Таластагы Жерүй кени боюнча жыйынга Бокоев, Казакбаев, Жээнчороевдин качып келбей койгонунун себеби анын артында Бабанов турат

Бүгүн, 14-январда, Бишкекте Таластагы “Жерүй” алтын кени боюнча “Жерүй: көйгөйлөр жана чечүү жолдору” аттуу тегерек стол өтүүдө. Ага белгилүү  саясатчылар, коомдук ишмерлер катышууда.

Бул иш-чараны уюштуруучулардын бири Айбек Мырза Базарбай Мамбетовдун алтын кени боюнча берген баяндамасынан кийин, тегерек столго чакырылгандардан ким качып келбей койгондордун атын атады. Алар ЖКдагы “Республика-Ата журт” фракциясынын депутаттары Мирлан Жээнчороев, Руслан Казаков, Кенжебек Бокоев. Алар чакыруу кагазын алганы менен келбей койгонун Айбек Мырза “Таластагы “Жерүй” алтын кенине Өмүрбек Бабановдун тиешеси бар деп сыпаттады.

Эске сала кетсек, 4 миллиард доллар алтыны бар “Жер үй” алтын кенин 2015-жылы Бабанов ээрчитип келген орусиялык чечен бизнесмендерге президент Атамбаев менен премьер-министр Темир Сариев 100 миллион эле долларга сатып жиберишкен. Кыргызстанга 1% да үлүш калган эмес. Азыр Жерүй алтын кени 100% чечендерге таандык.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *