Табылды Акеров, саясат таануучу: “Бүгүнкү бийлик Атамбаевге өтө эле жумшак мамиле кылып жатат!”

– Сооронбай Жээнбеков: мен бир ууч топтун эмес, элимдин кызыкчылыгын коргойм” – деди. Президент бул сөздү кайсы топко жана кимге айтты?

– Атамбаев жана анын тегерегинин планы боюнча С.Жээнбеков президент болгондон кийин, өлкөнү алар дагы деле резиденцияга жатып алып башкара бермек. Муну жакында эле Атамбаев менен Москвага чогуу учуп барып келген бир коштоочусу байкабай тастыктап айтып албадыбы. Бирок, булар каалагандай болбой калды. С.Жээнбеков өз жолу менен кетти. Өзүнүн кызматка киришкенден алгачкы күндөрү эле С.Жээнбеков: “Мен бир ууч топтун эмес, элдин кызыкчылыгында, элге кымат кылам”- деп билдирген. “Бул менин шайлоодогу элге берген убадам”- деген. Кечээ Панфилов районуна барып, эл менен жолукканда да ошол убадасына бек тураарын дагы бир жолу билдирди. Чынында да президент эч кимге тартпай, эл үчүн ак кызмат кылган, саясатта өтө чоң арбитр болушу керек. Ошон үчүн президент өзүнүн позициясын өтө так жана туура белгиледи деп ойлойм.

– Атамбаев маселесин Путин менен чечип алып, президент Жээнбековго байланыштуу компромисске келди деп ишенсек болобу?

– Атамбаев Путин меңен 15 мүнөт эле жолукканын айтып жатышат. Мейли 30 мүнөт болсун. Бирок, Бишкектен бери жол тартып барган досун Путин 15 же 30 мүнөт кабыл албаса керек эле. Анан калса, Путин жолугушуудан кийин дароо прессага чыкты. Ошондо Путиндин өтө эле тынчы кетип турганы көрүнүп турду. Путин аны менен сүйлөшкөн адамдан таза үмүтүн үзгөндөй көрүнүп турду. Ал анын кайсы бир аракеттерин таптаза күтпөгөндөй көрүнүп, эптеп өзүнөн алыстатып, аны биротоло тынчытуу керек экенин түшүнгөндөй түр калтырды. Муну мен көпчүлүк кыргызстандыктардын Путиндин ошол маалдагы абалын баамдагандыгын уккандыгымдан улам айтып жатам. Жеке өзүм, Атамбаев Путинге күтүлбөгөндөй бир нерсени балп этип алгандай сездим.

– Мисалы?

– Мисалы, “Владимир Владимирович, мага жардам бериңиз, ишениңиз мени колдоп эле берсеңиз, мен 2 саатта Кыргызстанда революция кылып салам. Булардын ташын талкан кылып салам да, кайра бийликке келем”- дегендей бир нерсе “балп” эттирип салгандай сезилди. Чынында эле ошол кезде Путин өзү менен сүйлөшкөн адамдан таптаза түңүлгөндөй көрүнүп жатты. Ал прессага өзү жалгыз чыкты. Чынында Путин Атамбаев менен чыгыш керек эле. “Биз эки дос ар түркүн проблемаларды сүйлөштүк”- дегендей пресс-конференция берилмек. Тескерисинче, Путин прессага жалгыз чыгып, Атамбаев менен жолукканын учкай айтып, анан Кыргызстандын элине, анын саясий элитасына кайрылып, коомчулуктун баарын “аракеттеги президент С.Жээнбековдун тегерегине бириккиле, кыргызстан эки революцияны башынан өткөрдү, эми жетет, ушуну менен токтотуш керек”- дегендей, бир эсептен өтүнүчүн, экинчи жагынан, каалоо-тилектерин билдирди. Путин өтө азаматтык менен билдирүү жасады. Ал Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө, кыргыз элинин эркиндигине кымындай да шек келтирбегидей кылып билдирүү жасады.

– Атамбаев эмнени сурашы мүмкүн эле?

– “Мени куугунтук кылып жатышат, Жээнбековду токтотуп бер, мага тийишкенин койсун”- деп, аны кыжалатка салышы мүмкүн болчу. Бирок, аны кандай негизде айтты, маселенин баары ошондо да. Айтор, Путин эл аралык мамилелерди эске албай, эрежелерден чыгып, чектен чыга турган бир өтүнүчтөрдү айтып алгандай көрүнөт. Мисалы, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө, кыргыз элине, аракеттеги президенттин урматына шек келтире тургандай бир нерселерди балп эттирип алып, Путиндин ишеничинен чыгып, алгандай көрүнөт.

– Путин менен жолугуу азыркы президентке пайда болдубу же Атамбаевге утуш алып келдиби?

– Кыязы, Путин Атамбаевдин бүгүнкү абалын, жалпы КМШ өлкөлөрүндөгү революция кылгысы келип, өлкөнү жана коомчулукту чайкап жиберүүгө далаалат кылып жүргөн саясатчыларга үлгү болсун үчүн колдонду го деп ойлом. “Мына Кыргызстанга эки жолу революция кылган адамдын абалы момундай, билип алгыла”- дегендей кылып, аны 15 мүнөт кабыл алып, анан эшиктен ары узатып койду көрүнөт. Башкача айтканда, Атамбаевдин кайра-кайра кайрылуусун, Москвада таптакыр башка максатта пайдаланып койду. Ошондуктан, Атамбаев Москвадан “нөл” болуп кайтты. Тагыраагы, анын эч натыйжасыз бул аракеттери С.Жээнбековдун пайдасына тариза ташын оодарып таштады. Президент С.Жээнбеков бул маселеге эч көңүл бурбай өз иши, кызматы менен алек. Атамбаев чыйпычылыктап, Москвага чейин даттанып барып келип эле, өз позициясын жоготуп жатат. Бул эмненин белгиси. Бул Атамбаевдин доору жана ал минген поезддин эбак эле Кыргызстан деген станциядан өтүп кеткендигинин белгиси.

– Айрым серепчилер айткандай, Путиндин ортомчулугу аркасында азыркы жана мурунку президент чындап тил табышып алган болсо, анда неге Карамушкина:“Раим Матраимовдун декларациясы текшерилсин жана анын туугандары кызматтан кетсин. Ошондо гана элдешүү болот”- деген билдирүү жазды?

– Атамбаев өзү менен өзү кармашып жатып, ЖКнын ачуусуна тийип алып, акыры экс-президенттик статусунан айрылды. “Элдешүү болбойт” деп Атамбев тарап өздөрү айтты го. С.Жээнбеков Атамбаевге бир да жолу өйдө карап сүйлөгөн жок. Өз кызматы менен эле алек. Кечээ Панфилов районуна барып, эл менен жолукканда биринчи жолу “бардыгы мыйзамдын негизинде болот”- деп билдирди. Башкача айтканда, азыр Атамбаев ЖК менен чабышып алып, эмне калаар айласын таппай жатат. Атамбаевдин “Раим-миллионго” тийишкенинен да, анын пайдасына бир тыйынчалык да пайда түшкөн жок. Атамбаев “Раим-миллионго” тийишип алып, өзүн мультидолларовый контрабандист экенин ачыктап алды. Атамбаев Кыргызстандагы эң биринчи контрабандист экендиги белгилүү болуп калды. Себеби, Кыргызстандан миллиондогон долларларды чыгарып жаткан жаш уйгур жигиттери жана алардын компаниялары Атамбаевдин достору жана компаньендорунуку болуп чыкты. Ошондуктан, Атамбаев бүгүн оюндан толук бойдон чыкты. Анын жанында ким жүрсө да, ал таза болсо да, Атамбаевдин миллиондорду чыгарган контробандисттери менен байланышы бар адам, саясатчы катары кабалданып калышы мүмкүн болуп калды.

– “Атамбаев-Жээнбеков” маселеси мындан ары курчуйбу же Атамбаев КСДПны шайлоого катыштыруу менен алек болуп калабы?

– Атамбаевдин бүгүн бир гана жолу бар. Ал тергөөгө өзү барып, суроолорго жооп бериши керек. Ар кандай шылтоо таба бергенден пайда таппайт. Бир нерсе болуп кетсе, Атамбаевдин абалы мындан да оорлоп кетет. Кодуранова жетектеген КСДП партиясы шайлоого бара албайт. Шайлоого барса, утулат. Себеби, өтө чулгандуу иштерге аралашып калды. Жаманатты болуп калды. КСДПнын тизмесине чоң бизнесмендер барбайт. Акча жагы кыйын болот. Атамбаев өзү шайлоолорго барбагандан кийин, партияны каржылабайт. Атамбаевдин тегерегиндеги башкалар да акча берип, тизмеге кирбейт. Булардын баары Атамбаевди “өмүр бою өлкөнү башкарат”- деп, акчаларын адалдашкан эмес. Азыр эл арасында кимдин канча акчасы бар экенидиги тууралуу ар кандай сөздөр жүрөт. Алар Атамбаевге кызматка киргенче, эч нерсеси жок болгон да. Анан азыр парламентке барам деп чыгынса эле, акчасынын адалдыгын далидеш керек болуп калат. Ошон үчүн булар да тобокелге салып, тизмеге киргизбейт. Коррупция менен шектелип жаткан партияга жаштар деле бара койбос. Учурунда Атамбаев жана анын аппараты ЖКдагы партияларды бөлүп-жарып, лидерлерин алсыздантып, фракциянын ичиндеги ыркты бузуп, кылбаганды кылды эле. Мына кудай бар экен. Бүгүн Атамбаевдин партиясы тыптыйпыл болуп талкаланып калды. Анын көпчүлүк бөлүгү Абдрахмановдун тегерегине биригип алып, Атамбаевге баш ийбей жатат. Мунун баарын Атамбаев жана анын аппараты өздөрү үйрөтүшкөн өлкөнүн бардык саясатчыларына. Эми бүгүн “өзүнүн кылган иш, өз башына муш болуп жатат”.

– Атамбаевди камоого азыркы бийликтин күчү, духу жетпейби?

– Кыргызстанда бийликти “алсыз” деген адам жаңылышат. Бийликтин күчүнө өзгөчө Атамбаевдин учурундагы наадандыктардан улам баарыбыз күбө болдук. Атамбаевге өтө эле көп урмат-сый көрсөтүлүп жатат. “Атамбаевдин өзү мыйзамга ылайык тергөөчүгө келет” деген үмүт болуп жатат. Себеби, али Атамбаевди эч ким күнөөлүү деп айта элек да. Аны күбө катары чакырып жатышат. Атамбаев да акырындык менен түшүнүп келаткандай. Акыры мыйзамга баш ийет десем болот. Бүгүн Атамбаевдин экс-президенттик статусу күмөндүү. Себеби, ЖК өзүнүн чечими менен аны экс-президенттик статустан ажыратып, аны беш иш боюнча суралсын деп чечим чыгарып койду. Ошон үчүн Атамбаев тергөөгө барып, көрсөтмө берип, өзүнүн экс-президенттик статусун кайрадан бекемдеп алуусу керек.

– Бийлик Атамбаевге өтө эле жумшак мамиле кылып жаткандай. Бирок, тарыхта лидерлер өтө татаал абалга кабылган учурлар болду беле?

– Румыниянын президенти Н.Чаушески 2 аскердик трибунал менен соттолгон. Бир канча саат суракка алышып, анан дароо ошол имараттын алдына алып чыгышып, аялы экөөнү тең атып салышкан. Кыргызстанга келсек, Бакиевдин учурунда 6-апрелден 7-апрелге караган түнү оппозиция лидерлеринин баарын камакка алышкан. Атамбаевдин үйүнө да барып, аны кармоо учурунда, кантип жандалбастап жатканын баарыбыз көргөнбүз. Атамбаев ошондо жалдырап, “аялымды, балдарымды алыс чыгарып алайын, анан алып кете бергиле”- деп жалдырабады беле. Ошондо Бакиевдер оппозиция лидерлерин толук камап, булардан биротоло кутулуп, жыргап жашайлы дешкен. Экинчи мисал катары, Атамбаев “Элдик парламент” бирикмесинин мүчөлөрүн камаган окуяны келтирсак болот. Мында Атамбаевдин тегереги Турцияда аный досу Эрдоган 100дөн ашык оппозиция мүчөлөрүн төңкөрүш жасаган жаткан деген шылтоо менен камагандай, кыргыз бийлиги да 100 саясатчыны камап, оппозициядан биротоло кутулуп, элди коркутуп алып, тынч бийлик жүргүзө берели деп ойлошкон. Бирок, пландары ишке ашпай калган. Себеби, булар “бийлик бөлүштүрдү” деген тизмени таппай коюшкан. Атамбаев деле Бакиев кылган кылыктарды кылып, өзүнө каршы оппозицияны жок кылуунун аракетин көрдү. Талгарбековдордон чоочулаган менен аларды эл деле ээрчип кете элек болчу. Ошондуктан, Атамбаевдин бийлиги да өтө катуу күч колдонуу жагынан, башкаларды ашып түшө алган. Бүгүн болсо бийлик Атамбаевге өтө эле жумшак мамиле кылып жатат. Мыйзамды сыйлап, өзү келип жооп берсин десе, Атамбаев болсо, “конституцияңды да урдум, мыйзамыңды да урдум, мен Кой-Таш Республикасын куруп алдым. Ал жакта мыйзам жок”- деп коюп, Максим Бакиевден мураска калган жердеги үйүндө күн сайын мал союп, жума сайын аялы менен вальс бийлип жатат.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *