Тагдыр… Камчыбек уулу Эрлан: “Ата да, апа да болгон адамдан айрылдым”

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Пригород айылынын 25 жаштагы тургуну Камчыбек уулу Эрлан 16 жашында үйдүн чатырынан кулап кетип, буту баспай, кулагы укпай калган. Азыр ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай спорт менен машыгып, көптөгөн ийгиликтерди багындырды. Камчыбек уулу Эрлан 1994-жылы Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Мантыш айылында төрөлгөн.

Жалгызсырадым, кыйналдым…

– Үй-бүлөдө жалгыз уулмун. Мен төрөлгөндө ата-энем эки ажырым жолго түшкөн экен. Атамдын колунда калып, тарбияны ал кишиден алдым. Чынында атама ыраазымын. Ата да, апа да болду. Чоң апам экөөлөп чоңойтту. Азыр чоң апам бар, 85 жашта. Апамдан көрбөгөн мээримди чоң энемден көрдүм. Тагдыр экен, атам 4 жыл мурда каза болуп калды. Бул сыноону көтөрүү чынында оор болду. Жалгызсырадым, кыйналдым. Бирок адам экенбиз да, өлбөгөн жандын эртеңки күнү түгөнбөйт болуп жашап келем.

Кырсыктан улам баспай, укпай калдым

— Ал кезде 16 жашта элем. Ойноп жүрүп, тамдын башынан жыгылып белим сынган. Дарыгерлерге көрүндүк, бирок ал учурда акча каражаты тартыш болчу. Жакшы дарылана албай калдым. Же менин дартыма дары-дармек жок болдубу, айтор ошол каргашадан улам укпай, баспай да калдым. Алгач 2 жыл майып арабада отурдум. Бир бөлмөдө камалып отура берип, чынында тажадым. Жөрмөлөп жүрүп, азыр таяк менен басып калдым. Адамдар кагазга жазып беришет. Аны окуп жооп берем. Көп сүйлөйм, көп окуйм. Себеби сөздөрдү унутуп калбайын дейм.

Жакында дүйнөлүк мелдешке барам

– Азыр таяк менен басам. Өзүм сергек жашоону жактырам. Оор тагдыр баарынын эле башына келе бербейт. Кээ бир гана адамга келет экен. Аллахтын да керемети жөндөн-жөн келе бербейт. Биринчи аракет кыл, андан кийин сураныш керек. Бала кезде элге окшоп машыгуу залына барган жокмун. Бирок спортко болгон сүйүүм күч эле. 23 жашымда чоң спортко аралаштым. Спорттун армрестлинг түрү менен машыгам. Кол күрөш чынында олуттуу спорт. Чүй облусунун бир нече жолку чемпионумун. Кыргызстандын чемпионатында 1-орунду, Азиядан 2-орунду алгам. Учурда дүйнөлүк мелдешке даярданып жатам. Негизи машыктыруучум «сени 5 жылда Азиядан көрөм го» деген. Бирок 2 жылда дүйнөлүк мелдештен көргөнү жатат. Аракет кылсаң эле баары болот.

Жашоодогу өкүнгөнүм жана келечектеги максаттарым

– Менин бул жашоодо өкүнгөнүм — ата-энемдин жанымда болбогону. Ооруп турсам да ошолорго ысык чайымды берип, сүйлөшүп, күлүп-жайнап отурууга эмне жетсин. Хоббим — тамак жасап, эс алууну жактырам. Бош убактым дээрлик аз. Эгер бош болуп калсам жакын досум менен баарлашып отурам же үй иштери менен алектенем. Келечекте максатым көп. «Мыкты актёр», «Мыкты машыктыруучу» деген наамдарды алсам дейм.

Акбар Сүйүнбаевдин атасы мага дем-күч берген

– Мантыш айылындагы Кызыл-Дөбө орто мектебинде 9-класска чейин окуп, кийин Кара-Тоо айылындагы училищага которулуп калдым. Агайларым менен эжейлериме ырахмат. Мага дем берип, жакшы окутушту. Ошол Кара-Тоо айылында окуп жүргөндө Акбар Сүйүнбаев деген ырчы аганын үйүндө түнөп калдым. Ошондо Акбар байкенин атасы Темирбек агай мага «Эрлан, сен мыкты жигитсиң, өзүңдү эч качан таштаба, ооруган сен эле эмессиң» деп дем-күч берген.

Андан кийин актёрлук курсту аяктадым. Учурдан пайдаланып Болотбек Тилек, Эрмек Казыбеков агайларга ыраазычылык билдирем. Менин оорума карабай, мыкты актёр кылып даярдашты. Чынында адамда максат болсо, баарын ишке ашыра алат экен. Шылтоо баарында бар. Шылтоо менен өз максатыңа балта чабасың. Ден соолук деле шылтоого жатпайт. Адам жетем деген максатына сөзсүз жетет.

Булак: «Багыт»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *