Талантаалы Бакчиев, манасчы, манастаануучу, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер: “Кой-Ташта Манас айтып, гонорар алган жокмун”

– Талантаалы агай, Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө барганыңыз коомчулукта талкуу болду. Кантип барып калдыңыз ал жакка?

– Мен ал жерге ынтымак менен биримдик сурап баргам. Айрымдар айткандай, кошомат же жагынуу максатта эмес, элдин бүтүндүгүн, бакубат келечегин тилек кылгам. Манасчылыктын жолу жана парзы да ушул – эл ичинде данакер болуу. Манасчы болгон соң, ырыс, ынтымак, ыйманга чакыруу менин манасчылык да, жарандык да, кыргыз кулуну катары да негизги озуйпам эле. Себеби, ал жерде да кыргыз элибиз турат. Менин элди бөлүп-жарууга укугум жок. Башкалар бөлсө да, менин эч укугум жок. Элди түңдүк-түштүк, уруу-уруу, регион-регион же партияларга бөлүшүм мен үчүн кечиримсиз. Мен кыргызстандыкмын, кыргызмын, демек, бардык кыргызстандыктар үчүн алардын саясый көз карашына, улутуна карабай тең болушум керек. «Теңдикти Теңир берген» дейт.

– Өзүңүз эле бардыңызбы же чакыруу болдубу?

– Мага өтүнүч менен «Кой-Таштагы элге манасчы катары Манас айтып, окумуштуу катары лекция өтүп берсеңиз» деп кайрылышкан. Мен «жок» дей алган жокмун. Чакырган жерге Манас айтуу манасчы үчүн соопчулук, Манасты башка элге, башка өлкөгө да айтып келем. Ал эми кыргыз элиме айтуу мен үчүн милдет, парз. Манас – саясаттан тышкаркы нерсе. Акүйгө чакырса, ал жерге да айтып берүүгө даярмын. Мен элдикмин! Андан саясат же «бөйрөктөн шыйрак чыгаруу» туура эмес. Ал эми окумуштуу-манас таануучу катары «Саясый режимдердин «Манас» эпосуна карата кылган мамилеси» аттуу темада ошол жердеги элге лекция окуп бердим. Бул тема боюнча мен мурда эле өз изилдөөмдү жүргүзүп келгем. XIV кылымдан тартып бүгүнкү күн-гө чейинки саясый режимдердин Манаска, манасчыларга карата кылган мамилеси өтө көйгөйлүү маселе. Лекциядан соң, Алмазбек Шаршенович экөөбүз көрүшүп, амандаштык.

– Атамбаев «Манас өлгөндөн кийин Бакай качып кетти, сатып кетти» деп айтты беле?

– Сөз башында Алмазбек Шаршенович ыраазычылыгын билдирип, В.Радловдун 1862-1869-жылдары Ысык-Көл, Текес, Чүй жергесин кыдырып жүрүп манасчынын оозунан жазып алган «Манас» эпосунун вариантынан ортого салды. Манастын көзү өткөндөн кийин кырк чоронун Каныкейден баш тарткандыгы тууралуу сөз болду. Ал эми Бакайдын «саткынчылык» мамилеси жөнүндө сөз жок, болгону, кырк чоронун, Абыке, Көбөштүн Манастан баш тарткандыгын баса белгиледи. Ал эми Бакайдын айласы кетип, Каныкейге жардам бере албагандыгын да В.Радловдун вариантынын негизиңде айтып берди экс-президент. Атайылап, башка маселе боюнча эки ортодо сөз болгон жок. Керек болсо, видеого да жазылып алынган экен, каалоочулар көрүп, ар бир сөзүн талдап чыгышсын. Негизинен айтканда, Манас айтуу күнөө эмес, соопчулук. Бул ар бир манасчынын парзы. Сураган жерге Манас айтуу керек, антпесе анын эмнеси манасчы? Мен Манасты
жоо-душманга эмес, элиме айттым. Элдикин элге берүү кажет. Манас меники, же кайсы бир жеке адамдыкы эмес, элдики, элдик эпос.

– Саясатка өзүңүз кандайсыз?

– Мен саясатка эч качан аралашкан да, кийлигишкен да эмесмин. Саясат – бул менин жолум эмес. Манасчылык менин парзым деп эсептейм. Манасчылар илгертен эле данакерлик кызматты аткарып келишкен. Мен болгону ошол милдетти, парзды аткарып, «чатакташып аткан экөө элдешип, тил табышса» деген ниетте барганымды айтып отурам.

– Ниетиңизди кандай кабыл алды? Атамбаев менен бул темада сүйлөштүңүзбү?

– Бул тууралуу ачык сүйлөшө алган жокпуз. Оозеки айттым.

– Сизден кийин ырчы-чоорчулар чакырылып, концерт коюп кетишти. Аларга гонорар төлөнүп берилгени айтылды. Сизди да атайын чакырган соң гонорар төлөп беришкен чыгар?

– Мен ал гонорар маселесин билбейт экемин. Ал нерсе менин оюма да келбептир.

– Топчубек Тургуналиев барган Манас жана Айтматов академиясына президенттикке алгач сиздин талапкерлигиңиз аталып жатты эле, эмне болуп четтеп калдыңыз?

– Манас жана Айтматов улуттук академиясына мен өзүмдү сунуштаган эмесмин. Мени
коомчулук, манасчылар, чет элдик окумуштуулар, чет элдик эпос айтуучулар, керек болсо, Мухтар Ауэзовдун уулу, белгилүү казак окумуштуусу Мурат Ауэзов сунуштаган.

– Сизди «кийип жүргөн калпагына башына кайгы түшкөнсүп, кара жип байлап алат» деп жатышат го… Анда эмне сыр бар?

– Менин калпагымдын турпаты тууралуу кеп кылганда, азыркы тапта Текес кыргыздары да дал ошондой түрдөгү калпакты кийишет. Ал жерде дээрлик бугу уруусунун өкүлдөрү жашап келишет. Ал калпактын белиндеги кур белгиси төбөсүнөн караганда төгөрөктүн ичиндеги төгөрөктү көрсөтүп турат. Төгөрөк – кыргыздардын негизги символу. Күн, аалам белгиси. Биздин бозүй да төгөрөк эмеспи. Болгону ошол. Орто кылымдардагы Самаркандда, Букарада тартылган түстүү сүрөттөрдү карап көрсөңүздөр, ал сүрөттөрдө да дал ошондой кыймасы жок, курлуу калпакчан кыргыздар чагылдырылган. Мурда калпак бетине оймо салынган эмес. Бул адат кийинки мезгилдерде гана пайда болгон. Калпак аппак болгон. Андан көрө азыркы калпактагы оймолорго көз чаптырып көрсөңүздөр эмне деген оймолор түшүрүлгөн? Айрым калпактарда жаш бала менен аял башатына таандык Умай эне тамга-оймосу түшүрүлүп жатат. Бул туура эмес! Кандай тамганы же оймону алып жүрсөң, ошол тамга, оймонун касиети, энергетикасы адамга өз таасирин тийгизет.

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *