчүн эмгектенейин деп аракет кылат.

– Парламентке президент шайлоо, салык мыйзамдарын оңдоп кабыл алып бергиле деди. Депутаттар саясий партиялар боюнча мыйзамды да карашат. Парламент идеологиялык партиялардын позициясын мыйзамдуу бекемдей алабы? Эгер ошентсе, саясий абал кандайча өзгөрөт? Матраимов, Бабанов, Мадумаров, Сариев, Келдибековдор парламентке келбей калбайбы?

– Президент парламенттин мөөнөтү бүтүп жаткандыгына байланыштуу жолугушту. Ошого жараша, кийинки парламент чакырылып, ишке киргенче бардык мыйзамдарды өзгөртүп, кабыл алып берүүсүн өтүндү. Албетте, анын ичинде шайлоолорго байланыштуу да мыйзамдар өз учурунда өзгөртүлүп, кабыл алынышын өтүндү. Аты аталган саясатчылардын ичинен Матраимовдун абалы өтө эле чатак. Анан калса, акыркы жумадан бери Матраимовду Ташкентте да чоң объектини куруп жаткандыгын жазып жатышат. Ошого анын тиги же бул партия аркылуу барышы, ал саясий бирикмеге кедергисин тийгизбей койбойт. Менимче, булар өз ара сүйлөшүп, И. Матраимовдун КСДП менен баруусуна токтолушат го деп ойлойм. Саясатчылардын баары эле башка идеологиялык партияларга кирип алуу мүмкүнчүлүгү бар. Кирбей койсо, ал анын өз иши. Аты аталган саясатчыларда өлкөнү оңдоого өтө чоң мүмкүнчүлүктөрү болгон. Көп кызматтарды аркалашты. Буларда идеологиялык партиялар мыйзамы үчүн парламентке кирбей калдым деп таарына тургандай негиз жок. Мисалы, Ө. Бабанов, Т. Сариев депутат да, премьер да болду, А. Келдибеков министр, спикер болду. Бирок, булар идеологиялык партияларга кирип, парламентке келсе болот. Айрымдар А. Мадумаров парламентке келе алат, аны эл акчасыз эле колдойт дешет. Туура, А. Мадумаровдун өзүнүн электораты бар. Ал Жашылдар партиясына деле кирип алып, ошол эле добуштарын ала алат. Бирок, парламент идеологиялык партияларга жол береби, ал белгисиз. Бирок, парламент чындап эле идеологиялык партияларга жол ачып берсе, анда С. Жээнбекбв Кыргызстандын тарыхынын жаңы баракчасын ачкан президент болуп тарыхта калмак. Мисалы, К. Бакиевди баарыбыз эч нерсе кылган жок дейбиз. Бирок, ал көп партиялуулук системасын киргизген президент катары тарыхта калды. Спикер Д. Жумабеков жана парламент С. Жээнбековго да ушундай мүмкүнчүлүк береби же өлкөнү дагы эле кландык, регионалдык бөлүнүштөргө талатып коёбу, эми ачык белгилүү болот. Экс-спикер М. Шеримкуловдун аракети менен Акаевдин учурундагы алгачкы парламент легендарлуу болуп аталып калганы жалпыга белгилүү. Бүгүн Д. Жумабековдун ойлоно турган мезгили.

— Агай шайлоо темасын, партиялар тууралуу айтчу сөз али алдыда. Сөздү ушул жерден токтотуп, жаздагы саясаттан кеп козгойлу. Өлкөдө баары эле тынч көрүнгөнү менен кайсы бир саясатчылар тынчыбай тургандай сезилип жатат. Жазгы митингдерге эмне себеп болуп жатат?

– Ооба. Эл ичинде ар кандай сөздөр айтылып жатат. 2-мартта, 24-мартта Бакиевдик күчтөр чыгат экен деген да сөз тарады. Менимче, С. Жапаровдун тарапташтарынын аракеттерин башка күчтөр да колдонумуш этип, бийликке сүр көрсөткөнү жатышса керек. Албетте, мындай аракеттер шайлоо алдында өтө күчөйт. Бирок, бүгүн Кыргызстанда эле эмес, башка өлкөлөрдө да митинг кылуу туура эмес. Кыргыздар өзү өтө кызык элбиз. Айрыкча отуз жылдан бери бизди тажаткан саясатчыларыбыз маңыроо чалыш. Дүйнө жүзүндө коронавирус каптап келатат, ага каршы чогуу-чаран күрөшөлү деп, бардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшап, аракеттер көрүлүп жатса, биз бийликке тап берип, митинг өткөрөбүз деп жатабыз. Дүйнө жүзү коронавирус тамаша эмес, коркунучтуу дарт, анын дарысы жок, иштелип чыга элек, ошого жүздөп, миңдеп өлүп жатышат деп кокуйлап жатса, бизде митингге элди чогултуп, акча таратып жатышат. Дүйнө жүзү элдерди топ-топ болуп чогулбагыла, үйүңөрдөн чыкпагыла деп жатса, биздин маңыроо чалыш саясатчыларыбыз акча таратып элди митингге чакырып жатышат. Ошондуктан, эл бул саясатчылар жеке кызыкчылыкка жетеленип, кыргыздардын коронавируска кабылып кырылып калаарына карабай, митингге чакырып жатканын түшүнүшү керек. Бүгүн саясатчылар мыйзамдуу бийликти кулатып, бийликке келүүнүн өзү опурталдуу экенин түшүнүшү шарт. Мейли, бийликке келишсин. Бирок, бийлик алмашкандан кийин өлкө кайрадан хаоско кептелип, же нормалдуу бийлик, же дары-дармек жок бузукулук менен келгендер өлкөнү контролго ала албай, коронавирус өлкөгө кирип келсе, ага татыктуу туруштук бере албай, кыргызды тукум курут кылганы жаткан жокпузбу деп ал жагын да жакшылап ойлонушу зарыл. Мен канчалык демократ болбоюн, бүгүн өлкөнүн, элдин келечеги үчүн бардык протесттик акцияларды, аракеттерди токтотуп турууну сунуштайм. Бийликти бүгүн коронавирус боюнча мыкты чаралар көрүлбөй жатат деп гана күнөөлөөгө болот. Бийлик, өкмөт кетенчиктей бербей өзүнө келиши керек. Бүгүн митингчилерге абалды так тушүндүрүп тийиштүү мыйзамдарды кабыл алып, митингдерге, элдин чогулушуна тыюу салыш шарт болуп турат. Кытайда коронавирусту жашырдың деп атуу өкүмүн киргизип жатса, бизде болсо дагы эле демократия оюндарын ойногулары келип жатышат. 30 жылдан бери элди алдап, добуштарды сатып алып, өлкөнү тоноп, байып алышып, элди тажатып, сасып жатышып, бийликке тап беребиз деп жатышат. Кытай бай экен, миллиардданган акчага маскаларды сатып алып жатат. Кыргызстандын маска эмес, марли чыгара турган акчасы жок. Ошого С. Жапаровдун тарапташтарына да айтаар элем, митинг өткөрүү идеясынан кайткыла. Башка саясий күчтөр силердин аракеттериңерди тескери пайдаланып кетишинен сак болгула. Албетте, С. Жапаровду Атамбаевдер ар кандай жолдорго салып, күнөөлүү кылып, камап алышты. Бирок, бүгүн аны чыгарганда да, мыйзамдуу жол менен чыгышына басым жасалышы керек.

– Жерүй боюнча көп сөздөр тарап жатат. Атамбаев менен Бабанов Жерүйдү 100 млн долларга биротоло өткөрүп берип коюшуптур деп жатышат. Буга кандай дейсиз?

– Мага да таластык аттуу-баштуу саясатчылар айтышты. 100 млн доллар төлөтүп, анан инвесторго лицензия берип коюшуптур. Өкмөт менен макулдашууда болбоптур. Кыргызстан бир да пайыз алтынга ээ эмес экен. Бул сөздөрдүн тарашына өкмөт башчы Абылгазиев жана Бабанов өзү күнөөлүү. Алар элге ачык айтышып, Жерүй кандай негизде сатылганын, документтерин көргөзүшү керек деп ойлойм. Болбосо Жерүй менен Бабанов “крит” болчудай сөздөр тарап жатат. Баары ачык каралыш керек. Өкмөт эч нерсени элден жашырбашы керек. Өкмөт башчы баарын элге айтып, маселени так чечип алышы зарыл. Анан шайлоолор учурунда чукумуш болуп, элди түркүн ойго салбай.

Маектешкен: Т.Токтоболотов

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *