Талантбек Казакбаев, Бишкек шаардык “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси: “Ар бир жаран борборубуздун тазалыгына кайдыгер карабаса…”

Борбор калаанын тазалыгына ар убак кам көрүп келген ишканасынын кызматкерлеринин түйшүгү түмөн. Жетекчисинен баштап катардагы кызматкерлерине чейин күнү-түнү тыным жок. Тазалык кызматынын башчысына маек курууга барганыбызда Талантбек Казакбаев шаар тургундарынын тазалыкка болгон кош көңүл мамилесин кантип оңдоону билбей жатышканын айтты.

—Талантбек Базаркулович, кундүн ысыктыгына байланыштуу көчөлөргө суу сээп жатасыздар. Суу борбордук көчөлөргө эле себилип жатабы?

—Негизи борбордук көчөнү жууганга дайыма биздин кызматкерлер түнкүсүн чыгышат. Себеби, эл уктап жаткан маалда, машиналар аз убакыт бизге ыңгайлуу болот эмеспи. Бизге караштуу шаар боюнча 4 районубуз бар. Кызматкерлер өздөрүнүн иш графиги менен суу чачып турушат. Аба-ырайынын ысыктыгын эске алып, 1-июлдан бери негизги көчөлөргө күндүз да суу себе баштадык. Эл абдан жакшы пикир айтып жатканын көрүп, окуп абдан кубанып олтурабыз. Бирок бул дайыма эмес, өтө ысык күндөрү гана себилет.

—Тазалык кызматынын техникалык абалы канааттандыраарлык элеби?

—Кудайга шүгүр. Азырынча техникалар жетиштүү. Учурда 200гө чукул таштанды ташыган унаа бар. Алар түнү менен иштеп, баардык таштандыларды чогултуп кетишет. Көчө шыпырылгандан чыккан таштандыларды эртең менен кечке чейин алабыз. Болгону азырынча кышкы мезгилде кум себе турган машиналар гана жетишпейт. Буюрса бул маселе да чечилет деген жакшы ниеттебиз.

—Таштандыларды таштоочу кутулар канча даана? Шаарды толугу менен камсыз кылабы?

—Бишкек шаарынын эл көп жашаган аймактарга 5495 даана таштанды челек коюлган. Мунун баардыгы шаардын тургундарынын камсыздоосуна жетпейт. Муктаждык жок эмес, баардыгына жетиштүү кылыш үчүн дагы 2 миңге жакын таштанды челек коюлуш керек.

—Ар кандай адамдар кездешет эмеспи. Дегеним, көчөнүн боюна, арыктардын ичине таштандыны ыргытып кеткендер бар. Булар тоскоолдук жаратса керек?..

—Албетте, кошумча түйшүк жараткан ошолор. Ар бир жаран борборубуздун тазалыгына кайдыгер карабаса деп тилейбиз. Борбор калаа бир гана биздики эмес, баарыбыздыкы эмеспи. Андыктан ар бир жарандын тазалыкка болгон аяр мамилесине муктажбыз. Таштандыны ой келди жерге ыргытпастан, атайын урналарга салган жарандарга алкыш айткыбыз келет. Жарандарыбызга шаардын тазалыгы жеке бизге гана эмес, алардан дагы көз каранды экендигин социалдык тармак, атайын видео кайрылуу аркылуу да жеткире албай койдук. Айрымдар 50 метр жакын жерде атайын урна турса да турган жерине таштандыны ыргытып салып кете беришет. Кээ бир жашоочулар кабат үйдүн терезесинен таштанды салынган баштыктарды таштап жиберишет. Анын баары жерге чачылып, жыйынтыгында ал таштандыларды биздин кызматкерлер тазалоого туура келет. Керек болсо таштанды салчу челектер бош болсо деле, так жанына келип ичине салбай түбүнө ыргытып кеткендерди көрүп жиниң кашаят.

—Көчө шыпыргандан намыстанып көп адам сиздердин ишканада иштегиси келбейт деп айтылып жүрөт. Кызматкерлер жетиштүүбү, айлыктары көп элеби?

—Жалпысынан 1500 киши иштейт. Айлыктары 20 миң сомдон жогору, бирок жумуш ошончолук оор. Мурда жаштарды бул кызматкатарта албай кыйналышчу экен. Азыр аябай көбөйүп калышты. Кезекке туруп кызматка чакыруубузду күтүп жатышканы да бар. Көчө шыпыргандардын көбү пенсия курагындагылар. Алар кышкысын кыйналышат. Себеби карды күрөк менен ыргытып, муздарды жаруу оор жумуш. Бирок жаштарыбыз да жок эмес. Өз шаарынын тазалыгына кам көрүү уят эмес, сыймык. Мындан эч ким арданбаш керек. Адал эмгек, аны менен бирге айлыгы жаман эмес.

—Бир жылдык бюджетиңиздер канча?

—500 миллион сомдун тегерегинде. Анын ичинде 350 миң сомго чукул каражат айлык маянага кетет.

—Таштанды үчүн элден чогултула турган акча арзан эмеспи, көбөйтсө болобу?

—2009-жылга чейин ар бир жашоочуга 15 сомдон гана төлөшчү. Азыр 22 сом болуп калган. Болгону пенсионерлер гана 6 сомдон беришет.

—Шаардын тургундары таштандынын акчасын убагында эле төлөшөбу?

—Ар кандай. Өздөрүнүн атуулдук милдетин эске алып дароо төлөп койгондор бар. Мындан сырткары карызы көбөйүп кетсе деле тоготпой жүргөндөр да жок эмес. 10 миң сомдон ашык карыз болгондорду сот аркылуу чечишүүгө туура келет. Жалпысынан шаарда жашаган 495 миң кишинин баары эле бирдей акча төлөй албайт да. Алардын да шарттары ар кандай дегендей.

—Азыр шаарда расмий катталбасаң дагы милдеттүү түрдө таштандыга акча төлөп берүү мыйзамы иштелип жатат. Бул туурабы?

—100% макулмун. Айрым адамдар расмий түрдө жашап, кайсыл бир батирге ээ болбосо дагы үйүнөн таштанды чыгып жатпайбы. Адам жашаган жерден сөзсүз таштанды чыгат. Муну ар бир жаран унутпаса. Сөзсүз эле шаарда каттоосу болуусу шарт эмес. Кээ бир шаардын сыртында жашаган адамдар: «Биз жактарга таштанды салчу контейнер коюлбаса дагы акча беришибиз керекпи» деп айтышат. Алар баары бир биздин контейлерге таштап жатышат. Кызматкерлерибиз тазалап чыгарып кетишет.

—Кышкыга даярдык башталдыбы?

—Ооба, азыртан эле кышка даярдык кылып кум, туздарды даярдап коюшубуз керек. Учурда тендер өткөрүп, камылга көрө баштадык.

—Шаар тургундары тамашалап «селсаяктар тазалык кызматынын биринчи душмандары» деп коюшат. Таштандыларды чачып, ишиңиздерди арбыткан учурлар көп кездешеби?

—Түнү менен тазаланган таштанды салчу контейнерлер кайра эле түшкө жетпей толуп калат. Анан анын баарын селсаяктар чачып салышат. Биз ар бир таштанды салчу контейнерлерди кайтара албайбыз да. Айла жок, алардын чачкандарын кошумча жумуш болуп, кызматкерлерибиз убара тартышат.

—«Тазалык» тармагын жетектегенге чейин кайда иштечү элеңиз?

—Мен 17 жылдан бери ушул эле тармакта иштеп келе жатам. Директор болгонума бир жыл болоюн деп калды. Тазалык кызматынын мурдагы директору баардык иштерди бир жолго салып кеткен. Ошол жол менен иштеп жатабыз. Буюрса өзүбүз дагы ишти алдыга жылдыруу үчүн болгон аракетибизди жумшап жатабыз.

Сезим Мураталиева

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *