Тагдыр: “Мезгил ажырымы”

1-Бөлүк.

Кеч күүгүм. Кадимки кыйма чийме каттаган маршруттук таксилердин катары сээлдеп, аялдамаларда кишилердин карааны көбөйө түштү. Аялдама демекчи, ар бир ыңгайлуу жерлерди тургундар өздөрү ыңгайлаштырып, «аялдама» катары белгилеп алышкан. Бири жумушунан кеч чыгып, бири күнүмдүк түмөн түйшүктүн дагы бир милдетин аткарып үйүнө шашса, дагы бири кечки жумушуна бара жатышкан адамдардын арасында жүзүнө жылмаюу тарткан киши деле жоктой. Кабактарын бир аз чытый, келе турган маршрутун мойнун созо карап, жол жээгине ыктай басып, кайра артка тартып ар ким өз багытын күтүп турат.

Эл арасында колуна көтөргөн эки чоң баштыгын коерго таза жер таппай, улам бир ыптасына салмагын салып өз багытына кетүүчү маршрутук таксини күткөн ЬІрыс да бар. Жапалдаш бойлуу, жашы кырктарга келип калган бул келин компьютердик клубдардын биринде тазалоочу болуп иштейт. Иш берүүчү акчасын үнөмдөгүсү келгенби, айтор, эки кабат чоң имаратка 2 эле тазалоочу жалдап алган. Жумушчунун укугун коргой турган мыйзамдар жазылганы менен, аны сактап, жумушчу байкушка социалдык төлөмдөрүн төлөп турган жеке ишкер-жумуш берүүчү өтө сейрек. Өмүр бою Ырыс ушундай жалданма жумуштарда иштеп келе жатат. Күнүмдүк тирликке акча тапканы менен, келечекте пенсия деген чектөөлөр кандай болоорун Ырыс ойлогусу деле келбейт. Ойлогондо эмне. Жумушка алганына сүйүнөт. «Мен үчүн социалдык төлөмдөрдү төлөп турасыздарбы?»-деп сураса эле, жумуш берүүчү «барагой, сизди жумушка алалбайбыз»-дегени жатпайбы. Эсине түшкөндө – «Эээх десең, ушу жеке ишкерлерди мажбурлап, ар бир жумушчуну мыйзамга ылайык ишке алууну мамлекет көзөмөлдөсө кана?; мамлекетке эле жакшы болот эле да» – деп Ырыс ойлоп, үшкүрүп коет.

Таалайына жараша, окууну бүткөн учур эл кыйналган өткөөл мезгилге туш келип, эч бир кесипке ээ болбой калган. Ал кезде эл кара ун жеп, перловка эбин тапкан адамдарга гана тийчү. Үй-бүлөнүн эң улуусу Ырыс апасына кол кабыш кылып эмне гана саткан жок. Базар аралап колуна көтөрүп алып аркан, жип сатты. Лампочка сатты. Байпак сатты. Акиташ сатты. Деги койчу, сата турган эмне болсо баарын алып сатты…

Босогону аттаганда күйөөсүнүн бут кийими таманы эки эли ылай болуп бири ары жакта, бири бери жакта көмкөрөсүнөн жатыптыр. Ырыс ичинен «Акмак, дагы ичип келген тура» – деп ачуусу келе түштү. Ичинде заары, таарынычы, ызасы кайнап эшигин жулуп ачты. Төрдө кирдегенинен майланышып, куралган курагы деле билинбей калган жер төшөктө аяшы Канат колун чекесине алып чалкасынан жатыптыр. Столго өбөктөп үңкүйүп күйөөсү Нурик отурат. Бөлмөнүн ичи чылым, арак жыттанат.

Ырыс ошол кечте аяшы машинеси менен бирөөнү сүзүп алып, из жашырып Ырыстын үйүнө жаңы эле качып келип отурганын билди. Аяшынын сунушу менен Нурик экөө кырсык болгон жерге кайра барып сыртынан байкап келмекке жөнөштү. Кетип баратып Нурик Ырыска- «Эй!..эч кимге айтпа! ,.эй..!» – деп кетти…

2-Бөлүк.

Эркектерди сыртка узатып коюп, Ырыс үй тирлигин ирээтке келтирип тамак жасоого киришти. Бут чечмесин кошкондо үч бөлмөлүү болуп эсептелген бул ижара үйдө көп жылдардан бери жашайт. Иштейин десе үйү каралбай, иштебей коеюн десе жашоо токтоп калган бул заманда аялдарга эле кыйын болду. Күйөөсүчү…күйөөсү… үстүндөгү жумушчу кир кийимин чечпей отурган жеринде кийими менен оонап, бутун чечпей төргө чейин тебелеп кире берип бул үйдө бир таза килем-килче калбагандай. Бала чагынан кийимин өйдө коюп, этияттап кийүүгө үйрөнбөгөн бул эркекке миң жолу какшап айтса деле кулагына кирер түрү жок. Баш кошкондоруна аз убакыт болсо да, «Муну сыйга кийет экемин, таза кийейинчи» деген бир ою жок күйөөсүнүн аркасынан жыйнап, тазалап жүрүп Ырыс эбак эле чарчап бүткөн. Ана..тигине.. баш кийими тиги бурчта будаланып жатат. Баятан бери баш кийимдин үстүнө жатып алып бироо оонаганбы, айтор баш кийим эмес эле батек болуп калгандай. Ал эми бут кийим өзүнчө бир маселе. Жанагы сыртта баткак болуп жаткан бут кийимин тазалап кийгендин ордуна, «сый конокко кийесин» деп Ырыс тазалап, жылтырак баштыка салып ары коюп койгон жаңы бут кийимин кийип кетиптир. Ырыс оор үшкүрүп алды.

Карангылык эчак эле коюуланып эл жатаар маал болду. Аяшы менен күйөөсүнөн дайын жок. Нурик менен Канат таң атканча үйгө келбесин Ырыс билген жок. Аңгыча оозгу бөлмөнүн терезеси акырын тыкылдады. Ырыс 3 жолу ыргак менен тыкылдаган дабыштан улам ким экенин сезип ичтейи түйүлүп, жүрөгү ысып кетти. Эшикти ачып жиберди да мандайында турган келишимдүү жигитке каргылданган үн менен «Эмне болду? Эмне келдин?!» – деп жиберди.

Канат менен Нурик кырсык болгон жерге жете келишти. Жабыркаган адамды тез жардам алып кетиптир. Топтолгон эл тарап, 3-4 киши гана четте турган экен. Канат даап бара албай имерчиктей түштү. Бүткүл боюн майда калтырак басып, чыйрыгып чыкты. Бир орунга туралбай тыбырап чуркап кеткиси келет. Жүрөгүнүн соккону өзүнө угулуп, башы кеңгирейт. «Шырп» эткен дабыш болсо эле мына азыр Канатты милиция кармап кетчүдөй болот. «Сен барып келсең тээтиги кишилерге» – деди Канат. Нурик «Барып эмне деп айтам?» – деди. «Тамеки сура, эмне жөнүндө сүйлөшүп жатканына кулак сал» – деди Канат чыйрыккан үнү менен. Нурик кобурашып турган адамдардын жанына жай басып барды. Алар башка эле бир темада орус тилинде сүйлөшүп жатышыптыр. Нурик бир даана тамеки сурап алды, адамдардын бири өз күйгүзгүчүн жандырып Нурикке сунду. Нурик ыраазычылык билдирип адамдардан алыстап, обочодо турган дүкөнчөгө «чылым күйгүзгүч алып алайынчы» деп ойлоп баш бакты. Көз айнегин мурдуна илип алып калын дептерди оодарып бирдемелерди жазып жаткан сулууча эже башын көтөрүп «Эмне аласыңар?»-деди. Нурик кырсык тууралуу сурап көрбөйүнбү деп ойлой калып «Эже, жана ушул жерден бирөөнү машине коюп кетти дейби?». Дүкөнчү эже «ооба, ылдыйда жашаган орус чал бар эле. Ошол чалды сүзүп бир машине качып кетиптир»-деди. «А эмне болду. Сен ал кишини тааныйсыңбы?» – деп удаа эле суроо узатты дүкөнчү. Оозунда даяр жообу жок Нурик эмне дээрин билбей «А, жон эле эшикте сүйлөшүп атышат го, ошону эле сурадым» – дей салды да «Эже, кандай машина экен» – деп сурап жиберди. Дүкөнчү – «Билбейт экемин анысын» – деди жактырбагандай.. Чынында, дүкөнчү эже уулу кырсыкка күбө болуп, машиненин түсүн да номурун да жаттап калганын эч кимге билдиргиси келбеди…

(уландысы кийинки санда)

Булак: «Факты.kg»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *