Талантбек Исаев: “Кылмышкердей карашса, жаман болот экенсиң”

ИИМдин мамлекеттик атайын кайтаруу кызматынын башкы башкармалыгынын башчысы Т.Исаев УКМК аны суракка чакырбаганын, ага карата кылмыш иши жок экенин айтты.

“Бардыгы мага кылмыш иши козголгондой ойлоп алышыптыр, а чындыгында андай эмес, азырынча сотко чейинки текшерүү жөнүндө гана сөз болуп жатат. Бирдиктүү кылмыштар реестрине арыз катталган экен, ошону гана текшеришет. Мен азыр эч бир кылмыш иши боюнча шектелип жатканым жок. Бул боюнча мага билдирме да келген эмес, тергөө органдары да чакырбады”, – дейт Т.Исаев.

Ал эми арыз “Манас менеджмент ЖАКыдагы” ишиме тиешелүү экен.

“Мен ал компанияда иштеп жүргөндө насыя алгам, эчак төлөп да бүткөм. Кандайча кызмат абалынан пайдалануу болот, ал жеке компания. ММКларга кылмыш иши козголду деп тарап кеткен экен, бардыгы мени кылмышкердей карап калды. Бирок мага андай айып коюла элек. Жок жерден шектенишсе, жаман болот экенсиң” – дейт Талантбек Исаев.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *