Табылды Акеров, саясат таанучу: “Президент Алмазбек Атамбаев банкротпу?” кимдер кыргыз ажосун түрк атайы кызматтарынын агенти кылып, жипсиз байлап алгысы келет…

Кыргызстанда 3-чү революциянын болуп кетиши тышкы күчтөрдүн таасирине байланыштуу экенин айтышат. Бүгүн дүйнөлүк саясатта Сирия проблемасы чечилүү жолуна түштү. Тараптар чыкпай калган ачуусун бүгүн кимден чыгараарын билбей турган учур. 
Бул абалда Батыш үчүн да, Орусия үчүн да кайсы бир өлкөдө өзүнөн өзү от тутанып кетип, революция болуп кетсе, кайсы бир денгээлде “Сирия проблемасы” боюнча моралдык жоготууларды (утулуштарды) компенсация кылууга мүмкүнчүлүктөр пайда болор эле.
Бул өңүттөн алганда бүгүн “Атамбаев агент турецких спецслужб” аттуу “Ютубдан” тараган фильмдин чыгышы жана таратылышы жана жакында эле Москвада болуп өткөн “няня” Гюльчехра Бобокулованын жырткычтык менен 4 жашар кызды өлтүрүшү боюнча факты өтө чоң мааниге ээ болуп олтурат. Бул окуяларды тышкы күчтөрдүн таасири катары атасак болчудай. Бул окуялар КМШ өлкөлөрүнөн Москванын ММКлары аркылуу кеңири тарап кетти. Өзгөчө “нянягейт” окуясы диний жана этникалык конфликтерди тутандыруучу булак катары бааланып калды. Муну орусиялык белигилүү журналист Д.Киселев өз репортажында таасын белигилеп, бул маселеге өтө кылдат мамиле кылууга чакырды.
“Атамбаев агент турецких спецслужб” аттуу фильми анын авторунун максаттарын толук актагандай. Көргөндөрдүн бир даары “мунун артында Бакиевдер турат” десе, бир даары 2тышкы өлкөнүн атайын кызматтары” десе, дагы бир даары “биздин атайын кызматтар турат” деп ар түркүн боджомолдор тарап жатат. Кай бирлер “бул фильмдин аркасынан Атамбаев банкрот болуптур” дегенчелик да сөздөрдү таратканга аракеттеништи. Бүгүн дал ушул суроо көптөгөн адамдарды кызыктырып келет.
Бирок, Кыргызстанда эмне окуя болбосун, эки гана кишиден көрүү норма болуп калган. Эгер ал сырт менен байланыштуу болсо, анда Бакиев жана анын бир туугандарынан, ал эми өлкөнүн ички саясаты менен байланыштуу болсо Текебаевден көрүшөт. Бул фильмди да Бакиевдерден көрүп жатып калышты. Бирок, “бакиевдер бул фильмди атайы Атамбаевди каралаш үчүн чыгарып, эмне үчүн өз изин жашырбай, түз эле өздөрүн оңой таап алуучу булактардан ачык жарыялап коюшту?”- деген ой эч кимге келген жок. Кыргызстанда Бакиевдерди ушунча келесоо жана маңыроо деген түшүнүк калыптанып калгандай. Бирок, бийлик ошентип бакиевдерди адатынча КТРК, башка ММКлардан жамандатып жатканда, ал фильм өлкөнүн коомчулугун өзгөчө ойго салып койду. Олкө боюнча жаңы ушак тарады. Чет өлкөдө президентти агент деген өтө кооптуу кабыл алынат экен. Ошондуктан, “Түркия мамлекети А. Атамбаевдин бардык бизнестерин жана банктык эсептерин жаап салыптыр. Атамбаев банкрот болуптур”- деген сөздөр тарап жатты. Айрымдар: “эми А.Атамбаев КМШ өлкөлөрүнүн президенттери менен жолугуша албай калды да. Кантип жолугушат, тигилер аны Түркиянын агенти катары эсептеп, сүйлөшпөй коюшу мүмкүн да”,- деп, бул фильмдин Москва аркылуу таралышын уюштургандарды чыккынчы катары кабыл алып жатышты. “Булар Атамбаевди чындап эле банкрот кылып салышты, бул чыккынчыларды жазалаш керек” деп жер тыткылайт. Алар “УКМК кайда жүрөт?”- деп, эч аракеттер болбой жатканына таң калып жатышат.
Эгер чынын айтсак бул маселенин ушундай уюуштуруучулукта жүргүзүлүп жатышына президенттин да күнөөсү бар. Ал өткөн жылды жыйынтыктаган өз пресс-конференциясында “менин Түркияда бизнесим жок. Эгер ким тапса өзүңөргө жаздырып алгыла” деген тейде билдирүү жасабады беле. Мына эми ошол сөздөрү айланып келип, анын өзүнө бумеранг болуп келип тийип, элди түркүн ойго салып койду деп ойлобой койбойсун.
Москва салкын көз менен карап…
Бул фильмден кийин президент Атамбаев “Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда мамилелер мурдагысындай эле эч өзгөрүүсүз өнүгүүдө”- деген пикирди бышыктап келүү үчүн Москвага барып келди. Бирок, бул сапарында президент чоң утуш менен келди деп айтуу кыйын. Путин кабыл алып жатып, өзүн өтө шайыр көрсөтүп жатканы менен мурдагыдагыдай эки президент бирин-бири “досум” деп атай алышпады. Орусия Кыргызстандын экономикасына акча салып, жардам берүүгө даяр экендигин билдирип, эки өлкөнүн өкмөттөрү өздөрүнчө проектилердин үстүндө иштеп жатканын айтымыш болду. Жолугушуудан эки күн өткөндөн кийин Орусия бюджетке жардам иретинде 30 млн. доллар жардам бере тургандыгы белгилүү болду.
Албетте, бул бюджети таңсык Кыргызстан үчүн абалды өзгөртүп жиберүүчү көмөкпул эмес. Кыргызстандын бүгүнкү абалында бул эч нерсеге татыбаган акча. Бүгүн бюджетте акча жок. Өкмөт айлык акыларды, социалдык төлөмдөрдү ж.б. көтөрүүгө акча таппай куруп туру. Мамлекеттик казынада эч нерсе жок. Өлкөдө эл “итке минген” абалда.
Атамбаев 2-мартта Москвада туруп орусиялык журналисттер үчүн пресс-конференция берди. Ал жаңылык киргизе тургандай эч нерсе айта алган жок. Ага удаа эле, эртеси Адахан Мадумаров 3-мартта Москвада “Аргументы и факты” гезитинин офисинде пресс-конференция өткөрүп, президент Атамбаевдин саясатын катуу сынга алды. Ал: “президент Атамбаев мамлекеттик системаны деградация кылып жатат”,- деп жар салды. Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамилелердин солгундап кеткендиги байкалып жатканын айтып, “бүгүн Кыргызстан акырындык менен батышты карай бурулуп баратат” деп билдирди. Бирок, бийлик анын бул билдирүүлөрүнө эч кандай жооп бере алган жок.
Президент коомчулуктун көңүл борборунда
Баарынан кызыгы, өлкөдө өнүгүп жаткан абалды коомчулук да тыкыр байкап турганы анык болду. Президент Атамбаев Москвадан келгенден кийин анын ар бир кадамы коомчулук тарабынан катуу сынга кабыл алына баштады. Атамбаев бир топ мамлкеттик кызматкерлерди жана ага улай эл өкүлдөрүн кабыл алып, аларды өзүнүн балдарындай эле каарып, айрымдарын сөккөнү тууралуу маалымат тарады. Айрымдар “бүгүн президент Атамбаев эч кимге деле ишенбей калган абалга кептелген экен”- деп баалашты. Ошондуктан, “жеке өзү ишенген тажрыйбасыз кадрларды жылдырып, коомчулуктун өтө катуу сынына кабылды” дешет. ММК Атамбаев өзүнүн шопурун, пресс-катчысын, жан сакчысын, секретаршасын ж. б. баарын чоң кызматтарга коюп жатат деп чыгышты. Белгилүү журналист Э.Кулуева бул тууралуу: “Жылкысын баксаң мэр, шопур болсоң аппарат башчы, жан сакчы болсоң коррупцияга каршы күрөшөт экенсиң. Революция бир саясатчынын кол астында иштегендерге кызмат берүү үчүн болот деген жыйынтык чыгып калды окшойт” деп жазып чыкты.
Ишембиликтеги Атамбаевдин билдирүүсү
Жаздын эрте чыгышына же оппозициянын биригип жатканына байланыштуубу, айтор бийлик элге көрүнүп коюу максатында чоң ишембилик өткөрдү. Бул күнү Президент Атамбаев баягы эле коомчулукту кызыктырып келген “экинчи мөөнөт”, “өзүнүн мураскери”, “конституциялык реформалар”, “оппозициянын биригүүсү”, “экономикалык абал” ж. б. маселер боюнча кеңири билдирүүлөрүн таратты.
Президент Атамбаев мөөнөтү бүткөн соң президент да, өкмөт башчы да, спикер да болбой тургандыгын, мураскер да калтырбастыгын айтты. Бирок, анын сөздөрү ишеничтүү болгон жок. Бул жөн гана биригип жаткан оппозицияны бир аз тынчтандыруу аракети катары кабылданды. Себеби, Атамбаевдин аракеттери тескерисинче, кайра саясатка калууга умтулуп жатканын көрсөтүп жатат. Болбосо Атамбаев жанталашып, эч нерсеге жараксыз кадрларды биринен сала бирин маанилүү кызматтарга койбос эле да дешет. Анткени Атамбаев кеткенден кийин ал бекитип жаткан бул жараксыз, сабатсыз, тажрыйбасыз кадрлар эч кимге кереги жок да. Алар Атамбаевдин мураскерине да кереги жок болот. “Эгер революция болуп кетсе, булардын көпчүлүгү батышка качып, Бакиевдин губернаторлору, ат кошчуларынча таксист болуп калыштары мүмкүн”- да деп, Атамбаевдин сөздөрүнө ишеним артышпайт.
Атамбаевдин тегереги мураскор болобуз деп, аткивдешип жатышы да, анын саясаттан кетпешинин бир далили. Себеби, ал мураскорун бекитип алып, өзү премьер болгусу келип жатканы тар чөйрөдө айтылып жүрөт.
Конституциялык реформалар боюнча пикири да сынга кабылды. Экс-депутат Э.Алымбеков “президент Атамбаев адатынча эле конституциялык реформаларды жүргүзүү керек деп, бирок, алардын канчалык коомубузга абзел экендигин адатынча так айта алган жок” деп сындап чыкты. Чынын айтканда, президент бул жолу конституциялык реформаларга бара албай тургандыгын билдирип койду. Ал биринчи жолу реформаларды “точечный болот” деп айтты. Бирок, парламент, эл каалабаса, анда мен деле бул чечимге макул болом деп балп эттирип алды. Муну менен президент Атамбаев өлкөдөгү саясий жана социалдык-экономикалык абалдан өтө чоочуркап тургандыгын билдирип койду. Бүгүн президент парламенттин колдоосунан кол жууп калбайын деп чоочуп жаткандай. Себеби, президент мурдагысындай эле конституциялык реформаларга барам деп кесе айтса, анда ал парламенттин кайсы бир бөлүгүнүн колдоосунан ажырап калышы мүмкүн. Анткени, конституциялык реформалар боюнча жүргүзүлгөн референдумдан кийин, бул парламент тарап кетиши мүмкүн. Айрым партиялар бүгүн эле референдумдан кийин парламентти таратуу талабын коюп жатышат. Б. а. бүгүн оппозициянын биригип жаткандыгына байланыштуу президент Атамбаев бир аз алсыздап калгандыгын билдирди.
Президент А. Атамбаев өлкөдө түзүлгөн социалдык-экономикалык абал боюнча өтө тырышкандык менен түшүндүрмөлөрдү берүүгө аракет кылды. Ал: “Кыргызстан ЕАЭС кирбесе, өз алдынча жашап кете алмак эмес. Бизди изоляциялап салышмак, бул туура чечим болгон. Алгачкы жылдары кыйын болот. Бирок, күзгө карата абал өзгөрөт. Ал жемиштерин бере баштайт. Экономика өнүгө баштайт”,- деп ишендиргиси келди. Ал “Орус фондундагы” акчалар туура пайдаланылбай жатканынан да экономикада жылыш байкалбай жатканын айтып, анын жетекчилигин алмаштырып, ишти алга жылдырабыз деди. Анын ою боюнча андагы 400 млн. долларды экономикага салса, ал өнүгүү жолуна түшмөк экен. Бирок, ал күздүн эртең эле келип калаарын эсине алган жоктой.
Кыязы, ошондон уламбы, айтор белгилүү экономист Сапар Орозбаков “Атамбаев банкрот болду. Экономика кыйраганчалык абалга келди” деп сынга алды. С.Орозбаков Атамбаев “эгер жазда болбой калса, күздө сөз жок бийликтен кол жуушу мүмкүн”- деп кесе айтып салды.
Түштүк саясатчыларын саясаттан четтетүү планы жана элдерди экиге бөлгөн добуш талаш
Айтып койчу нерсе, бийлик парламенттин 6-чакырылышын камсыз кылып жатканда өтө чоң ката кетирген.
Биринчиден, ал парламентик шайлоолордо бийликтин түштүктүк саясатчылар А.Мадумаров, Б.Наргозуев, А.Бекназаров, А.Келдибеков, К.Ташиев, Б.Асанов, И.Исаков жана башкаларды парламентке киргизбей коюу планы аша чапкандык болгон.
Экинчиден, бийлик билип-билбей өткөн парламенттик шайлоолордо өзбек шайлоочуларынын добуштарын түндүктүк “Кыргызстан” партиясына өзбекстандык кримавторитеттердин жардамы менен алып берип, түштүктөгү кыргыз жана өзбек элдеринин ортосуна кайрадан жик салынып калган. Б. а. жараты эптеп айыгып келаткан кыргыз жана өзбек элдерин кайрадан бири-бирине каршылаштырып алышкан.
Үчүнчүдөн, клон партияларды жаратып, парламентти сөздөн калган чала өлүк мунжу саясий күчтөр менен толтуруу туура эмес болгонун түшүнгөнсүгөндөй. Бийлик оппозиция биригип, бир муштумдай күчтүү болгондо өңчөй байлардан турган парламент президентти колдобой, бир жагынан элдин кызыкчылыгында аракет кыла баштап, бир жагынан оппозицияга ачык каршы чыга албай калаарын байкабай калгандай. Эгер ачык каршылык көрсөтсө, анда байлардан турган парламент революциялык күчтөрдүн же тагыраак айтканда акыйкат издеген толкундун тепсендисинде калыштары мүмкүн.
Бирок, саясий чөйрөнү чочуткан нерсе Атамбаевдин 20 жылдай аны менен бирге оппозицияда болгон саясатчылардын бүгүн анын бийлигине оппозиция болуп жатканы үчүн аларды зекип жатканы болду. Өмүрбек Суваналиев бул тууралуу “Ыңгайсыз суроолордо” сүйлөп жатып, “Атамбаев менен баарыбыз бир жүргөнбүз. Бүгүн Атамбаев эле бийликте, биз оппозициядабыз” деди. “Бүгүн Атамбаевди эки жолу өлкөнүн президенттерин кулоого алып келген кадрлар тороп алып, керек болсо Иса Өмүркулов да Атамбаевге кире албай калыптыр”- деп айтты. Учурунда булар Атамбаевди ээрчип, Бакиевге каршы турушкан эле да. 7-апрелге чукул Атамбаевге баталарын берип, антка бек туралы деп сүйлөшүшкөн да.
Дымагы күчтүү оппозиция, шаадысы сынган бийлик
Бирок, анткен менен оппозициянын дымагы күчөп, анын карааны 3-чү революциянын поездиндей алыстан көрүнө баштагандай болду. 14-мартта болот деп жаткан митингдер Таласта, Аксыда, Жалал-Абадда болуп өттү. Бул митингдер К.Кадыров менен Б.Асановдордун бирикмелери уюштуруп, алардын жыйынтыгында булардын топ 24- марттагы курултайга чакыруу келсе, сөз жок катышаарын жар салышты. Жалал-Абаддагы митингде Б.Асанов бийликти өтө катуу сындап, “Бир эле талап – Атамбаевди кетирүү” деп жар кылды. Анын ою боюнча бийлик криминалдашып кетти. Турат Акимов: “Анапияевди бийлик өлтүргөнүн билет. Мындан ары да бул бийликтен коомго көп залал тийет. Кыргызстанга бүгүн демократиянын негизинде гана аркеттенген жаңы лидер керек”- дейт.
Бул митингдерге шыкактанган чоң булдозер А.Бекназаров дароо 24-мартка белгиленген курултайды өткөрүүгө Ошко жөнөп кетти. Сапар алдында бийликти катуу сынга алып, бийликтин шадысы сынып калганын белгиледи. А.Бекназаров Ошто 24-мартта курултай өткөрүп, анан 27-марттагы шайлоолордо “Ата-Журт” партиясын колдоп, К. Ташиевди мэр кылууга билек түрүнө киришээрин айтып жатышат.
Атамбаев: “эл бузарлар … шайтандын кулдары… провокаторлорду таш менен кууш керек”
16-мартта же ошол эле күнү Атамбаев да Ош, Жалал Абадга сапар тартты. Ошто сүйлөгөн сөзүндө Атамбаев стабилдүүлүк, 27-марттагы Ош шаардык кенешине, 2017-жылкы шайлоолор, Акаев, Бакиевдер, оппозиция жөнүндө айтты жана оппозицияны “шайтандын кулдары” деп атап, “провокаторлорду таш менен кубалаш керек” деп билдирди.
Бул билдирүүсү түркүн пикирлерди жаратты. Айрымдар А.Атамбаев акыркы сөзү менен элди мыйзамсыз күч колдоонууга үндөп, түштүктө кандайдыр бир мыйзамсыз аракеттердин негизинде трагедия болуп кетсе, аны өз мойнуна илип алды деп кесе белгилешти. Бул кудум “Атамбаев агент турецких спецслуб” деген фильмдин чыгыш себебине окшош иш болду.
Бегилүү коомдук ишмер Т.Тургуналиев “мен өмүр бою оппозицидамын. Президент өлкөдө оппозиция болуш керек деп айтса жарашмак”,- деп өз оюн бидирди. “Буттан чалынган турат, ооздон чалынган турбайт, президент ооздон жанылыптыр” деп баалады.
Атамбаевдин Оштогу сүйлөгөн сөзүн “Каганат.kg” сайты дыкат комментарийлеген. Сайт А. Атамбаевдин билдирүүсүн “жѳѳжомок” катары баалаган. “Коррупция азайган болсо бала бакчада, мектептерде азаят эле го, калп жар салуу менен ар кимди кармап, айрымдарын өлүмгө чейин жеткиргени менен мактанып жатабы” деп ызырынгандар четтен чыкты деп белгилеген сайт.
Бийлик элин сыйласа Кыргызстан өнүгөрүн айткан президент, эмнеге өлкөнү гүлдөтө албай жатканын айткан жок.
Оппозицияга ыктаган аткаминерлерди “шайтандын кулдары” деп атоо менен Атамбаев өзү да бир убакта оппозицияда экенин унутканынан, артка кылчайып, өткөндөн сабак албаганынан кабар берди. Ал эми “провокаторлорду таш менен кууш керек” деп, элди мыйзамсыз кадамдарга чакырды деп жазды.
Атамбаев оппозицияны “шайтандын кулдары” деп жатканын укканда “ал чын эле жалгыз калганбы?”- деген ой келди. Ө.Суваналиев “Ыңгайсыз суроолордо”: “баарыбыз бирге оппозицияда элек да… бүгүн А. Атамбаев жалгыз калды” деп кесе айтканы да эске түштү. Балким, ошондон улам президент А.Атамбаев оппозицияны “шайтандын кулдары” деп атап жатабы? Бирок, кандай гана болбосун бир кездерде Атамбаев өзү да оппозициянын катарында жүргөн да. А.Бекназаров баштаган жоон тобу К.Бакиевге ынабай, А.Атамбаевди колдоп дайыма жанында болуп, саз болсо саз, тас болсо тас, мас болсо пас болуп, жаман-жакшысын көтөрүп, бирге жүрүшкөн да дегендей.
Жыйынтыктап айтканда бийлик менен оппозициянын ортосундагы бирин-бири жакалоо, тирешүүсү дагы далайга улана турганы анык болуп калды.
Атамбаев-Хрушев параллелдери
Бул өнүттөн алганда, биз 7-апрель революциясынан бери билген революционер Атамбаевдин образы чындап эле банкрот болуп калганы анык болгон көрүнөт. Атамбаев эми өз имиджин өзгөртүп, коомго кайрадан жаны образ менен чыкпаса, ага бир топ эле кыйын болчудай… Анан калса, А.Атамбаевди Хрушевго окшоштурушат эмеспи. Н.Хрушев ачуусу бат келген жана убаданы пачкалап берген саясатчы болгон дешет. Н.Хрушев жана башка лидерлер 80-жылдары СССРде коммунизмди курабыз деп ишендиргиси келген. Бирок, ал 80-жылга чейин өзү бул дүйнөдө жок болоорун жакшы билген. Ошондуктан, бир жанган жылдыздай жарк деп чыгып, анан өчуп жок болгон.
Бирок, ошондой болсо да Атамбаевде абалды сактап калыш үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар.
Биринчи жол Атамбаев кадрдык саясатын өзгөртүшү керек. Ал тар чөйрө, тегереги менен гана иш алып барууну токтотушу тийиш. Тар кызыкчылыктагы тегереги менен иштегенче, салмактуу саясатчыларды, коомдук ишмерлер менен кенешип, коомчулук менен иш алып барышы керек. Идеяга бай жаштарды тартыш керек. Коомдо Атамбаевдин А.Батукаевди коё берген тегереги эбак эле уруу, коррупционер, интриган, кидальщик, криминал менен иштеген адамдар катары кабыл алынып калган. Себеби, алардын баары ошол эле А.Мадумаров, Б.Наргозуев, А.Бекназаров, А.Келдибеков, К.Ташиев, Б.Асанов, И.Исаков ж.б. жаш жигиттер. Эгер бийликке келгенде араң гана жөнөкөй женил машиналары бар болсо, бүгүн эки-үч 80 миңден 150 миңге чейинки “Джип”, сарай толо мал, күлүк ж. б. бар. Ийри компанияларды «крышевать» этишет. Банктарда акчаларды айлантып байып жатышат. Атамбаев өзү да Орус-кыргыз фондунун өкүлүн кызматтан алып жатып, “акчаны элге бериш керек, банктарда айлантпай”- деп, жылаандын башын чыгарып айтпадыбы?
Атамбаевдин тегерегинин бир эле кызыкчылыгы бар. Эптеп мураскор болуш. Ошого гезиттердин биринчи бетине биринен бири жарышып чыгып, эч нерсе кылбай мураскорлукту гана ойлоп аракеттенип олтурушат.
Экинчи жол Атамбаев оппозиция талап кылгандай, өкмөттү отставкага кетирип, жаңы элдик өкмөт түзүүгө барып, абалды сактап калууга толук мүмкүнчүлүгү бар.
Үчүнчү жол бул парламентти таратып жиберип, жаңы шайлоолорду жарыялап, өлкөдөгү туруктуулукту сактап калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Атамбаевди жипсиз байлап, эмне талап кылып жатышат?
Жыйынтыктап айтсак, сыягы Атамбаев кандайдыр бир негизде ири саясий оюнчулар арасында мезгил талабына жараша оюн жүргүзө албай, кайсы бирөөлөрдүн оюнуна жетиштүү денгээлде жооп бере албаган оюнчу катары кабалданып калган сымаалдай. Б.а. кайсы бир державанын саясий оюндарына проблемаларды жаратуучу лидер катары кабылданып калган өңдүү. “Атамбаев агент турецких спецслужб” фильми жана Гюльчехра Бобокулованын жырткычтык аракеттери жөнүндөгү маалыматтардын таркалышы да кайсы бир денгээлде бул ойду бышыктагандай. Себеби, ал фильмде жеке эле Атамбаевдин өзүн эмес, анын уулдарын, КСДП лидерин да кыпчый кеткен. Демек, бул фильм Атамбаевди өлкөдөн чыгарып жибериш үчүн, ал эми КСДПны лидерсиз калтыруу үчүн атайылап жасалган. Бирок, Президенттин Аппараты, УКМК бул боюнча эч нерсе иш жасай алган жок. Ошол эле учурда, Гюльчехра Бобокулованын сүрөтү менен “Хизб ут –Тахрир” диний уюумдун мүчөлөрү тарабынан чыгарылган фильм “Фейсбукка” жайгаштырылган. Анда бул уюмдун мүчөлөрү Кыргызстанда ислам дини жабыркап, мусулмандар кордолуп, куугунтукталып жактандыгын айтып, мисал катары СИЗОдон качкан кылмышкерлердин мусулман болгондуктарын жана алар атайылап жок кылынгандыгын билдирип, ошол кылмышкерлердин өлтүрүлгөн сүрөттөрүн көрсөтүшүүдө.
Менимче, бул иштердин артындагылар Кыргызстандагы саясий абалды өтө кылдат иликтөө менен уюштургандай. Жогоруда айтылгандай, бийлик билип билбей өткөн парламенттик шайлоолордо өзбектердин добуштарын түндүктүк “Кыргызстан” партиясына өзбекстандык кримавторитетердин жардамы менен алып берип, түштүктөгү кыргыз жана өзбек элдеринин ортосуна кайрадан жик салып койгону бар. Эки эл ортосундагы ишенимге чоң залал келтирилген.
Сыягы, Гюльчехра Бобокулованын жырткычтыгы Д.Киселев мырза кооптогондон да чоң нерселерди камтып турат. Себеби, Гюльчехранын кылыгы акыры келип бүтүндөй Фергана өрөөнүн жарып жиберчүдой пикир калтырат. Бул маалымат “мунун артындагылар мындай аракеттери менен бүтүндөй Фергана өрөөнүнө от койгусу келип жатканбы?”- деген ойду жаратат. Эгерде бул окуяны жогорудагы фильм менен катар карасак, бул эки аракет тең бир эле максатта жүргүзүлүп жаткан операцияга окшош. Б.а. Кыргызстанда жана Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүндө бийликтин алмашышын шарттай турган аракеттер деп билсек болот. Менимче, бул фильм аркылуу Атамбаевдин да, анын мураскорунун да жолун бөгөп коюу аракети көрүлгөн деп болжосок болот. Ошондуктан, бийлик бул нерселерге сөзсүз реакция жасашыкерек. Болбосо, ар түркүн пикирлердин жаралышы менен жакында “Атамбаев банкрот” дешпесе да, “Атамбаев жипсиз байланган” деген пикир басымдуу болуп калышы мүмкүн.
Албетте, биздин бийлик дагы деле тырышып, оппозицияны тааныбай, атасынан калган бийликтен бетер тырышып олтура бериштери мүмкүн. Бирок, эгер бир жерден жанылыштык кетчү болсо, анда бул жолу бийликтегилер оңбой эле калчудай болуп турат. Себеби, 2010-жылкы этникалык конфликтер эми да кайталанса, анда кыргыз бийлигине бир эмес, эки трагедияга бирдей жооп берүүгө туура келээрин унутпаштары керек.
Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты,
Булак: “Майдан. kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *