Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Талас облусунун башчысы Марат Мураталиев кызматтан кетти
Кызмат-мансап

Талас облусунун башчысы Марат Мураталиев кызматтан кетти

Бүгүн, 6-октябрда 200гө жакын адам Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратынын жанына чогулушту. 

Маалыматтар боюнча, Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев отставкага кетти. Мураталиев кызмат ордун тынчтык жолу менен бошоткону белгилүү болду.

Учурда имаратка чогулгандар элдик кошуунун түзүп, тынчтык акциясын башташууда. Алар акимдердин, айыл өкмөт башчыларынын кызматтан кетишин талап кылышууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арызын жазган.

Алтынбек Намазалиев Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары, башкы мамлекеттик санитардык дарыгер болуп дайындалган Нурболот Усенбаевдин эмгек жолу

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев өз арызынын негизинде кызматтан кетти