Табылды Акеров, тарых илимдеринин кандидаты: “Кыргыздар жана кыргызстандыктар кыргызча сүйлөшөлү”

2019-жылдын 23-сентябрында Президент С. Жээнбеков мамлекеттик тил майрамына арналган салтанатта олуттуу билдирүү жасап, кыргыз тилинин өлкөдөгү абалына, анын статусуна, мындан ары өсүп-өнүгүшүнө өзгөчө маани берип, бул багытта абалды өзгөртүү үчүн жапатырмак аракеттенүү керек экендигин белгилеген. Ал өкмөткө, илим жана билим берүү министрлерине тапшырмаларды берип, жаамы журтту жапатырмак жардам берүүгө үндөдү. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө өлкөдө абал өзгөрөбү, тил маселесинин оош-кыйыштарын талдап, бул жаатта биз кандай аракеттерибиз менен жардам бере алабыз, мына ушул багытта кеп куруу үчүн саясат талдоочу Т. Акеровду кепке тарттык.

— Табылды мырза, 23-сентябрда С. Жээнбеков мамлекеттик тил жөнүндө бир топ олуттуу билдирүүлөрдү жасады эле. Кечээ жакында Казак мамлекет башчысы К. Токаев да казак тили боюнча өзгөчө пикирин билдирип, талапты катуу койду. С. Жээнбековдун билдирүүлөрүнөн кийин Кыргызстанда мамлекеттик тил боюнча абал өзгөрөбү?

— С. Жээнбеков мамлекеттик тил маселесине өз учурунда көңүл бурду. Буга чейинки мамлекетттик жетекчилик Москваны карап, кылчактап келген. Атамбаевдин учурунда бул маселе ККРТ экранынан ары чыкчу эмес. Мунун айынан мамлекеттик тил таптаза унутта калган. Мындай көрүнүш Казакстанда да байкалат. Бирок, Казакстанда Назарбаевдин учурунда деле казак тилине өзгөчө маани берилчү. Ага карабай, бүгүн Казакстанда К. Токаев мамлекеттик тилге өзгөчө маани берип жатат. Казакстанда казактар казак тилинде сүйлөшөлү деген ураан чакырылып жатат.

23-сентябрда Президент С. Жээнбеков өкмөткө, министрликке тапшырмаларды берди. Кудай буюрса, мындан ары бизде да мамлекеттик тилге өзгөчө маани берилет го деген үмүт бар.

— Кыргызстанда мамлекетти, тилди өнүктүрүүгө кандай тоскоолдуктар бар, маселенин оош-кыйыштарына токтоло кетсеңиз?

— Мен мындан бир аз мурда биздин университетте билим алышкан 80ден ашуун түркмөнстандык студентке сабак берип калдым. Арасында орусу да, украини да, грузини да, башкалары да бар болчу. Бирок, алар Түркмөнстанды өздөрүнүн ата мекени катары билишчү. Түркмөнстанды өтө сүйүшөөрүн айтып калышчу. Мен ошондо таң калгам, бизде болсо абал таптаза башка болуп жатпайбы. Мисалы, бизде орус улут өкүлдөрү эле эмес, башка майда улуттар да Кыргызстанды өзүнүн атамекени катары сезишпейт. Алар өзүлөрүнүн эң алгачкы мекени катары Орусияны, Дагестанды, Татарстанды, Башкыртстанды сезишет. Коңшу Тажикстан жана Өзбекстан жөнүндө сөз кылбай эле коелу. Ошондуктан, бизде бул маселе боюнча чоң проблема бар экендигин моюнга алсак болот. Себеби, Кыргызстанда жашап жатып, биздин мекендештер бизди улут катары, өлкөнү мекен катары туйбай жатышы мамлекеттик саясатта өтө чоң жетишпегендиктер бар экендигин көрсөтүп жатат. Демек, кыргыз эли өзүн бирмиңдиктүү толук калыптанып калган улут катары туялбайт.

— Бирок, кыргыз тилине көп эле маани бере берсек, анда орус тилинин маанилүүлүгү түшүп кетет деп, Москва таарынбайбы?

— Жок. Биз улут кызыкчылыгына, улуттук тилге келгенде Москва же башка бир жакты карап олтурбашыбыз керек. Мисалы, АКШ да бул өлкөнүн граждандыгын алаарда, ар бир адам АКШ мамлекетинин тарыхынан экзамен берет. Орусия анын мисалында орус граждандыгын алаарда орус тилинен жана Орусия мамлекетинин тарыхынан экзамен берүү абзел. Ал эмес, биздин мигранттар да орус тилинен экзамен берип жатпайбы. Мына улуттук кызыкчылык ушинтип корголот. Дүйнөнү дүңгүрөтүп жаткан мамлекеттер өз улуттук кызыкчылыктарын коргоп жатат. Орусия бизге эмнеге доомат артмак эле. Биз, Кыргызстан Орусиядагы түрк элдеринин эне тили корголбой жатат деп, Орусияга доомат арткан жокпуз да. Орусияга биз бүгүнкү абалды туура түшүндүрүшүбүз керек. Бүгүн 700 миңден 1 млнго чейин кыргыздар Орусияда миграцияда жүрөт. Булардын кызматтык тили орус тили, ал эми балдары ассимиляциялашкан кыргыздар.

Эгемендүүлүк доорунда Кыргызстанда тышкы миграциянын негизинде орус тили жашоо-турмушубузда өзгөчө мааниге ээ болгонун саясий элита байкаган жок. Биринчиден, эгер Кыргызстандан акыркы 29 жылдын ичинде жүз миңдеген кыргыздар чыгып кеткен болсо, бизде тышкы миграциянын айынан бир млнго жакын ассимиляциялашкан кыргыздар пайда болду. Мигранттар өзүлөрү болбосо да, алардын балдары орусташып кетип жатат. Президент С. Жээнбеков белгилебедиби, ата-энелер өз балдары менен эне тилинде сүйлөшпөй калды деп. Ал муну бекеринен айтып жаткан жок. Буга мисал четинен табылат. Бүгүн үйүңүзгө ремонт кылайын деп, бригада чакырсаңыз, алардын баары тең Орусияга барып келген кыргыздар, баары тең биз менен орусча сүйлөшүп жатышат. Экинчиден, ошол эле учурда тышкы миграция менен өлкөгө келген чет элдиктер – түрктөр, кытайлар, афгандыктар, пакистандыктар, индиялыктар ж. б. өзүлөрү да жана балдары орус тилин үйрөнүп, орус тилин алып жүрүүчү калктын санын көбөйтүп жатышат.

Жогоруда айтылгандын баары буга чейин кыргыз тилине карата кыянаттык кылынып келингенин даана көрсөтүп турат. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү иши кагаз жүзүндө эле калып келди. Анча-мынча саналуу иштер болбосо, жарытылуу иш болгон жок. Мунун себептери:

— Кыргызстанда орусиячыл саясатчылар басымдуулук кылат. Алар, Москва менин улут маселесин көтөрүп жатканымды билип калбасын деп, кыргыз тили маселесин көтөрбөйт. Ага анчейин маани бербейт. ККТРда чыгып мамлекеттик тилди өнүктүрөбүз деп, ураан таштап койгондон башка эч бир аракет көрүлбөйт. Кыргыз тилин өнүктүрөбүз деп катуу чыккандарды, тескерисинче, дежур ММК аркылуу заказдык материалдар менен тебелеп, улутчул деген атка кондурууга аракет кылышат.

— Бийлик кызыкдар болбогондон кийин, саясий элита кыргыз тилинин проблемаларына маани бербейт. Жада калса, кыргыз элинин, улутунун кызыкчылыгын коргойбуз деп түзүлгөн «Асаба», «Атажурт» партиялары да бул проблеманы жеткиликтүү деңгээлде көтөрө алган жок. Булар көпчүлүгүндө саясий интригалар менен алек. Булар үчүн «Кумтөр», «Жер Үй», «Каркыра», чек ара маселелери маанилүү, ал эми тил анчалык маанилүү эмес деп табылып жатты.

— Кыргызстанда реалдуу мамлекеттик тил саясат жүргөн эмес. Ар бир проблема дыкат мамиле кылынып, мониторинг жүргүзүлүп, мамлекеттик тил саясатына өз учурунда өзгөрүүлөр киргизилип турган эмес. Өзгөчө, Бишкек, Ош жана башка чоң шаарлардагы абалды өзгөртүү үчүн тиешелүү иш чараларды жүргүзгөн эмес.

— Жеткиликтүү талап коюлбагандан кийин аткаруу бийлиги тил маселесин маанилүү проблемалардын эсебинен чыгарып салган. Ошого СССР куласа да мурдагы орус мектептери өз статусун сактап калып, кыргыз улан-кыздарын орусча окута берген. Өкмөттүн, министрликтин мектептердин статустарын өзгөртүп коюу ойлоруна да келген эмес.

— Өлкөдө орусиячыл саясатчылар басымдуу кылгандыктан бүгүнкү реалдуулукта дүйнөгө чыгуу үчүн орус тили эмес, англис тили маанилүү экени байкалбай калган. Бийлик жана көзү ачылбаган саясий элита эски стереотипте ойлонуп, жашап келет.

— Ошол эле учурда Өкмөттүк деңгээлде балдарды үч тилде кыргыз, орус, англис тилдеринде окутабыз деген ураандар улам жаңыртылып айтыла берди.

— Кайдыгерликтин негизинде мамлекеттик тилди өнүктүрүп-өстүрүү проблемасы өлкөдө кулач жайган коррупциянын тепсендисинде калган. Коррупция министрликтин деңгээлинде жүргөн. Министрлик китеп чыгаруудан бизнес жасаган. Ал эми мектеп директорлору ата-энелердин фонду, ар кандай акча чогултуулар аркылуу коррупциялык аракеттерге барган.

— Министрлик китеп чыгарууда орусиялык жана башка чет өлкөлүк окумуштуулардын эмгектерине маани берип, ата мекендик окумуштуулардын эмгектери каралбай калган. Бул болсо, атамекендик илимдин өнүгүшүнө, окумуштуулардын деңгээлин көтөрүүгө өз залалын тийгизген.

— Өкмөт кыргыз жана орус мектептериндеги коррупциялык аракеттерди аңдап биле алган эмес. Кыргыз мектептеринде коррупция директорго, мугалимдерге жеке белек, акчалай сыйлык ж. б. у. с. аракеттерди камтыган. Бул болсо, ата-энелердин балдарын орус мектептерге берүүсүн шарттаган.

— Ал эми орус мектептерде коррупциялык аракеттер кыйыр негизде жүргөн. Учурдан пайдаланып орус мектептер орус мектептеринде балдарга жакшы билим берет деген пикир жаратып, ажиотаж кылып, балдарды нормадан ашык кабыл алууга өткөн. Айрым мектептерде 7–8 биринчи классын ачууга жетишишкен. Ар бир класста 50–60 бала окуйт. Мектепке баланын кирүү взносу ошол райондон келген балдар үчүн 15 миң сом, ал эми башка райондон келгендер үчүн ата-энелер 15 миң сомдон 500 долларга чейин берүүгө мажбур болушууда. Класстарды эң мыкты, орточо, жөнөкөй кылып үч топко бөлүп алып, эң мыкты класстар үчүн акчалай ставкаларды коюп алып ата-энелерден акча алууга өтүшкөн. Эң мыкты класстын ставкасы 15 миң сом турат. Мындан башка, ар кандай орусча китептерди, материалдарды сатып акча жасашат, кошумча сабактарды киргизип, алар үчүн да акча алынат.

— Мектеп директорлору мындан башка ата-энелердин фондун түздүрүп, ал жакка да класс жетекчилер аркылуу акча чогултууну уюшутуруп турушат. Мектепти кайтарууга, анын тегерегин тазалоого, ичин жууганга, баасейни болсо, аны кармап турганга, Жаңы жыл, 8-март жана башка майрамдарга деп директор каалаган ар түрдүү иш чараларга акча чогултулуп келет. Айрым мектептерде чогултулган акча эгер мектепте 1500 же 2000дин тегерегинде бала окуса бир нече млнго чейин жетет деген сөз бар.

— Билим берүү тармагы корруциялашып кеткендиктен министр да мектептеги коррупциялык иштерге аралашып калган. Бишкекте мектептин директорунун ордунун ставкасы 10 миң долларды чапчыйт. 10 миң доллар берген адам, каалаган мектепке директор болуп олтура алган.

— Коррупциянын айынан мектептерде кадр маселеси пайда болгон. Айыл жергесинде директорлор предмет боюнча специалист болсо да, аны жумушка албай, коррупциялык негизде фермерлердин аялдарын мугалимдик кызматка алган учурлар болгон.

— Ошол эле учурда жогорку окуу жайын бүткөн адистер иш таппай мигрант болуп же Турциянын, Орусиянын шаарларында оокат кылып калууга мажбур болуп жатат.

— Мектепте абал мышык ыйлай тургандай эле экени анык. Абалды өзгөртүү үчүн эмне кылуу керек?

— Президент С. Жээнбеков өз сөзүндө мамлекеттик тил саясатынын негизги максаты жана багыты кыргыз тилин өлкөдө улуттар аралык тил деңгээлине жеткирүү деп белгиледи. Демек, мамлекеттик тил саясаты ушул максаттарга жетүүчү пландарды, иш аракеттерди жана иш чараларды реализациялоого багытталуусу абзел.

Менимче, биринчи кезекте Бишкек шаарындагы жана башка чоң-чоң шаарлардагы абалды оңдошубуз керек. Бишкек жана Ош шаарлары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн очокторуна айланмайынча өлкөдө кыргыз тили толук кандуу өнүгүп өсөт деп айтуу кыйын. Кыргыз тилин улуттар аралык тил деңгээлине жеткириш үчүн Бишкек жана Ош шаарларынын тургундарын толук бойдон кыргызча сүйлөгөн абалга жеткирүү ылазым. Албетте, бул иште бизге СССРдин мол тажрыйбасын эске алуу да артыкчылык кылбайт.

Бул максатта бир топ иш чараларды аткаруу абзел:

— Өлкө боюнча кыргыздар жана кыргызстандыктар кыргызча сүйлөшөлү деген ураан ташталышы керек.

— Областтык, райондук, шаардык билим берүү башкармачылыктарынын жетекчилери жана кызматкерлери эки тилди билген адистерден болуштары абзел.

— Орто мектептин директору, завучтары эки тилде сүйлөгөн мугалимдерден болуштары шарт.

— Орто мектептин директору, завучтары, мугалимдери эки тилде сүйлөө үчүн аларга эки жыл мөөнөт берүү абзел.

— Бишкек шаарында акырындык менен бала бакчалар кыргыз тилине өтүүгө тийиш.

— Бишкек шаарында мектептерге 5-класска чейин мамлекеттик кыргыз тилинде билим берүү нормасы кириши абзел (буга акырындык менен жетсек болот).

— Бишкек шаарында 5-класстан баштап орус, англис жана башка тилдер киргизилиши тийиш.

— Орто мектептерде 10–11-класста орус тилинин сааттары кыскартылып, кыргыз жана англис тилдерине басым жасалышы абзел

— Орто мектепти бүтүп жатып, мамлекеттик тилден экзамен бериштери абзел.

— Ар бир орто мектепте 1-класска даярдоо курстарын кыргыз жана орус тилинде ачуу абзел.

— Абитуриенттер мамлекеттик тилден экзамен берүүсү талап болушу абзел.

— ЖОЖдордо кыргыз группаларын ачуу абзел.

— ЖОЖдордогу социалдык гуманитардык кафедраларын тарыхчы илимпоз окумуштуулар жетектеши шарт.

— Кыргыз Республикасынын жарандыгын алып жаткан граждандар мамлекеттик тилден жана Кыргызстандын тарыхынан экзамен берүүлөрү абзел.

— Илим жана билим берүү министрлиги мектептерди окуу китептер, окуу куралдары жана материалдар менен камсыз кылууну мойнуна алуусу шарт.

— Илим жана билим министрлиги жана ККТР эң популярдуу деп таанылган мильтфильмдерди англисчеден кыргызчага которуу зарыл.

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *