Табылды Акеров, саясат талдоочу: “Азаттык” Атамбаевди тымызын колдоп, коомчулукка бүлүк салууну көздөп жатышы мүмкүн”

-Табылды мырза, айтсаңыз, “Азаттыктын” акыркы иликтөөсүн эл кабыл албай койду көрүнөт. ЭлТР көрсөтүүдөн баш тартты. Фейсбукка жайгаштырылды эле, ал жактан деле жакшылыктуу колдоо таба алган жок. Буга эмне себеп болду?

– Мен ал иликтөөнү көрүп чыктым. ЭлТРдин экрандан көрсөтпөйбүз дегенинде саясат деле жок. Себеби, ЭлТРдин жетекчиси Айбек Мусаев ал иликтөөнүн сапаты начар деп табылганын билдирди. Анда бир беткейлик байкалганын белгилеп, ошого жараша экранга алып чыгуудан баш тарткан.

Чынында эле бул иликтөөнүн сапаты начар болуп калган. «Азаттыктын» экинчи иликтөөсү «Кloop.kg» менен бирге жүргүзүлгөндүктөн гана ийгиликтүү болгондугу көрүнүп турат. Али Токтакунов «Көмүскө акча ташыгандар кербени» аттуу үчүнчү иликтөөнүн деңгээлин экинчи иликтөөнүкүнө жеткире алган эмес. Ошондуктан коомчулук да аны жакшы кабыл алган жок.

Биринчиден, Алинин биринчи иликтөөсүндөгү өзү айткан маалыматтары туура эмес чыгып калды. Ал 700 миллион доллар Кыргызстандан чыгарылып кеткен деп айткан. Б. а. акчалар бюджеттен чыгарылып жатат деген ойду берген. Бирок, экинчи иликтөөдө анын баары туура эмес болуп калды. Али өзү Саймаити ташып жана банктар аркылуу 700 миллион долларды чыгарып кеткендигин айтып жатат. Саймаити тактап берип жатат. Б. а. 700 миллион доллардын баары ташылып чыккан эмес экен. Бир бөлүгү банктар аркылуу чыккан. Бирок, акчалар бюджеттин акчалары эмес болуп чыкты. Көрсө, ал акчалар өзбекстандык бизнесмендердин товар алууга берген акчалары экен. Алар акчаларын Кыргызстанга чыгарып, анан адалдап, чет өлкөлөргө чыгарып, кайра товар алып кирип жатышыптыр. Мына ушунун баары Али Токтакуновдун биринчи иликтөөсүндөгү маалыматтардын негизин жокко чыгарып салды. «Кloop.kgнын» жардамынын негизинде акча чыгаруу проблемасы бир аз болсо да такталды.

Экинчиден, туура, баарыбыз эле коррупциялык схемалар ачылсын, коррупция жоюлсун деп жатабыз. Бул багытта коомчулук Президент С. Жээнбековду колдоп жатат. Коомчулук, бул багытта Президент С. Жээнбековду эле эмес, кимди гана болбосун колдоого даяр. Мейли ал «Азаттык», «Кloop.kg», «ОТРК», «ЭлТР», «5-канал» ким болбосун коомчулук колдойт. Бирок, сенин иликтөөң так, далилдүү, айныгыс чындыктын негизинде болушу абзел.

Мына жакында эле «ОТРК» Атамбаевдин мүлкү тууралуу иликтөөлөрүн жарыялады. Көпчүлүгү туура болуп жатпайбы. Мисалы, бул иликтөөлөрдүн натыйжасында Атамбаев өзүнүн «Форумун», башка мүлктөрүн Субихи Пархати деген 26 жаштагы бала каттатып койгону белгилүү болду. Баары так көрсөтүлгөн. Экс-президент деп Атамбаевге тарткан эмес. Болгонун болгондой көрсөтүп койгон.

– Сиз акыркы мезгилдеги иликтөөлөрдөн кандайдыр бир айтылбай, байкалбай калган жерлерин байкай алдыңызбы?

– Ооба. Мисалы, Али Токтакуновдун иликтөөлөрүндө Абдыкадыр аттуу уйгур бизнесмени менен Р. Матраимовду бизнес өнөктөш катары көрсөтүүгө басым жасалат. Бирок, Абдыкадыр менен экс-президент А. Атамбаевдин байланышы жөнүндө оозго алынбайт. Али Токтакуновдун маалыматы боюнча АКА Petrolium GMBH компаниясы Германиянын Мюнхен шаарында Кроншаттер көчөсүндө Хабибулла Абдукадыр менен Кудрат Нурмаматтын атына катталган. Ал эми АКА Petrolium GMBH жана Касым Курбанов аттуу киши менен биргелешип Кыргызстанда АКА minerals and Maining компаниясын түзүшүп, өткөн жылы «Акылдуу шаар» долбоорун Нuawei (Хуавей) компаниясы менен өнөктөштүктө ишке ашырышмакчы болгон. Бирок, кийин өкмөт бул келишимди жокко чыгарган.

Ушул эле АКА Petroliumга таандык АКА minerals and Maining компаниясы «Меgасоmду» да толук сатып алуу ниетин билдирген. Кийин АКА minerals and Maining компаниясынын аты АКА «ИНВЕСТ» болуп өзгөртүлгөн.

ОТРКнын иликтөөсүндө Атамбаев адеп «Форум» ишканасынын 30% акциясын К. Абдуллаев деген жаранга каттатып жатат. Бирок, К. Абдуллаев эмнегедир чоочулап, 30%ды башка бирөөгө каттатып коюуну суранган. Анан Атамбаев 30% акцияны С. Пархатиге каттаткан. Кийинчирээк «Форумду» 100% Пархатиге каттатып койгону аныкталып жатат. Мындан башка Субихи Пархатиге Атамбаев Бишкекте курган мечиттин жер участогун, Ысык-Көлдөгү көл жээгиндеги жер участогун жана «Хуасин» инвестициялык компаниясынын 50% акциясын жаздырганы белгилүү болгон. Субихи Пархати жакында кармалып, суракка алынганда, ал өзүнө өтө көп байлыктын, жер участокторунун, «Форумдун, компанияларынын жазылып калгандыгына таң калып, шок болгонун билдирген. Субихи Пархати атам айтканынан эле кол коё бергем. Атамдын да, менин да мынча чоң суммада акчабыз жок деп билдирген. Атамбаев атам экөөбүздү уят кылды деп айткан.

2015-жылдын 17-сентябрында Чаткалдагы сурьма кени боюнча аукционго «Хуасин» компаниясы активдүү катышып, утуп алганы белгилүү болгон. Аукционго Хуасинь компаниясынан башка АКА minerals and Maining компаниясы, «Бизнеснур» ишканасы катышышкан. Анда Хуасин 150 миң доллар, АКА minerals and Maining 140 миң доллар, ал эми «Бизнеснур» 120 миң доллар сунуштаган. Бирок, жергиликтүү элдин нааразычылыгынан улам аукцион 1 айга жылдырылып, 2015-жылдын 16-октябрында өтөт. Аукциондун экинчи этабында Хуасин компаниясы 130 миң доллар эле сунуштап, аукционду утуп алат. Албетте, бул жерде ошол кездеги Мамгеологиянын жетекчиси Д. Зилалиевдин Хуасинди жең ичинен сүйлөшүүлөрдүн негизинде жеңишке жеткиргени айныгыс факт болуп жатат. Себеби, бул аукционго АКА minerals and Maining жана «Бизнеснур» компаниялары Хуасинди жасалма катышуу жолу менен жеңишке жеткирүү үчүн катышканы аныкталган. Тергөөдө булардын өкүлдөрү аукциондо жөн гана катышып, утуунун кереги жок экендиги эскертилгендигин билдиришкен. Аукцион өткөндөн кийин бир айдан соң Хуасин компаниясынын 50% акциясын Сибухи Пархатиге акысыз өткөрүп берип коюшкан.

Бирок, бул жерде кеп анда деле эмес, кептин баары ушул аукционго Субихи Пархатинин Хуасини менен Германияда катталган Хабибулла Абдыкадыр, Кудрат Нармат жана Касым Курбановдун АКА minerals and Maining компаниясы чогуу катышып, бир саясат жүргүзүшүп, Хуасинди жеңишке жеткиришкендигинде болуп жатат. Б. а. ушул аукцион аркылуу Атамбаев өз мүлктөрүн Субихи Пархатиге бекеринен жаздырып жатпаганы аныкталып жатат. Эгер бул акциялар экс-президентке таандык болбосо ким эле 26 жаштагы Субихи Пархатиге Хуасиндин 50% акциясын белек кыла койсун. Дал ушул аукциондун негизинде Атамбаев менен кытайлык уйгур бизнесмени Абдыкадырдын байланышы бар экендиги ачык көрүнүп жатпайбы.

Бүгүн Хабибулла Абдыкадыр, Кудрат Нармат жана Касым Курбановдун АКА minerals and Maining жана башка компаниялары өлкөдөгү башка кендерге кызыкдар болуп, ээлик кылып калууга аракет кылганы белгилүү болуп жатат. Б. а. бул адамдардын компаниялары Кыргызстанды өз жайыттары катары эле пайдаланып келгендиги көрүнүп турат. Албетте, булардын крышасы Ак үйдүн жетинчи кабатында болбосо, булар мынча тайраңдай алмак эмес да.

– Бирок, «Азаттыктын» корреспонденти Али Токтакунов эмнегедир Хуасин компаниясы утуп алган Чаткалдагы Терек-Сай сурьма кени үчүн болгон тендерге АКА minerals and Maining компаниясы да катышканын айтпайт го? Ал Субихи Пархати жөнүндө да эч нерсе иликтеген эмес. Эмнеге ал Атамбаев менен Абдыкадырдын байланышын ачып бергиси келген эмес? Бул өңүттөн алганда Али Токтакунов жана «Азаттык» радиосу заказ аткарып жатышканы ачыкталып жаткандай?

– Кандай десем, күмөн жаратат десем туура болот го. Эмнегедир Али Токтакунов бул проблеманы кеңири изилдеген эмес. ОТРК өз иликтөөсүн жарыкка чыгарганча коомчулукка Али Токтакунов көрсөтүп жаткан компаниялар жана бизнесмендер жөнүндө гана маалымат таралып жаткан. ОТРКнын иликтөөсүнөн кийин коомчулук, эл бул маселенин Атамбаевге түздөн-түз тиешелүү жагы да бар экенин билди. Бирок, биз бул көрүнүштү жалпы «Азаттыктын» коллективине тиешелүү карабашыбыз керек. Албетте, эгерде бул заказ болсо, анда ар бир заказ жетекчилик менен макулдашылат. Анан жетекчилик аны аткарууну кимге тапшырышты чечет. Бул маселе өтө кооптуу болгондон кийин, балким, Прагадагы журналисттер иликтесин деп чечилген. Балким, кызыкдар тараптар, эгер болсо, ошондой талап кылган. Маселенин баары «Азаттыктын» жетекчилиги тарабынан чечилгени көрүнүп турбайбы. Айтор кандайдыр бир жагдайлардан улам, бул проблеманы иликтөө жергиликтүү журналисттерге тапшыруу опурталдуу деп табылгандыктан, Прагадагы журналист Али Токтакуновго тапшыруу туура деп табылган.

– Соцтармактарда бул маселеге Улан Эгизбаевдин да тиешеси болгон деп жазып жатышат. Б. а. анын трагедиялуу өлүмүнүн себебин ушул проблема менен байланыштырып жатышат. Буга кандай карайсыз?

– Менимче, баары Улан Эгизбаевдин Бажыдагы миллиондор тууралуу материалынан кийин башталса керек. Бул материалды көпчүлүк көргөн. Ошондон кийин, айрым саясатчылар бул проблемага дагы туз салып, мурч кошуп, бышырып, саясий нук сүртүп, алып чыкса болот деп ишенип, жаңы саясий долбоор иштелип чыгып, «Азаттык» менен жаңы кызматташуу башталса керек. Ошондон улам, балким, бул маселени дагы күчөтүш үчүн Саймаитини кошуу маселелери каралган. Балким, ушул максатта кызыкдар тараптар Уланга жана башка «Азаттыктын» журналисттерине Саймаитини тааныштырышкан.

Бул ойду Али Токтакуновдун иликтөөлөрү да көрсөтүп тургандай. Ага деле чектелген маалыматтар түшүп тургандай. Мисалы, ал өз берүүлөрүндө Атамбаевге тиешелүү жагдайларды эч эскерген эмес. Ал эми ОТРК аны чукуп чыгып, оркойтуп көрсөтүп салып жатат. Эгер Алиники жарым-жартылай аныкталбай калып, айрым маалыматтары анын биринчи берүүсүндөгү айткандарына карама-каршы келип жатса, ОТРК өз далилдерин документтер менен бышыктап, факттын негизинде айтып жатат.

– Алинин биринчи иликтөөсүндөгү 700 млн доллар биздин бюджеттин акчасы эмес болуп чыкты. Муну Али Токтакунов өзү экинчи иликтөөсүндө Ташкент шаарында жайгашкан Абу-Сахий базарынын бизнесмендери Кыргызстанга өз акчаларын чыгарып турганын, анан аны Саймаити адалдап чет өлкөлөргө чыгарып берип турганын айтып, тастыктады. Анда «Азаттык» радиосу эмнеге коомчулукка туура эмес маалымат таратууга аракет кылды. «Азаттык» өлкөдө революция кылууну көздөп жатабы?

– Чынында эле Али Токтакуновдун биринчи материалында айткандары менен экинчи материалында айткандары бири-бирине карама-каршы келип жатат. Бирок, анын биринчи материалы өлкөдө өтө катуу чуу жаратты. Раим Матраимовду коррупциянын символу катары көрсөтүп койду, бул ат ага жармашты да калды. Бирок, экинчи материалында мурдагы каталарын билгизбей, сөздү туура багытта алып кетүүгө аракет кылды. Себеби, бул материалды көпчүлүгүндө «Кloop.kgнин» журналисттери дайындаган. Ошондуктан, материалга тактык киргизилген. Бирок, Саймаитинин өлүмү коомчулуктун митингге чыгуусуна чоң өбөлгө түзүп койду.

– Тагыраак жооп берсеңиз, «Азаттык» радиосу өлкөдө революция кылууга аракет кылган жокпу? Себеби, Али бул чыгарылган акчаларда Атамбаевдин да катышы бар. Абдукадыр анын өнөктөшү демек турсун, бул окуялар Атамбаевдин доорунда болгон деп айтууга да жараган жок…

– Албетте, биз «Азаттык» радиосунун өлкөдө демократиянын жайылышына кошуп жаткан салымын унутпашыбыз керек. Ал өзүнчө иш. Бирок, ошол эле учурда, акыркы жылдары «Азаттык» радиосу бийлик менен тыгыз байланышта болуп келгенин да эсибизден чыгарбашыбыз керек. Бул байланыштар «Азаттыкты» Т. Чоротегин башкарып турган мезгилден эле башталган. 2005-жылы революциядан кийин Бакиевдин бийлиги «Азаттыктын» Акаевди кулатууга кошкон салымы үчүн радионун кызматкерлерин жана алардын балдарын мамлекеттик кызматка тарта баштаган. Мисалы, К. Молдокасымов ОТРКга жана «Кыргыз Туусу» гезитине жетекчи болгон. Т. Чоротегиндин баласы жана башка журналисттердин балдар-кыздары М. Бакиевдин ЦАРИИсине кызматка алынган. Кийин бул практика Атамбаевдин мезгилинде да уланган. «Азаттык» айрыкча Атамбаевдин бийлиги менен тыгыз кызматташты. «Азаттыктын» журналисттеринин бир канчасы КСДПнын тизмеси менен депутат, Омбудсмен болушту, «Мурас» фондунда жетекчилик кызматтарды ээлешти. Бүгүн дагы алардын балдар-кыздары мамлекеттик кызматта жакшы орундарды ээлеп иштеп жатышат. Кыязы, ошондуктан да Али Токтакунов 700 млн доллар акча Атамбаевдин доорунда чыгарылган деп айта албай жатат. Бул биринчи кезекте «Азаттык» Атамбаевдин бийлиги менен тыгыз кызматташтыкта болгондугун айгинелеп жатат. Образдуу түрдө айтсак, ошол чыгарылган млн долларлардын кайсы бир бөлүгү «Азаттыкты» сатып алуу үчүн да жумшалып турган деген менен барабар. Эгерде Азаттык» радиосу Бакиевдин бийлиги менен кызматташып кетпегенде, 7-апрель революциясы мынчалык кан төгүүлөр менен коштолбосо керек, жаштар атылбаса керек, ал эми Атамбаевдин бийлиги менен кызматташып кетпегенде миллиондогон долларлар өлкөдөн чыгарылып кетпесе керек десем туура болчудай. Себеби, ошол кезде «Азаттыкта» өтө кыйын чыгармачыл журналисттер топтому түзүлүп калган болчу. Мисалы, Н. Айып, А. Акматов, У. Эшматов, Э. Алканова, Ш. Эркин уулу ж.б. Кийин булардын баары кызматтарынан кол жууган. Баарынан кызыгы ошол кезде мыкты иликтөөчү катары таанылып калган Э. Алканова Улан Эгизбаев менен биргеликте аткарган «Дача-СУдагы авиакырсыкка байланышкан телеберүүдөн кийин кызматтан кетирилген. Ал эми А. Акматов жана башка журналисттер Атамбаевдин бийлиги «Азаттыкты» эфирге чыгарбай коюп, анан анын жетекчиси Кентке айрым журналисттерди кетирсеңер, анан эфирге чыгарабыз деген шарт менен кызматтан кетирүү операциясынын негизинде кетирилгендиги айтылып жүрөт. Б. а. бул жерде «Азаттык» менен бийлик мурда эле кызматташып жүргөнүн жашыруу үчүн, атайы шоу уюштурулган. Тагыраак айтсак, 2005-жылдан бери «Азаттык» коомчулук алдындагы өзүнүн башкы милдеттерин аткарбай калган. «Азаттык» бийлик менен соодалашып келген. Ошондуктан, азыр дагы «Азаттык» Атамбаевди тымызын колдоп, коомчулукка бүлүк салууну көздөп жатышы мүмкүн. Бийлик куласа, жаңы келген бийлик менен эски адатынча соодалашып, сүйлөшүп алууну көздөп жатышы мүмкүн. Бул жаатта анын мүмкүнчүлүгү чоң, тажрыйбасы да мол.

Маектешкен Н.Токтоболотов

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *