Талгат Нигматулин – көп кырдуу талант

Советтик киноэкран жылдызына айланган Талгат Нигматулин аз жашады. Бирок артында кинодо гана эмес, көп тармактарда из калтырды…

Талгат Нигматулиндин өмүр баянында көп ак тактар калган, ар түркүн айтылган фактылар да арбын. Ал өзү интервьюларында Ташкентте туулуп, ал бир жашында үй-бүлөсү Кызыл-Кыяга көчүп барганын айтчу. Кызыл-Кыядагы бир көчө анын атына коюлган. Бир гана так белгилүүсү артист бир кезде Тадеуш Касьяновдо машыккан (ал кездеги көп жылдыздар Касьяновдо машыгышчу), ал эми анын Өзбекстандын каратэ боюнча чемпиону болгонун, СССРдин биринчи чемпионатында катышканын тактоо кыйын болду. Талгатты билгендер ал муну жөн гана оюнан чыгарып салган дешет.

Өзүнүн аялдарына жана аны жакшы көргөн кыздарга ал өзү байыркы падышанын тукумунан экенин айтчу. Мунусун жокко чыгарууга да, тактоого да мүмкүн эместиги айкын. Эмне дегенде да, жылдыздарга фантазиялуу кыялдар таандык болот эмеспи!.. Турмушундагы окуяларды да кандайдыр бир кооздоп-көркөмдөгөнгө умтулушат. Кээде алар өздөрү аткарган ролдорду өз турмушундагы реалдуу окуялар менен чаташтырып алышкан учурлар да кездеше берет.

Өз өлүмүнө себепкер болушкан адамдар менен Нигматулин 1978-жылы таанышкан. Аларды 80-жылдардагы Остап Бендерлер деп койсок да болот. Мирза Кымбатбаев — дервиш кейпин кийип, сопучулуктун баалуулуктарын таркаткан адам сыяктуу болгон. Табыпмын деп мактанчу. Кээде чын эле анын дарылоосу шыпаа болуп кеткен учурлар да кездеше турган. Абай Бөрүбаев бул псевдо -д ервиш Мирза менен таанышары менен эле анын ким экендигин байкайт. Куран боюнча бир-эки суроо берери менен эле, Бөрүбаев бул бакшы дин жөнүндө эч түшүнүгү жок экенин билет. Абай өзү «псевдо – окумуштуу” болчу. Ошентип, экстрасенс менен анын ички дараметин изилдеген профессордун тандеми башталат.

Ошол кезде алгач «алдыга кеткен» интеллигенцияны, андан соң жалпы эле элди мистикалык нерселер өтө кызыктыра баштаган. Газета-журналдарда «учкан йогдор» жөнүндө макалалар көп чыкчу. Хирургиялык инструменти жок, жылаңаяк колу менен операция жасашкан сыйкырдуу табыптар тууралуу аңыздар каңгып жүрчү. Талгат Нигматулин дагы бул толкунга кабылат, бирок аны дзен-буддизм кызыктырат. Эки шарлатандын идеясы биригип, ошол кездеги секталардын биринин жаралышына шарт түзөт. Өздөрүнө «Төртүнчү жол» деп ат коюшуп, Ташкентте таанылышат. Негизинен аларга жалгыз бой аялдар кабылышат. Жана да өз жолун таба албай жүргөн студенттер келише турган. Бул сектага сыйынгандар Кымбатбаевдин табигый жөндөмүн изилдеп, толук ачуу үчүн деп, ай сайын акча төлөп турушчу. Ал адам институтуна Бөрүбаев жетекчилик кылмак.

Секта убакыт өткөн сайын өсүп, СССРдин дээрлик бардык ири шаарларында анын СССРдин дээрлик бардык ири шаарларында анын бөлүкчөлөрү пайда боло баштайт. Бардык чыр Вильнюста айлык взнос акыны төлөбөй коюудан башталат. Бул уюмду түзгөндөрдү мафиоздук клан Литва борборуна барышат. Алардын максаты – акы төлөбөй койгондорду жазалоо болгон. Мирза менен Абай Москванын каратэ боюнча чемпиону Пестрецовду чакырышат, аларга Нигматулин Седов жана Бушмакин кошулушат. Гурунун айтканына баш тартууга болбой турган. Вильнюста 1985-жылдын февралында жолугушуп, гуру менен анын жан-жөкөрлөрү баш тарткандардын дарегин кыдырып жөнөшөт. Эгерде коркутуу жардам бербесе — уруп-сабоого алыша турган. Талгат Нигматулин аларды уруудан баш тартат. Муну сектанттар саткынчылык катары баалашат. Актёрго кек сактап калгандыктан, дайыма ага ичи тарып, көрө албай жүргөндүктөн, Абай эми Талгатты жазаламакчы болот. Юнан 11-февралга караган түнү фотохудожник Калинаускастын квартирасында алар актёрду сабап башташат. Талгат каратист болсо да, аларга эч каршылык көрсөтпөйт.

Бир жагынан алганда, ага өзүнүн «духовный окутуучусуна» каршылык көрсөткөнгө болмок эмес. Тадеуш Касьяновго ишенсе болот, ал жөн эле айта бербейт.

Касьяновдун айтымында, баарына наркотик себепкер болгон. Актёр атагы чыккан кезде – “Пираты XX века” фильми дүңгүрөп турган кезде наркотикке берилип кеткен. Прокаттагы ийгилик (биринчи жылы 90 миллион билет сатылып, экинчи жылы 30 млндон ашуун сатылган) ойлогондон да ашып түшкөн.

Аны сабашкан себеби, ал кезде актерду саан уйдай эле “саап ичип”, пайдаланып калышкан болчу. Сектадагыларга ал 6 миң рублдан ашык карматкан. Анын оорулуу болушу ого бетер абалын оордоткон. Ал мурдагыдай көп киреше бербей калган.

Кийин алардын баары 15 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө кесилишкен. Жазуучулар Союзу менен Илимдер Академиясына да кылмыш ишин козгоо аракети болгон. Алар сектага болгон кызыгууну арттырышкан деп шектелишкен. Бирок, өтө чоң жана таанымал кишилер аралашкандыктан, бул иш ошол боюнча жабылган. Талгат артында дагы бир табышмак сырды калтырып кеткен. Айрым булактар анын өлөргө жакын православие динин кабыл алганын айтышат. Бирок Талгаттын мүрзөсүндө мусулманча белгилер коюлган.

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *