Табылды Акеров, саясат талдоочу: “Көпчүлүк С.Жээнбековду чачылганды жыйнаган, ачты тойгузган, байлыгыбызды арттырган лидер катары элдин эсинде калсын деп жатат”

– Табылды агай, кечээ Аксы окуясын эскерүү күнү болуп өттү. Алдыда 7-апрель революциясынын күнү келатат. Жыл сайын эле бул күндөргө өзгөчө маани берип, белгилеп, авторитардык режимдин курмандыктарын эскерип келатабыз, ушул канчалык маанилүү? Айрымдар Аксы окуясы, 7-апрель курмандыктары да бекер болгон дешет. Жаштар кырчындай өмүрлөрүн кыйышкан, бийлик эски адатынча эле элдин үнүн уккусу келбейт деген пикирлер айтылып жүрөт. Сиз кандай деген ойдосуз?

– Ооба. Эл арасында көп сөз айтылууда. Бийлик элдин мүдөөсүн уга тургандай эмес, элдин жашоосу оңолчудай эмес, Аксы окуясында жана 7-апрелде жаштар бекер өмүрлөрүн кыйыптыр деп жатышат. Анткени, 7-апрелден кийин окко учуп курман болгон апрель баатырларын Чоң-Ташта коюп жатканда, бийлик башындагылар элге убада кылышпады беле. Кыргызстан эч убакта авторитардык режимге кайтпайт, эч убакта мындай окуялар кайталанбайт, бийлик элдин кызыкчылыгында гана аракеттенет деп. Бирок, Атамбаевдин бийлиги кайра эле тескери жолго кетип, коррупциялашып, бийликтен кеткиси келбей, «Ормон опуза» кылып, элди экиге бөлүп, кайраштыруу менен кайра бийликке кайтып келем деп тыраңдап жатып камалып тынды. Бүгүн болсо парламенттик шайлоолор болгон болсо парламенттик шайлоолор болгону жатса ЖК али күнчө керектүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизбей, элдин жашоосуна, турмушуна жаңылык киргизгиси келбей жатканы ачык эле көрүнүп турбайбы. Ошондуктан, эл ичинде да ар кандай пикирлер айтылууда. Биз жыл сайын Аксы окуясын жана 7-апрелдин каармандарын эскеребиз, бирок элдин турмушун өзгөртүүгө саясатчылардын, парламентте олтурган атамбаевчил олигархтардын көңүлдөрү чаппай турат.

— Саясатчылар, олигархтар мезгил талабына ылайык аракеттенүү керек экенин сезишпейби же сезгилери келбей жатабы?

– Бүгүн мезгил мамлекеттен жана коомдон күчтүү саясатчы эркектерди, аялдарды, экономисттерди, юристтерди, менеджерлерди интеллекти өтө жогору адамдарды талап кылып жатат. Турмуштук реалдуулукта булардын парламентке, өкмөткө келишине жол жабык. Саясий партиялар кландык, регионалдык негизде. Президент С. Жээнбеков парламентке «Саясий партиялар» жөнүндөгү мыйзамдарды өзгөртүп, идеологиялык партияларга басым жасагыла деп өтүнгөнүнө канча болду. Босогону 7%га түшүрсө туура деп билдирди. Президент С. Жээнбеков парламентке даңгыраган жол ачып берди. Эми кезек парламентте. Эгер парламент ушул маселелерди оң чечсе, С. Жээнбеков Кыргызстандын тарыхынын жаңы баракчасын ачкан президент болуп тарыхта калат. Кыргызстан дүйнөлүк аренада дагы бир жолу реформатор өлкө катары өзүнүн позициясын кыйлага бекемдеп алмак. Парламент саясий партиялар олигархтардан көз карандысыз болушун камсыз кылган, ЖКга олигархтардын келишине айрым бөгөттөрдү койгон мыйзамдарды кабыл алышы керек. Мисалы, олигарх саясий партиянын учредители боло албайт, ал бир эле жолу парламентке депутат боло алат дегендей нормалар кириши шарт. Мындан башка, аялдардын квоталары 15%га кайра түшүрүлүшү зарыл да, башка жаштар, улуттук азчылыктар деген квоталардын баары алынып салынышы керек. Бирок, интеллигенция өкүлдөрүнө 30% квота берилиш керек. Бул топко аялдар да, жаштар да, башка улуттун өкүлдө рү да киргизилсе жакшы болмок. Мына ушундай мыйзамдар кабыл алынышы бүгүнкү күндүн талабы. Эгер парламент бул маселелерди эртерээк чечип койсо, Президент С. Жээнбеков 7-апрелде элдин алдына барып сүйлөгөндө.анын жүзү жарык болмок. Биз өзгөрүүлөргө бет алдык деп үлкөн билдирүүлөрдү жасоосуна жол ачылмак деп ойлойм. Бүгүн саясий элита, Кыргызстанга чоң өзгөрүүлөргө баруу мезгил талабы экенин түшүнүшү керек.

— Эгер саясий өзгөрүүлөр болбой калса, анда кандай болот?

– Анда мурдагыдай эле жашай беребиз. Бирок, бүгүнкү мезгил талап кылып жаткан проблемалар кийинки бийликке, президентке социалдык заказ болуп калып калат. Менимче, биз баары бир эртеби-кечпи идеологиялык партияларга өтөбүз. Балким, саясатчылардын көпчүлүгү муну каалабай, кландык партиялар менен эле жашайлы, элди кокту-колотко бөлүп, мамлекетти тоной берсе болот деп жатышы мүмкүн. Бирок, акыры эл тажаганда аргасыз идеологиялык партияларга өтүүгө аргасыз болобуз.

— Идеологиялык партиялардын кандай артыкчылыгы бар?

– Кландык, регионалдык партияларда лидерлер өзүнүн регионунда эле көп добуш ала алат да. Ал эми идеологиялык партияларда жалпы өлкө боюнча бир калыпта шайлоочулары болот. Акча аз сарпталат. Лидер, коктуколоттун эмес, жалпы улуттук лидер болуп таанылат. Мисалы, бүгүн деле сурамжылоолор КСДП менен «Ата-Мекенди» алдыңкы катарда көрсөтүп жатат. Себеби, жалпы республикалык сурамжылоолордо кландык жана регионалдык партиялардын электораты жок. Булар акчанын күчү менен шайлоолорду утуп алып, депутат болуп жатышат. Мына, Атамбаевдин клон партияларын алалы, «Өнүгүү», «Кыргызстан» акчанын күчү менен эле мандат алып калышты да. Атамбаевдин кнопка баскыч партиялары болуп берди. Акыр аягында анын өзүн кылмышкер деп, өзүлөрү Атамбаевдин кылмыш кылганын байкабай калыптырбыз деп аппак болуп кайрадан шайлоого баратышат. Бул бүгүнкү кыргыз саясатчыларынын жүзү, натурасы.

– Сиз жаңы келген партиялар деле ойт берип кетет деп ойлойсузбу?

– Албетте, баары сатат. Булар эптеп мандат алууну көздөп жатышат. Мандат алгандан кийин саясий абалга карап аракеттенип калышат. Ө. Бабанов кандидаттарды балдарына каргантып ант бердиртип, аны видеого тарттырып жатпады беле. Кана эми алар? Клон партияларды толтуруп, парламенттин көзөмөл пакетине ээ болдум, түбөлүк бийлик жүргүзөм деп кудуңдаган Атамбаев эмне болду? Ошондуктан парламент С. Жээнбековдун өтүнүчүн тезирээк аткарып, идеологиялык партияларга басым жасаган нормаларды киргизип койсо, булардын өзүлөрүнө деле жакшы болмок да. Биз эми өлкөнү, элди туура жолго салууга аракет кылабыз деп чыгышкандарына да шарт түзүлмөк. Беш жыл кнопка басып, кылмышкерди колдоп жүрө бериптирбиз, жаңылыппыз дегенге караганда, жаңы кадамдарга барып жатабыз дегендери алда канча жогорутурмак.

– А. Шыкмаматов жакында С. Жээнбеков «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана КЛДП партияларын түзүп, шайлоого катыштырып жатат дегендей билдирүү жасап сынга алды. Буга эмне дей аласыз?

– ММКларда бул партияларды бийликчил деп жазып жатышат. «Биримдик» менен «Кыргызстан» бийликтики, ал эми «Мекеним Кыргызстан» менен КЛДПны Р. Матраимов менен байланыштырып жатат. Мына ошого карата коомчулукта бийликтин партияларынын «Кыргызстандан» башкасынын баары түштүктүк партиялар экен деген сөз тароодо. Эгер булар өтүп кетсе, парламент түштүктүк партиялардан куралат экен деген сөздөрдү таратып жатышат. Менимче, С. Жээнбековго мунун кереги жок, өзгөрүү-болот деп ойлойм. С. Жээнбековду Р. Матраимов же башка бирөө коргоп кала албайт да. Кландык же регионалдык партиялар президентти эч качан коргобойт. Алар кландык кызыкчылык менен аракеттенишет. С. Жээнбековду биринчи кезекте өзүнүн элине болгон ак эмгеги коргоп калат. Мына, алыс барбай эле И. Раззаковду алалы. Кызматтан алганда жанына басып баргандан коркушуп Москвага эч ким жөнөтпөй, жалгыз учуп кеткен. Бирок, И. Раззаков түбөлүк кыргыз элинин эсинде калып олтурат.

– С. Жээнбеков өзүнүн партиясын шайлоого алып чыкса кандай болмок?

– Менимче, бул эң мыкты вариант болмок. Мисалы, С. Жээнбековдун агрардык тармакты, аймактарды колдоо идеясы колго алынып, ишке ашып жатат. Илгери Э. Исаков деген экс-депуттын Агрардык партиясы болгон. Ошол партияга президент С. Жээнбековдун саясатын колдойм дегендердин баары биригип, шайлоого аттанса жакшы эле болмок.

– Кыргызстанда бүгүн баарын Р. Матраимов чечип жатат деп жатышпайбы? Балким, баары Р. Матраимовдун каалоосуна жараша болуп жаткан чыгаар?

– Бул сөздүн да чындыгы бар. Матраимов Президенттин саясатын колдосо, өзү биринчилерден болуп реформага жол баштаса болмок. Бирок, бул жерде Р. Матраимов эле эмес, саясий элитанын баары өзгөрүү керек экенин туюшу керек.

– Бул үчүн атайы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн кереги барбы?

– Бул айласыздык. Себеби, партиянын лидерлери партиясын кландык же регионалдык негизде түзүп алышкан. Булар андан баш тарткысы келбей жатат. Бирок, мыйзамды жана өз элин сыйлаган өлкөдө мамлекеттик саясат жүрүшү керек. 30 жылдан бери кландык, регионалдык саясат менен элди алдап келдик. Ошондуктан, бул иште да мамлекеттик саясат жүрүшү шарт. Жеке кызыкчылыктан мамлекеттик кызыкчылык жогорутурушу керек.

– Сиз жогорудагы төрт партия парламенттик шайлоолорду утуп келет деп ишенесизби?

– Шайлоолорду утуп чыгуу өтө эле кыйын. Мисалы, босого 7% болуп калган күндө деле, саясий партияларга толгон-токой кыйынчылыктар кездешет. Ошол эле аялдардын квотасынын 30%га көтөрүлүшү. Аялдар акча бербейт, добушту да баары эле алып келе алышпайт. Демек, олигархтар талап кылынат. Бардык эле партиялар олигархтарды тарта алышпайт. Олигархтар бийликке жакын гана партияларга барышат. Ошондуктан, биринчиден бул жол көпчүлүк партиялардын шайлоолорго катыша албай калышына көмөкчү болот. Ал эми катышкан бөлүгү нааразычылыктарын айтып чыгат. Экинчиден, бул жол бийликчил эмес саясатчылардын биригишине алып келиши мүмкүн. Башкача айтканда.тирешүү курчуйт. Жогорудагы тоскоолдуктарды эске алганда деле жогорудагы аталган төрт партиянын эң күчтүүсү 25-30 добуштан көп ала албайт. Көпчүлүк партиялар 20 мандатка чейин алышы мүмкүн. Ошого парламентке 7 партия өтсө керек, эгер добуш сатып алуу күч болуп кетпесе.

– КСДП партиясы шайлоого катышаарын билдирип жатат, ута алабы?

– КСДПнын жер-жерлерде ячейкалары көп. Булар саясий кеңешти өзгөртүп, партияга жаңы дем бүркүп барса болот. Мисалы, КСДП партиясы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү алгачкы саясий партия катары таанымал «Социал Туран» партиясынын мураскери деген ураанды алып барса туура болчудай. Балким, 7-апрелге карата чоң өзгөрүүлөр болуп калат. 7-апрелге карата КСДПнын ЖК фракциясы менен демилге көтөрүп, биригүүгө жол таштап калабы деп турам. Булардын мурдагы кожоюну бир эмес, бир нече кылмыштарга шектелип камалып жатат. ЖКдагы фракция өзү да буга макул болуп, добуш берген. Булар тазаланууга салым кошушту. Ошого биригүүнү баштап, мурда кысымга алынып, мажбурлап чыгарылган А. Жээнбеков, И. Матраимовдорду да чакырышып, мурдагысындай бир чоң күч түзүшсө жакшы болмок. Булардын жер-жерлердеги ячейкалары да ушуну күтүп жатышат. КСДПнын майдаланып, чачырап кетишинен эч ким утпайт, тескерисинче булар биригишинен эл, коомчулук утат. Балким, С. Жээнбеков бул ишти өзү демилгелейт. Көпчүлүк С. Жээнбековду бөлүп-жарып, чачыраткан лидер катары эмес тескерисинче чачылганды жыйнаган, ачты тойгузган, кемди байыткан, байлыгыбызды арттырган лидер катары элдин эсинде калсын деп жатат да. Бардыгын эле жээрий бербей, И. Раззаковдой кылып бирөөнү көтөрүшүбүз керек.

– С. Жээнбековдун аткарылбай жаткан миссиясы барбы?

– Бар. Мен бул тууралуу С. Жээнбеков бийликке жаңы келгенде жаздым эле. С. Жээнбеков Кыргызстанды Араб дүйнөсү менен ала түшүп, алар менен тең ата болуп иштешүүнү жолго коюшу керек. Атамбаев ушул жагынан күчөп кетпесин деп чоочуркап, элчи Ж. Шариповду бийликтен кетээринде Украинага жылдырып салган. Бул да тактика болгон. Бирок, кыргыз элине Жээнбековдордун ушул багыттагы потенциалын колдонуш керек деп ойлойм. Мына карагылачы, Мирзиёев арабдар менен кандай иштеп жатат. Арабдардын акчасын ким гана албайт бүгүн. АКШ да арабдардын акчасына көз каранды.

Темирлан Токтоболотов

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *