Таласстагы соттор таза деп ойлойсуңарбы?

Талас областтык соту Жазуучулар Союзунун мүчөсү, акын Мая Осмонкулованы ушуну менен экинчи жолу сызга отургузду. Облсоттун Эстебесов, Султаналиева, Жаманкуловадан турган жарандык иштер боюнча коллегиясы Ө.Исраилов деген Талас шаарынын мурда соттолгон тургуну акындын 10.000 долларын (он миң ) 2006-жылдын 22-апрелинде тил кат жазып берип, Талас шаары, Беш-Таш көчөсү-38 дарегиндеги турак үйүн күрөөгө коюп карызга алып, ошол бойдон бербей жүргөн шылуундугун “мыйзамдаштырып” беришти. Судьялык тажрыйбалары 1 жылдын оро-парасында жаңыдан тана башталган бул 3 судья шылуундун өкүлү болуп сотко катышып жүргөн Талас шаарынын вице-мэри Асел Күрүчбекованын “шир күрүчүнө” күптү болгончо тоюшканбы же кальщ конверт бергенби – айтор Талас шаардык сотунун 2.07.2014-ж. чыгарган “карыз Ө.Исраиловдун наамына катталган Талас шаары, Беш-Таш көчөсү-38 турак жайына буруу жолу менен өндүрүлсүн” деген чечимине өтүп кеткен даттануу мөөнөтүн калыбына келтирип, анысы аз келгенсип, шаардык сот чыгарган чечимди да жокко чыгарды. Көзгө атар бул үч мерген бир ок менен эки коен атышты. Ак эмгегин, адал акчасын жедиргендерди жерге житире кагып, аларды алдаган шылуундарды, алдамчыларды, эки жүздүүлөрдү, паракорлорду сүттөн ак кылып актап жаткан соттордун ишине дагы бир айкын мисал жаралды. Ошентип Кыргызстандын соттору өз чөнтөгүндөгү акчаны санап берип, кайтарып алалбаган акын М.Осмонкуловага окшогон жүздөгөн, миңдеген катардагы жарандардан тарта Ө.Текебаев, Ө.Бабанов, Д.Сарыгулов, КЖадыров, С.Жапаровго окшогон ондогон саясатчыларды тизеге чапкан ыкмага өтүп алышты. Деги соттордун тизгинин кага ала турган калыс калк атасы, чынчыл өлкө башчы чыгаар бекен кыргызда?

Булак: Ачык Саясат

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *