Тагдыр: “Сүйгөн кызым башкага турмушка чыгып кетти. Ызама чыдабай сотко бердим…”

“Жигиттердин көбү сүйгөн кыз мени тандаганына чексиз кубангам…”

Өмүрүмдө чоң сүйүүгө кабылдым деп ойлодум, Ажар менин сунушумду кабыл алып, кыз-жигит болуп жүргөн кезде. Анткени ал биздин айылдагы эң сулуу, эң жакшы окуган, жигиттердин көбү чуркап жетпеген кыз болчу. Ошончо жигиттин ичинен менин сунушума макул болгонуна төбөм көккө жетип сүйүнгөм. Жогорку окуу жайга тапшырып окуп жүргөн кезинде ак никелүү жубайымдай асырап, кийим-кечесинен тартып, контрагына чейин төлөп берип, оозунан чыккан бардык нерсени алып берип жүрдүм. Үйлөнөлү десем, “Окуумду бүтүп алайын, үйдө отуруп калсам окуум үзгүлтүккө учурап калат” – деп улам жылдыра берди. Мен да туура эле кылат, өз алдымча үй салып, борборго биротоло жайгашып алайын деп иштеп жүрдүм.

“Мага айтпай турмушка чыгып кетиптир…”

Экөөбүз жалпысынан 4 жыл кыз-жигит болуп жүрдүк көрүнөт. 4 жыл аралыгында үй-бүлөдөй сырыбыз, оюбуз, максатыбыз бир болуп эле жүргөнбүз. Жыл өткөн сайын Ажар өзгөрө баштады. Эмне жетишпей жатканын түшүнө албай жүрдүм. Урушубуз көбөйүп, көп таарынган адат тапты. Бир курдай айылга апамдарга жолугуп келейин деп кетсем телефонун таптакыр албайт. Чогуу жашаган эжесине да чалдым, такыр албай койду. Жүрөгүм опкоолжуп, бир нерсе сезгендей жаман болуп жаттым. Курбу кыздарынын бирөөсүнө түн бир оокум болуп кеткенине карабай чалсам, мен өмүрүмдө күтпөгөн кабар айтты. “Нурбек, Ажар турмушка чыкты, ортоңордо эмне болгонун билбейм…” – деди курбусу. Башында тамашалап жатат го деп ойлодум. Бирок тилекке каршы чын экен. Эртеси эле айылдагы элдин баары Ажардын турмушка чыкканын айтып калышты. Апам Ажар экөөбүздүн мамилебизди билчү. Апам кошо аң-таң болуп эле калдык.

“Ажарды издеп кайын журтуна бардым…”

Апам аялдык кылып абдан ачууланды. Ошол күнү кечке мени кошо ызаландырып көп сөз айтты. Ажардын эч нерсе түшүндүрбөй турмушка чыгып кеткенине абдан ачууландым. Ошончо жылдан бери аны мен багып келе жатканымды апама ачуум менен айтып алдым. Апам ачууланып “Бүт чыгымды төлөтүп алабыз” – деп кыйкырып баштады. Досторум да тынбай чалып, эмнеге турмушка чыгып кетти деп сурай берип мени абдан ызаландырып жиберишти. Ызам менен Ажардын каякка турмушка чыкканын сураштырып таап алдым. Кинодогудай эле жалгыз үйүнө кирип бардым. Той болуп жатыптыр. Мени Ажарга жолуктурбай коюшту. Кайын атасы жакшы адам экен, “Шашпай отуруп сүйлөшөлү?” – деди. Жиним келип, Ажар мени менен сүйлөшүп жүргөм, мен ага бардык нерсени алып бергем, контрагын ушунча жыл төлөгөм деп айттым. Ал киши бул жеке мамиле экенин айтып, “Өзүңөр чечишкиле, мен эч нерсе дей албайм. Калыңын төлөп алдым, сага бир тыйын бере албайм” – деп айтты. Үйүн ызы-чуу кылып, арга жок артка кайттым.

“Ажар, сен менин жүрөгүмдүн түпкүрүндөсүң…”

Болоор иш болуп калды деп ызаланып, Ажарды сотко бердим. Билбейм, сүйүү ушунчалык адамды жинди кылабы, айтор акылымдан айнып калдым. Ушинтсем эле Ажар коркуп кайрылып келчүдөй ойлосом керек. Азыр эстесем аябай уялам. Билем, бул жигиттикке жатпайт…

Ажардын ата-энеси алдыбызга келип кечирим сурап, соттон арызымды суранып, “Бардык чыгымды төлөп беребиз” – дешти. Бир чети уялдым, бирок апам бардык чыгымды төлөтүп алды. Ошентип айыл ичине дүң болдук. Бирок Ажар мени менен таптакыр сүйлөшпөй койду. Жылдар жараатымды айыктырды. Үйлөндүм, кыздуу болдум. Апамдын урушканына карабай кызымдын атын Ажар койдум. Ажар, эмне себептен мага айтпай кетип калганыңды азыркыга чейин түшүнбөйм, бирок сен менин жүрөгүмдүн түпкүрүндөсүң…

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *