Талгарбек Бекболотов: “Элдик парламент” бирикмесинин эмгеги тарыхта калат”

Мындан үч жыл мурда, 2016-жылы 12-майда «Элдик парламент» коомдук бирикмесинин төрт мүчөсүн КР улуттук коопсуздук комитети «төңкөрүш жасашмак» деген айып менен камакка алган. Эки айдан кийин аларга ЖКнын экс-депутаты Тойгонбек Калматовду да кошкон. Биз белгилүү аграрчы экс-министр менен ошол кездеги жана андан берки окуялар боюнча маек курдук.

– Бекболот агай, сиздер уюштурган бирикменин максаты кандай эле, эмне иштерди жасай алдыңыздар?

-«Элдик парламент» 2016-жылы 12-апрелде түзүлүп, ага 105 адам кирген. Мүчөлөр үч критерий менен кабыл алынган: 1) Мамлекетчил, мыйзамды сыйлаган инсандар. 2) ЕАБди жактагандар. 3) Коррупцияга малынбагандар. Максаты – өлкөнүн ошол кездеги талылуу маселелерин көтөрүү болгон. Биз уюшулуп, анан камакка алынганга чейинки бир айда эки ирет пресс-конференция өткөрүп, кыргыз элине Билдирүү жана Кайрылуу кабыл алдык. Бир жолу төрт жүздөй адам катышкан форум өткөрдүк.

– Сиздердин камалышка Атамбаевдин президенттиктен кетүүсүн көтөргөнүңүздөр себеп болду го…

– «Элдик парламент» алгач үч маселе көтөргөн. Анын башкысы – ошол убактагы президент Алмазбек Атамбаевдин отчету жана өз ыктыяры менен отставкага кетүүсү болгон. Анын отставкасына жол ачкан он себепти кеңири негиздегенбиз. Алардын туура көтөрүлгөнүн өткөн мезгил таамай тастыктады. Үч жыл мурда 105 адамдын президент Атамбаевге берген мүнөздөмөсүнө кайрылып көрөлүчү: «Оюна эмне келсе ошону жасай берет. Сансыз жана куру убадаларга маш. Бир да ишти аягына чыгарбайт. Чуру-чуулуу жана популисттик кампанияларды жакшы көрөт. Сөз сүйлөө – анын эң сүйүктүү иши. Баарын үйрөтүп, чарчабай мактана берет. Башка бирөөлөрдү жаны жыргай шылдыңдайт жана каралайт. Алдамчылык жана каратып туруп калп айтуу жагынан алдына адам салбайт. Ичи тар жана көрө албас мүнөздүү. Чагым салуунун жана башкалардын жетишкендиктерин өзүнө таандык кылуу жагынан чебер. Каталыктары, кемчиликтери үчүн жооп берүүнү каалабайт. Башкалар күнөөлүү болуп, өзү суудан кургак чыгат. Өлкөнү башаламан абалга алып келди. Кыргызстанды алсыз мамлекет абалына жеткирди. Жылдар өтөт, ошондо биздин келечек муун «кайсы бир популист, эки жүздүү жана каратып туруп калп айткан жандими адам кантип алты жыл бою Кыргызстандын элин чүлүктөп, жетелеп жүрдү экен» деп сөзсүз таңданат. Учурда өзүнүн алдыдагы коопсуздугу жана жыргал жашоосун камсыз кылуу маселелери менен алек». Бул мүнөздөмөгө коомчулук бүгүн өз баасын берсин.

– Сиздерди камаганга кандай далил келтирилген?

– Президент Атамбаевдин кыйраткыч, былык иштерин ачык айткандарды жалган жалаа менен камап, соттоп жиберүү – конвейер ыкмасына салынганы учурда жалпыга маалым. Эгерде «Элдик парламент» ишин уланта берсе, анда өзүнүн чыныгы жүзү ачыкталып жана коррупциялык долбоорлору чубап чыга берерине көзү жеткен Атамбаев бизди каматып, соттотуп гана элдин каарынан убактылуу кутуларына көзү жеткен. Ал кездеги жасоолдору – Абдил Сегизбаевдин, Индира Жолдубаеванын колу менен өз максатына жетти. Бизди каматууга бир гана сексоттун «мага Т алгарбеков бийликти күч менен басып алабыз деп айткан» деген бир ооз жалаа сөзү жетиштүү болду. Башка бир да далил жок! Оор кылмышка барганын соңун түшүнгөн Сегизбаев соттук процессти мыйзамга түкүрүп, зордоп жабык өткөрттү. Мени жана Төрөбай Колубаевди он төрт жылдан, Марат Султановду он жылга, Тойгонбек Калматовду беш жылга, Александр Гусевди алты жылга соттоп тынышты.

– Сиздер ишти баштаганда араңардан ЖК экс-төрагасы Абдыганы Эркебаев, экс-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев, экс-губернатор Мамасадык Бакировдор чыгып кетишкен эле. Алар «сатып» кетиштиби?

– Жок, алар сатышкан эмес. Эркебаев агезде Улуттук илимдер академиясынын президенти болчу. Бийлик ага кысым жасап, кызына кылмыш иш токуду. Эркебаев бизден чыгып турууга аргасыз болду. Бакировго да куугунтук башталды. Ал да «чыгып турайын» деп суранды, макул болдук. Жумалиевден өзүбүз сурандык. Себеби бийлик «Талгарбеков, Жумалиев экөө Акаевдин буйругун аткарып жатышат» деп сайрай баштаган. Айта кетсем, кийин абакта жатканыбызда Эркебаев, Жумалиев, Бакировдор бизге моралдык колдоону жакшы көрсөтүштү.

– Камактагы оор мезгилди кандай өткөрдүңөр?

– Биз УКМК СИЗОсунда жатканда аксакалыбыз Тойгонбек Калматов 70 жашта болчу. Ал биздин бирикмеге эки жолу эле келген. Биз менен 12-майда камалган эмес. Эки айдан кийин аны УКМКга чакырышып, «сиз «Талгарбеков, Колубаев экөө төңкөрүш жасашмак» деген көрсөтмө бериңиз» деп суранышат. Отказ алышкан соң камакка алышкан. Аксакалыбыз СИЗОдо катуу ооруп жүрдү. Аны үй камагына чыгарууну он беш жолу өтүндүк. Бирок Атамбаевдин чексиз көөп тургай бандасы болбоду, атайын кыйнады. Сегизбаев ойлосо керек, «Калматов – слабое звено» деп. Бирок аксакалдын кайраты, мекенди сүйүүсү эбегейсиз бекем, күчтүү болуп чыкты. Бизге үлгү болду. Төрөбай Колубаев мекенчил, эрктүү жигит экенин көрсөттү. Марат Султанов мурда Бишкек шаардык сотунун төрагасы болгон. Ал мыйзам, соттук маселелер боюнча такшалган адис экенин далилдеди. Александр Гусев – афган согушунун ветераны, аны да сындыра алышпады.

– Саясый туткундардын тагдыры боюнча коомчулуктун үнү таасирдүү болду окшойт…

– Ооба, биз элибизге терең ыраазыбыз. Биз үчүн азап мезгилде абдан колдоп берди. Атамбаев бир маегинде «саясый куугунтук кылган эмесмин» деп жанын жеп жатпайбы. Аныгында, анын 2012-17-жылдардагы репрессиясы 1937-38-жылдардай эле кылымдар бою тарыхта калат. Саясый туткун Кубан Кадыров белгилегендей, Атамбаев күч-сот органдарынын кызматкерлеринен турган уюшулган кылмыштуу топ (ОПГ) түзгөн. Анын мүчөлөрү – мамлекеттин денесиндеги рак клеткалар. Саясый туткундарга жалган жалаа токушуп, зулум өкүм чыгарышкан, алардын он миңдеген үй-бүлө, урук-туугандарынын түбөлүк каргышына калышкан жексурлар. Өткөндө «легендарлуу парламенттин» төрагасы Медеткан Шеримкулов Атамбаевди сталиндик режимдин башкы прокурору Вышинскийге теңеп, анын саясый куугунтугу 1937-38-жылдардагы репрессиянын көчүрмөсү экенин баса белгиледи.

– Активдүү мүчөлөрү камалган соң «Элдик парламент» ишин уланттыбы? Эми анын келечеги кандай болот?

– Уланта алган жок. Себеби Атамбаевдин «госмашинасы», күч түзүмдөрү 105 адамдын артынан түшүп, куугунтукка алышкан. Алар эки-үч ай суракта жүрүштү. Ошентсе да көпчүлүгү биз менен байланышты үзбөй, дайыма колдоп келишти.

«Элдик парламент» коомдук бирикмеси өзүнүн миссиясын татыктуу өтөй алды. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кыргыз элине, мамлекетине тоодой кас саясатын, иш-аракетин өз убагында ачыктап, далилдеп бере алды. Өкүнүчтүүсү, бирикменин мүчөлөрү кыргыз элин Атамбаевден өз учурунда кутулта албады.

Эгер үч жыл мурда аны отставкага кетире алсак, анда ал далай ыплас, кыянат иштерин жасоого үлгүрбөй калат эле. А негизи «Элдик парламенттин» иш-аракети эгемен кыргыз мамлекетинин тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калат. Келечекте анын мүчөлөрүнүн эскерүүлөрү жазма түрүндө жана даректүү тасмалар катары жарык көрөрү шексиз. Быйылкы жылдын март айында биз, саясый туткундар, граждандык кошуун уюштуруп, андан бери саясый реабилитация боюнча иш алып баруудабыз. Ошондой эле соңку мезгилде көп иш жасап келаткан Элдик курултайдын максатын жүзөгө ашырууга жардам берип, келечекте Алмазбек Атамбаевдин камалып, өмүр бою соттолушуна өз салымыбызды кошобуз.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *