Таласта жумушка орноштурам деп 200 адамдан акча алып, алдап кеткен шектүү Бишкекте кармалды

Алдамчылык боюнча издөөдө жүргөн Калыбек Мырзакулов кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Буура районунун Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бир катар ири көлөмдөгү алдамчылык аракеттерди жасаган деп шектелген Талас районунун Көк-Ой айылынын 40 жаштагы тургуну кармалган.

Эркек киши Бишкек шаарындагы желим түтүктөрдү чыгаруучу цехтен табылган. Ал жерде аялы жана кызы менен жашаган. Шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, буга чейин Мырзакулов Калыбек издөөдө жүргөнү кабарланган. Ал Кара-Буура районунун аймагында бир катар ири көлөмдөгү алдамчылык аракеттерди жасаган деп шектелген.  Анын алдамчылык иш-аракеттеринен улам 200дөн ашуун жаран жапа чеккен.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *