Таласта Конор Макгрегорду туурап электр тирөөчүнө чыккан жаранга тартиптик чара көрүлдү

Таласта Ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегордун басканын туурап электр тирөөчүнө чыккан монтерго тартиптик чара көрүлдү. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ишканасынан кабарлады.

Маалыматка караганда, “Түндүкэлектр” ишканасы мушкерди туураган электромонтер А.А менен бригаданын жетекчиси М.Н. аттуу кызматкерге техникалык коопсуздук эрежелерин сактабаганы үчүн дисциплинардык чара көрдү. Эми алар техникалык коопсуздук эрежелери боюнча кайрадан мөөнөтсүз аттестациядан өткөрүлө турган болду.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда электр тирөөчүнө Конор Макгрегорду туурап чыгып бараткан электриктин видеосу тараган.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *