Табылды Акеров, тарых илимдеринин кандидаты: “Чыңгыз Айтматов Осмоновго Е. Пирмаков Ю. Абдрахмановдун баласы деп айткан экен”

– Табылды мырза, 7-ноябрды дайыма майрам катары белгилеп келдик. Бирок, СССРдин кулаганына 30 жылдай болуп калды. Кыргызстан бүгүн эгемендүү өлкө. 7-ноябрь майрамы эмнеси менен белгилүү жана кайсы окуялар менен байланыштырсак болот?

– Эң биринчи кезекте 1918-жылкы октябрь социалисттик революциясы кыргыздарга улуттук мамлекеттүүлүгүн түптөөгө жол ачкан. Бирок, бул ошол кездеги кыргыз интеллигенциясы үчүн оңойго турган эмес. Ошол мезгилде, казак туугандар 1917-жылкы февраль революциясынан кийин эле ак падыша кулаары менен өз улуттук мамлекеттүүлүгүн куруп алышкан. Ал 1925-жылга чейин Кыргыз Республикасы деген атта болгон. Өзбектер, түркмөндөр өз мамлекеттүүлүгүн тигишет. Бизде А. Сыдыков биринчилерден болуп «Тоолуу областысын куруу» идеясын көтөрүп чыккан. Аны И. Арабаев, Ю. Абдрахмановдор колдогон. Албетте, бул адамдар Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөп, кан-жандарын аябай күрөшүп келишти. Каргашалуу 1933 – 37-жылдары булар репрессияланды. А. Сыдыков, И. Арабаев, Ю. Абдрахмановдордун 1921-22-жылдары «Тоолуу областты» түзүү аракеттери ишке ашпай калат. Тескерисинче, бул идеянын демилгечилери А. Сыдыков баш болуп куугунтукталып, партиядан чыгарылып салынган. Бирок, бул маселе 1924-жылы кайра көтөрүлөт. Кыргыз интеллигенциясы чогулуп Сталинге кат жазышат. Бул кат кыргыз тарыхына «30чулар каты» деген ат менен кирген. Анда кат менен кайрылгандар Сталинге өз мүдөөлөрүн түз айтуудан кооптонушуп, кыйытып билдиришкен. Катта Орто Азияда казак, өзбек, түркмөндөр менен катар эле кыргыз деген эл жашаарын, кыргыздардын өз тарыхы, маданияты, тили бар экендигин айтышат. Ушуга байланыштуу Сталинге 3 мелесени чечип берүү өтүнүчү менен кайрылышат:

1. Кыргыздар да башка элдер сыяктуу эле орто мектепте балдарын өз эне тилинде окуткулары келээрин жана аны камсыз кылууну;

2. Сот процесстери кыргыз тилинде жүрүшүн кааларын жана аны камсыз кылууну;

3. Мамлекеттик кызматка кыргыз өкүлдөрүн да тартууну камсыз кылып берүүнү;

Катка 30 киши кол коёт. Сталин кат менен таанышкандан кийин, бул маселе ар бир эл өз мамлекеттүүлүгүн алмайынча чечилбей тургандыгына ынанат. Ошентип, СССР элдери өз улуттук мамлекеттүүлүгүн курууга мүмкүнчүлүк алышат. 1924-жылы Кара Кыргыз советтик социалисттик областы курулат. Менимче, «30чулар» көтөргөн маселелер бүгүн дагы актуалдуу. Себеби, бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстанда кыргыз тилинин маселеси толук кандуу чечиле элек.

Илгери И. Раззаковдун учурунда кыргыз тилине өтө катуу көңүл бурулганын айтышат. Бирок, Т. Усубалиевдин учурунда тескерисинче, Москванын көзөмөлүнөн улам, кыргыз тили экинчи планга жылып, орус тилине көп көңүл бурула баштаган. СССР тарыхында борбор калаабыз Фрунзеде (Бишкекте) бир эле кыргыз мектеби болгон. СССР учурунда Фрунзеде кыргыздар 17% түзгөн. Алардын балдарынын баары орус мектептерге барып, көпчүлүгү ассимиляцияга дуушар болушкан. 1989-жылы Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик тил макамына ээ болгон. Көп өтпөй Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө чыкты. Бүгүн эгемендүүлүк алганыбызга 30 жыл толуп олтурат. Бирок, «30чулардын» катындагы өтүнүчтөр, алар көтөргөн проблемалар али чечилбей келет.

Алсак, эгемен мамлекет болуп туруп, биз бүгүн Бишкекте орто мектептерде кыргыз класстарын ачтыра албай убарабыз. Сот процесстери орус тилинде өтөт, чечимдер да орус тилинде чыгат. Мамлекеттик структуралар, өкмөт, министрликтер, ведомстволор, Бишкек шаары, Чүй областынын иш кагаздары мамлекеттик тилге өтө элек.

Жогоруда келтирилген мисалдардан эле кыргыздардын улуттук мамлекеттүүлүккө болгон мамилесин билсек болот. СССР учурунда биз дайыма бул маселелер боюнча Москваны күнөөлөп келгенбиз. Бүгүн деле Москваны карап турабыз. Кыргызстанда азыноолак таанымал саясатчыдан баштап, ырчыга чейин Москваны карап көнгөнбүз. Ал эми башкалар Москвасыз эле АКШ, Кытайды, керек болсо Орусиянын өзүн багындырып келишет. Казак ырчысы Димаштын ырларын туура түшүнүш үчүн чет элдиктер казак тилин үйрөнүп, казакча ырдап жатышат. Биз болсо Кремлге концерт бергенибизди айтып бүтө албай жатабыз. Кыргыздар өтө эле кызыкпыз. 10-15 млн күрд эли, 15 млн уйгур эли улуттук мамлекеттүүлүгүн кура албай, балдарын өз эне тилинде окута албай, согушуп келишет. Биз болсо, уруулук түшүнүк менен жашап6 балдарыбызды орус мектептерге берип, мамлекеттик деңгээлде ассимиляция кылып жатабыз. Кээде таң калам, чек арада чыр чыкса, кыргыз жери кетип жатат деп чыркырап калабыз. Бирок, өз балдарыбызды орусча окутуп, мамлекеттик деңгээлде ассимиляция кылып жатканыбыз менен ишибиз жок. Ассимиляция болгон балдарга Кыргыз мамлекетинин эмне кереги бар? Учурунда келечек муун үчүн Кыргыз мамлекетин куруу аракетинде Сталинге кат жазган А. Сыдыков, И. Арабаев, Ю. Абдрахмановдор жана «30чулар» адашышканбы деген ой келбей койбойт.

– Коррупция менен күрөш катуу жүрүп жатат. Бирок, буга дагы кандай жаңы саамалыкты айтсак болот?

– Менимче, биз коррупцияны түп тамырынан бери жок кылабыз десек, анда жалпы эл буга салым кошушу зарыл. Мурда коррупциялык схемалар, ар түрдүү жолдор менен талап-тоноп алгандар, мамлекеттик жана элдик мүлктү өз ыктыяры менен кайра өткөрүп бериши керек. Бул коррупционерлер үчүн өтө чоң сокку болуп калат. Мындан кийин ар бир адам мыйзамсыз иштерге баргандан мурун ойлонуп иш кылып калмак. Ошентип ар бир нерсеге жаңыча көз карашта кароого мүмкүнчүлүк алабыз. Талап-тоноо психологиясынан арылабыз. Мисалы, мэрия «Ата Түрк» паркын кайра калыбына келтирүү боюнча токтом кабыл алып, убагында таланып-тонолуп кеткен бүтүндөй жерлерди кайра парктын карамагына өткөрүп алышы керек. Бул парктан кимдер мыйзамсыз жер алса, алар өз ыктыяры менен ал мүлктү кайра мамлекетке өткөрүп берүүгө тийиш. Мына ушундай оңдоо кадамдарга барышыбыз абзел. Ошондо, бул коррупционерлерге каршы чоң сокку болуп, мындан кийин мамлекеттик чиновниктер мындай коррупциялык аракеттерге баруудан анча-мынча болсо да коркуп калат.

– Сиз кыргыз саясатчылары жөнүндө көп окуяларды билсеңиз керек. Ошолордон бирин айтып бербейсизби?

– Азыркылар жөнүндө айтсам, заказдай болуп калат го. Бул маек 7-ноябрь майрамына туш келип жатпайбы. Ошого карата Ю. Абдрахмановдун тегерегинде айтылып жүргөн сырлардын бирине токтоло кетейин. Балким, кимдир бирөөлөр изилдеп, тактап чыгаар.

Мен «Кыргызалтында» иштеген кезде, Курманбек Осмонов деген аксакал менен иштешип калдым. Өзү Москва районунун Ак айылынан эле. Илгери ЦКда инструктор болуп иштептир. Анан Горбачевдун мезгилинде белгилүү орус саясатчысы Е. Примаков ошол Москва районунан СССР Жогорку Кеңешине депутаттыкка кандидатурасын коё турган болуп, бул жакка жиберилиптир. Аны Чыңгыз Айтматов алып келиптир. К. Осмоновго бир кой союп, конокторду Нарзан суусунда тоскула деген тапшырма берилиптир, кой союп, дасторкон салып алып, конокторду тосуп жаттык дейт. Бирок, ошол жердеги кыргыз балдар башка кыргыз табылбай калгансып, эмнеге Е. Пирмаков Кыргызстандан коюп жатат деп ичтери чыкпай, кыжаалат болушат. Бир маалда Ч. Айтматов бери бөлүнүп чыгып калыптыр.

К. Осмоновду көрүп, сүйлөшө кетет. Тиги да сөз келгенде, Чыңгыз Айтматовго «балдар кыжаалат болуп жатат. Примаков эмес эле, башка эле кыргызды алып чыкпайт белек» деп жатышат дептир. Чыңгыз Айтматов ошол замат ага: «силер адашасыңар. Бул өзүбүздүн бала. Ю. Абдрахмановдун баласы» деп айтат экен. Сиз Брикти билесиз да, экөөнүн мамилеси жакшы болгонун билесиз да. Ошол Бриктин баласы деген экен. К. Осмонов ишенип, ишенбей, анан Т. Айтматов да, Ю. Абдрахманов да репрессияланган. Демек, буларга ата, апаларынын достору айтып, табыштырып коюшкан го деген ойго келиптир.

Албетте, тарыхчы болгондон кийин, мен Ю. Абдрахманов менен Бриктин таанышкан жылын карап көрдүм. Бир кабарда Абдрахманов менен Брикти Троцкий деп таанылып, Москвадан Фрунзеге куулуп келген М. Натанцон тааныштырган. Ал 1928-жылы күзгө жакын кайрадан Ленинградга кайтууга уруксат алып, кайтып кеткен. Абдрахманов Москвага командировкага барып калганда, Натанцон да келип, экөө жолугуп турчу экен. Ошол кездешүүлөрдүн биринде Натанцон Абдрахмановду Маяковский жана Л. Брик менен тааныштырган деп айтышат. Бир кабарда 1929-жылы акын Б. Кушнер, Ю. Абдрахманов Москвага командировкага келгенде, Маяковскийдин үйүнө алып барган. Экөө ошондо таанышышкан. 1929-жылы июнь айынын аягында экөө бир канча күн Ленинград жана Павловск шаарларында чогуу болушат.

Е. Примаков болсо, 1929-жылы 29-октябрда жарык дүйнөгө келиптир. Маяковский 1930-жылы каза болот. Ал эми Л. Брик ал өлгөндөн кийин, 1930-жылы аскер адамы В. Примаковго турмушка чыгат. Айрымдар буларды мурда тааныш болгон дешет. В. Примаков менен Л. Брик мурда эле тааныш болушкан. Аларды да Натанцон бир аз мурдараак тааныштырган. Бирок, Примаков Афганистанда, сыртта иштеген. Ал Маяковскийдин өлгөндүгү тууралуу маалыматты Токиодо жүрүп угат.

Кыязы, Абдрахманов менен Брикти Натанцон тааныштырган өңдүү. Себеби, Натанцон Маяковскийди жакшы тааныган. Анан калса, Натанцон Абдрахмановду 1928-жылы эле тааныштырышы мүмкүн экени анык болуп жатат. Мына ушундай кызыктуу окуялар өткөндүгү маалым болуп жатат.

Маектешкен Т. Токтоболотов

Булак: “Жаңы Ордо”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *