Талант Мамытов, “Республика – Ата Журт” фракциясынан ЖК депутаты: “Экс-президент суракка келбесе, мажбурлап алып келсе болот”

– Талант Турдумаматович, экс-президент Алмаз Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча маселе кандай чечилчүдөй?

– Депутаттар тарабынан коюлган күнөө боюнча башкы прокуратура өзүнүн тыянагын берди. Өзүңөргө белгилүү, экс-президентке жалпы жонунан тогуз күнөө коюлган болсо, анын үчөө Атамбаевдин президент кезинде эмес, премьер-министр доорунда болгонунан улам депутаттык комиссия алып салган. Ал эми алты пункт боюнча прокуратура органдары карап чыгып, анын ичинде «саясый куугунтук боюнча соттордун чечими бар, ал чечимдер күчүндө турат, аларды жаңы ачылган жагдайлар боюнча жокко чыгарган учурда гана кароого мүмкүн болот» деген тыянак чыгарды. Ал эми беш пунктту негиздүү катары таап, анын ичинде Батукаевдин иши боюнча түздөн-түз көрсөтмө берген (!) деп тастыктап берди. Прокуратуранын корутундусу эки комитеттен өтүп, палатага келди. Эми келээрки отурумда каралат да.

– Бул ишти аскер прокуратурасы иликтемей болдубу?

– Экс макамы алынгандан кийин аны тергөө органдары дагы карап чыгышы керек. Президент башкы кол башчы болуп саналат. Бул коюлуп жаткан күнөөлөрдүн баардыгы парламент тарабынан шектенүү. Ал канчалык деңгээлде тастыкталат, аны тергөө жүргүзүлгөндөн кийин гана айтууга болот. Конституцияда жазылган, мыйзамдын алдында баары бирдей. Экс-президент дагы мыйзамды сыйлап, канчалык деңгээлде ак экендиги боюнча тергөө органдарына көрсөтмө берет деген ойдомун.

– Бирок, ал кишинин суракка барбай турганын айтты го?

– Андай учурларда мыйзамда каралган кадамдар бар. Маселе күн тартибине коюлуп, депутаттар добуш берген болсок, экс макамы алынгандан кийин тергөө органдары Атамбаевди чакырып, сурак жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк болот. Жаза процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык, ага чакыруу каты берилиши керек. Эгерде бир нече жолу чакырылганына карабастан, келгенден баш тарткан болсо, албетте, мажбурлап алып келүү боюнча мыйзам чегинде чаралар көрүлүшү керек. Мен ойлойм, Атамбаев дагы президент болуп мамлекет башкарды, анан жанагинтип мыйзамсыз кадамдарды айтып аткан болсо, кайрадан шектенүүлөр пайда болот…

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *