Табылды Акеров, саясат талдоочу: “Атамбаевдин мыйзамдан жогору турган инсан экендиги – адвокаты Слесаревдун жомогу”

– Табылды мырза, Атамбаевдин жактоочусу аны суракка чакыруунун өзү мыйзамсыз экенин айтып, министрге кат жазаарын билдирди. ИИМдин орун басары чакыруу кагазын өзү алып барса да, суракка барбай койду. Бул туурабы же аша чапкандыкпы?

– Атамбаевдин жактоочусу С.Слесарев тергөөчүгө да, министрге да бир эле негиздеме менен кат жөнөтүп жатканын айтып жатат. Анын пикиринде Атамбаев али экс-президент деген макамы бар, ошондуктан аны эч бир укук коргоо органдары же прокуратура суракка ала албайт деген өзү ойлоп таап алган аныктаманы бетине кармап жатат. Анын ою боюнча азыркы мыйзамдагы нормалар, Атамбаевге таратылбайт. Алар Атамбаевдин кийинки президентке таратылат дейт. Ошол жагынан Атамбаев мыйзамдан жогору турган инсан болуп калып жатат. Бул Слесаревдун жомогу. Дүйнөдөгү бир да өлкөдө мыйзамдар минтип жазылбайт. Туура. Атамбаевдин бүгүн эч ким камай албайт. Анын кайсы бир деңгээлде кол тийбестик макамы бар. Бирок, кыргыз парламенти Атамбаевдин кол тийбестигин алып салып, анын ал статусунан күмөн санатып салды да. Эми Атамбаев ошол ЖК күмөн санатып салган кол тийбестигин өз калыбына келтирүү үчүн болсо да тергөө менен кызматташып, аны менен иштешиши керек. Атамбаевде башка жол жок. Ал тергөө менен иштеп, аны күнөөлөп жаткан иштерде өзүнүн күнөөсү жок экенин далилдеп, аны ал ишенген кадрлар уяткарып салганын далилдеши керек. Ал ТВда дайыма айтып жатпайбы, “менин кадрларым мени уят кылды, менин күнөөм жок”- деп. Ошону тергөөчүгө айтып, далилдеши керек. Ошентип, тергөөгө жардам берип, акталып алышы керек. Атамбаев өзү президент болуп турганда, ар кандай шылтоолор менен 30дан ашуун саясатчыны каматып салган. Эгерде “Элдик парламент” түзүп жүргөн тизмени табышканда, бери эле дегенде дагы 50-70 адам камакка алынмак. Кудай жалгап, “Элдик парламенттин” кызмат бөлүштүрдү деп шектелип жаткан тизмеси табылбай калды. Бирок, ага карабай бул кыймылдын жетекчилери далилдик базасы начар болгонуна маани беришпей, Атамбаевдин каалоосу менен камап салышты.

– Атамбаев Москвага бараарын айтып, “кантип, кайдан барам аны мени чакырган тарап чечет” деди. Атамбаев менен Жээнбековдун чиеленишкен маселесине Россия кийлигишеби?

– Президент Путиндин пресс-катчысы “биз кийлигишпейбиз”- деп билдирди. Ал: “бул Кыргызстандын ички иши”- деп билдиргенин коомчулук билет. Ошондуктан, Орусия оңой менен кийлигише койбойт. Бирок, президент С.Жээнбековдун Москвага барып Путин менен жолугушуп кайтканын “Москва кийлигишүүгө мажбур болду“ – дегендей түшүндүрүп жатышат. Менимче, бул туура эмес. Бирок, Атамбаевдин өзү айткандай, анын Орусияда бизнесмен достору көп. Анан алар бүгүн Атамбаевдин Кыргызстанда болуусу туура эмес экенин түшүнүп жатышат. Кыязы, мурда Атамбаев аларды ”мен мөөнөтүм бүткөндөн кийин да, өлкөнү резиденцияга жатып алып, башкара берем”- деп көндүрүп койгон болсо керек. Бирок, бүгүн алар Атамбаевдин кейиштүү абалын көрүп жатышат. Өлкөдө коррупция менен күрөш жүрүп жатат. Алардын көпчүлүгү Атамбаевдин учурунда ар кандай жолдор менен бизнес кылышкан. Бүгүн Атамбаев бийлик менен тиреше берсе, баары ачыкталып кетиши мүмкүн экенин сезип жатышат. Атамбаевдин ресурсу түгөнгөнүн көрүп жатышат. Ошондуктан, алар Атамбаевди Орусияга чакырып жатышат. Атамбаев да өз учурунда, Москвага барып, өзүнүн позицияларын айтып, тактап алууну көздөп жатат.

– Кремль Атамбаев менен Жээнбековго араачы түшүшү мүмкүнбү?

– Кремль араачы түшпөйт. Москва өлкөнүн жаңы президенти С.Жээнбеков менен иштешип жатат. Москва Атамбаевдин ресурсу түгөнгөнүн билет. Атамбаевдин достору да муну жакшы билип калышты. Ошон үчүн позицияларды такташуу маселеси көтөрүлүп жатат. Атамбаев Москвага барып, достору менен сүйлөшүп, позциясын тактап келгени жатат.

– Атамбаевди камакка алуу бийликке кыйынчылык жаратып жатат го?

– Атамбаевди камап коюу өтө деле кыйын эмес. Кыргызстанда мамлекеттик машина кандай иштээрин биз баарыбыз жакшы билебиз. Өзгөчө Атамбаев өзү президент болуп турган мезгилдеги камалып кеткен саясатчылардын тагдырын эстесек эле жетишээрлик. Атамбаевдин мезгилинде саясатчыларды, коомдук ишмерлерди, журналисттерди ар кандай шылтоолор менен, ойлоп табылган божомолдор менен камап салышчу. Бул норма деп эсептелип калган. Ошонун айынан 30дан ашык саясатчы, коомдук ишмер, журналисттер камалып, запкы жеген. Айрымдары Атамбаевдин каалоосуна жараша камалып кеткен. Бүгүн коррупция менен күрөш жүрүп жатат. Бирок, коррупцияга шектүүлөрдү камоо процесстери Атамбаевдин мезгилиндегидей эмес, баары мыйзамдын чегинде болуп жатпайбы. Баарынын тең далилдик базасын бышырып, видеоматериал менен бекемдеп, анан камоолорду жүргүзүп жатышпайбы. Эч божомол же обу жок ойлоп табуу жок. Байкалбайт. Ошого тергөө бардыгын мыйзамдын негизинде жүрсүн деп, мыйзамдардын негизинде гана аракеттнип жатат.

Бирок, Атамбаевдин шаштысы кетип жатат. Ал үйүнө толтура элди чогултуп, аларга жамынып, суракка барбай, өзүнүн абалын мындан да оорлотуп жатат. Атамбаев убакыттан утуш үчүн, Конституциялык палатага арыз менен кайрылды. Эми анын жообун күтүп жатам дейт. Анын адвокаты болсо, “менин убактым жок”- деп тергөөгө барбай жатат. Башкача айтканда, толгон токой шылтоолорду табып жатышат. Бирок, Атамбаев минтип кутула албайт. Конституциялык палата кандай жооп берет – Атамбаев үчүн маанилүү эмес. Себеби, ал “тергөөгө барбайм”- деп кесе айтпадыбы. Ошон үчүн Конституциялык палатанын деле жообу туура эмес деп коюшу мүмкүн. Атамбаевдин адвокаты Слесарев “Атамбаевдин кол тийбестик статусу бар, аны эч ким сурака чакыра албайт”- деп калпты айтып, элдин башын айландырып жатат. ЖК Атамбаевдин экс-президент статусун алып салды. Эми анын экс-президент статусу жана кол тийбестиги күмөндүү абалга келди. Себеби, ЖК Атамбаевдин президент кезиндеги 5 иш боюнча күмөн санап, ал иштерди тергеп чыккыла деп материалдарды тергөөгө жөнөттү. Атамбаевди сурасын деп, аны экс-президиент статусунан ажыратып, анын статусун күмөндүү абалга келтирип койду. Атамбаев өзүнүн экс-президент статусун калабына келтириш үчүн тергөө менен иштешип, суракка барып, бардык документтерди көрсөтүп, аргументтерин айтып, акталып, өзүнүн экс-президент деген статусун калыбына келтирүүсү керек.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *