Талай Масабиров, депутат: «Мирзиёевдин бизге жасаган иш сапары кыргыз-өзбек элинин ортосундагы алаканы жандандырууга жасаган кадам болду”

Баарыбыз билгендей эле 5–6-сентябрда Өзбекстан президенти Шавход Мирзиёев баштаган делегациянын биздин өлкөгө келиши эки өлкөнүн ортосундагы салкындап калган алаканы жакшы жагына жылдыруунун башаты болгондой белги болду. Бул иш чарадан кийин көпчүлүк эки элдин карым-катнашы бир топ жакшырат деген үмүт, ишенич артып турат. Келген өзбек президенти менен жүзмө-жүз жолуккан дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Жогорку Кеңештин депутаты Талай Масабировду кепке тарттым.

— Талай мырза, жакында эле Өзбекстандын президенти өлкөбүзгө иш сапары менен келип, Жогорку Кеңештин төрагасы жетектеген бир топ депутаттар ал киши менен жолуктуңар. Жолукканда сизде кандай сезимдер болду?

— Өзбек президентинин өлкөбүзгө келиши көп жылдан бери эки мамлекет ортосундагы салкындап калган алаканы жакшыртат деген үмүттү ар бир кыргыздын жүрөгүндө жандырды деп ишеничтүү айта алам. Коңшулаш туруп көп жылдардан бери алакабыз бузулганы барыбызга маалым. Ал эми жолуккандагы сезимдерге токтолсом, элдер айткандай, “сизди тааныйм, тааныштыруунун кажети жок” деген сөзүнөн мурун, мени таасирленткени өзбек президенти Шавход Мирзёевдин жөнөкөйлүгү болду. Ал кишинин келишине чын дилимден кубандым. Себеби, кыргыз-өзбек элинин дили, дини бир болуп туруп, көп жылдан берки алакабыз жакшырмак тургай, мышык ыйлаар абалга келгени мени көп түйшөлтчү. Мына эми ошол ойлондурган маселелер чечилчү чегине жакындаганына, баш ооруга айланган чек ара маселелери, эки элдин ортосундагы карым-катнаш мурунку калыбына келет деген илгери үмүткө жетелендим.

— Кайсыл маселелер тез аранын ичинде ишке ашары маалым болду?

— Биздин өлкө менен Өзбек мамлекетинин ортосундагы көптөгөн көйгөйлүү маселелер бар. Алардын ичиндеги эң маанилүү маселе болуп, чек ара маселеси. Чек аранын айынан эки элдин алакасы үзүлүп келген. Өзбек президентинин келиши менен Ош шаарындагы “Достук” чек ара өткөрмө пункту официалдуу түрдө ачылды. Буйруса жакында калган чек ара маселеси такталып, баары чечилери келишилди. Андан бөлөк соода-сатык, социалдык-саясий, өндүрүштүк жана экономика багытындагы келишимдерге кол коюлду. Алардан сырткары эки элдин парламенттер аралык достук кызматташуусун мындан ары бекемдөө жана ишке ашыруу, төраганы жана фракция лидерлерин официалдуу чакырды.

— Сөзүңүзгө аралжы, биздин өлкө ЕАЭС уюмуна мүчө болуп кирген өлкөлөрдүн катарында турат. Ал эми Өзбек мамлекети бул уюмга кирген эмес. ЕАЭС биримдигине кирбеген өлкө менен чек араларды ачуу биздин мамлекетке терс таасирин тийгизбейби?

— Жок. Бул коңшу мамлекеттер аралык достук жолу деп аталат. Эми чектеш жашап жаткандан кийин бажы биримдигинен сырт болсо деле карым-катнаш түзүүгө укугубуз бар. Ал жактан өткөн товарлар кадимкидей көзөмөлгө алынат. Мамлекетке салык төлөнөт. ЕАЭС уюмундагы Кыргызстанга, ал уюмга кирбеген Өзбекстанга да бул жагдай эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Жакынкы күндөрдө кыргыз-өзбек чек арасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Маданият аймагында 1 млн сомго бааланган, бажы өткөрмө пункту курулат. Бул ЕАЗСтин долбоорунда ишке ашат.

— Сиз Базар-Коргон районундагы социалдык проблемалардын баарын чечүүгө тырышасыз, өлкөбүздүн башка аймактарынан кайрылган жарандарыбызга жардам берген учурларыңыз болобу?

— Депутат катары, өлкөбүздүн кайсыл аймагында жашаган атуулдарыбыз жардам сурап кайрылса, социалдык маселелер жаралса колдон келген жардамымды аябай берип келем. Бул адамга жардам бердим эле деп жасаган иштеримди саясатка аралыштырган инсан эмесмин. Бул дүйнөдө саясаттан да жогору турган баалуулуктар бар. Маселен, Ислам дининде эле ар бир адам жардамга муктаж диндешине жардам берүүгө акылуу деген жери бар. Ошон үчүн колумдан келген жардамымды эч кимден аяган эмесмин.

— Бийликке жалаң жаштардын келүүсүн колдогон депутат катары айтсаңыз, жаштар реформа жарата алат деп ишенесизби?

— Мен “акыл жаштан, асыл таштан” деген ойду айткым келет. Жогорку кызматка дайындалгандарды жаштар дегенибиз менен мамлекеттик кызматтарда көптөн бери иштеп такшалгандар. Интеллектуалдуу, сайсий көз караштары түз, өз оюн эркин билдирген жаштар бийликке келишти, буйруса реформа жарата алышарына көзүм жетет.

— Сапар Исаковду кандай ишенимдин негизинде колдодуңуз?

— Сапар Исаковду жаш деп айтышканы менен ал мамлекеттик кызматтарда көп жылдардан бери эмгектенип келет. Биринчиден, жаш, энергиялуу, тажрыйбалуу. Экинчиден, дипломат. Башка өлкөлөр менен дипломатиялык алаканы жогорку деңгээлде алып барган. Келечекте өлкөдөгү социалдык маселелерди да жөнгө саларына көзүм жетет.

— Жаштар алып чыккан “Жаңы доорго кырк кадам” программасына ичи чыкпай сын айткандар көп. Сиздин оюңуз кандай?

— Менин оюм түз. Жакшы программа деп айта алам. Окуп таанышып чыктым, буйруса ошол жазылгандарды акырындык менен ишке ашырсак, элибизге чоң пайда алып келет.

— Мисалы, сизге кайсыл программалар көңүлүңүзгө туура келди деп атай аласыз?

— Мен “Жаңы доорго кырк кадам” долбоорунун кыргызча жана орусча бөлүмдөрү менен кенен таанышып чыктым. Ар бир кадам өзүнчө жакшы факторлорду өзүнө камтыган. Мисалы, “Бизнес менен бирге” деген бөлүмүндөгү 9-кадамда “Кыргызстанга инвестиция сал!” деп каралган. Анда “Инвестициялык бейишти түзүүдө инвестициялык мыйзамдарды реформалоо керек. Анда инвесторлор үчүн жеңилдетилген шарттар, менчикти жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда инвестицияларды коргоо бекемделүүгө тийиш. Мындан тышкары инвестицияларды тартууга талаптарды жеңилдетүү жана ыйгарымдуу шарттарды түзүү үчүн жеке-мамлекеттик өнөктөштүк жана инвестициялык мыйзам кайра каралат” деп жазылган. Бул экономиканы көтөрүү үчүн абдан керек. Инвесторлор шарт жок болсо биздин өлкөгө бут баспайт. Биз инвесторлорду тартуудан мурун аларга жагымдуу шарт түзүшүбүз керек. Жаңы Өкмөт ушул идеяны алып чыгууда. Кайсыл мамлекет болбосун өнүгүү үчүн инвестицияга басым жасайт. Биз дагы инвестиция келсин десек, ушул кадамда көрсөтүлгөндөрдүн ишке ашышына жардам беришибиз керек.

Акыркы жылдары мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынан болуп калган коррупцияга каршы күрөш улантылат. “Таза Коом” улуттук долбоорду ишке ашыруу аркылуу мамлекеттик кызматты алуучунун жана чиновниктин тикелей байланышы болбойт, ал эми бүткүл мамлекеттик механизмдин ишинин негизин электрондук документ жүгүртүү аркылуу автоматташтыруу жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү түзөт.

Мамлекеттик кызматчылар жыл сайын берүүчү декларациялардагы маалыматты текшерүүнүн аракеттүү механизми киргизилет. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга өз кирешелеринин жана мүлкүнүн мыйзамдуулугун далилдөө жүгү жүктөлөт.

Саясий коррупцияны түп-тамырынан жок кылуу максатында өкмөт тарабынан мамлекеттик кызматта кызыкчылыктардын кагылышуусун жана лоббизмди болтурбоо механизмдери сунуш кылынат.

— Кеп оролун шайлоо багытына бурсак. Өлкөбүздүн атуулу катары президенттикке татыктуу деп кимди эсептейсиз?

— Мен Сооронбай Шариповичти татыктуу инсан катары эсептейм. Мамлекеттик кызматтын ар бир баскычын басып өткөн тажрыйбалуу, иштерман инсан. Ал кишини шайласак, өлкөбүздү астыга сүрөйт деп ишенем.

— Жогорку Кеңешке депутат болуп келерде шайлоочуларыңызга берген убадаларды кандай аткаруудасыз?

— Менин Жогорку Кеңешке депутат болоордо шайлоочуларыма берген убадаларым акырындык менен аткарылып жатат. Бешик-Жон айыл өкмөтүндөгү 24 млн сомдук спорт комплекстин капсуласы салынды. 3 млн 500 миң сомго футбол аянтчасы түштү. 50 орундуу бала бакча ишке киргизилди. 25 жылдан бери каралбай турган Базар-Коргон районунун борбордук стадионун 10 млн сомго капиталдык ремонттон өткөрдүк. Буйруса убаданын үстүнөн чыгам деген ойдомун.

— Рахмат маегиңизге!

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *