Талас облусунун ар бир айылына санитардык-карантиндик посттор коюлуп, адамдардын жана автоунаалардын каттамы текшерилүүдө

Талас облусунун ар бир айылына санитардык-карантиндик посттор коюлуп, адамдардын жана автоунаалардын каттамы дыкат көзөмөлгө алынуда. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, Өзгөчө муктаждык болбогон жагдайда, жашаган жеринен эч ким, эч жакка чыкпоого тийиш.

“Талас облусунун кире бериши Талдыбулак айылында 21-марттан баштап карантиндиндик-санитардык пост иштеп жатат. 24-марттан баштап Талас шаарына жана Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас райондорунун бири-бири менен чектешкен аймактарына атайын посттор коюлду” – деп айтылат маалыматта.

Маалыматтар боюнча, санитардык посттордон өтүү үчүн өтө зарыл жана жүйөлүү себеп менен каттаган жарандарга гана уруксат берилет.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *