Тарых дөңгөлөгү тескери айланганда

Бир учурда Кыргызстанды “демократия аралчасы” деп жар салганбыз. Ырас, алгачкы мезгилде А.Акаевдин мамлекетти башкарууга тажрыйбасы жок болсо да, эл аралык мамилелерде өлкөбүз туруктуу орунун тапкан, бирок экономикалык жактан кыйроо деңгээлине чейин жеткен. Бул  мезгилде мурдагы постсоветтик өлкөлөрдүн бардыгы эркиндикке ээ болсо да, “жапайы капитализмге” даяр эместиги ошондо белгилүү болду. Мунун объективдүү жана субъективдүү себептери  азыркы күндө ар тараптуу анализденип чыкты. А.Акаев чыгаан окумуштуу, саясий көз карашы жактан либерал катары таанылган менен саясатчы жана мамлекет башчысы катары туруктуу көз карашка ээ боло албагандыгы ачык көрүндү. Окумуштуулардын тар чөйрөсүнөн башка тармакта иштеп көрбөгөн бул адамдын өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө кудурети келбей калды. Өлкө үй-бүлөлүк башкарууга өткөрүлдү. Натыйжада өлкөдө тынымсыз пикеттер, саясий митингдер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, акыры президент үй-бүлөсү менен  качууга мажбур болду.

Оппозиция К.Бакиевди президенттикке алып келишкен, анткени анын ири байлыкка ээ болгондугу себеп болду. Оппозициядагы башка байлар ири каражатты чачкандан корккону ошондо ачык көрүндү. Алгач оппозициянын лидерлери президенттин командасында аздыр-көптүр иштешип көрдү. Алар каалаган  бийик посттор саналуу болгондуктан алар ээ болгон көксөгөн кызматтарына ыраазы болушкан жок. Кайрадан пикеттер, митингдер күч алды. К.Бакиевдин мурдагы бийликке илинбей калган өнөктөштөрү оппозицияга өттү да, бийликти кулатуу максаттарын ишке ашырууга  “Бириккен элдик кыймылды” (БЭК) уюштуруп, аргасыз биригишти. К.Бакиевдин командасы БЭКтин бетин ачуу максатында аларды кызматташууга чакырып, бул кызматка КСДП партиясынын лидери А.Атамбаев премьер-министр кызматына кетти. Ошентип БЭКтин бели сынган эле. Жыл айланбай А.Атамбаев бул кызматтан кетти да, кайрадан оппозицияга өттү. Ошол учурда К.Бакиев дагы куулукка салып, А.Атамбаевдин көкүрөгүнө орден такканда, анын президентке айткан “ыраазычылыгын” “кара жашиктен” көргөзүлгөнүн кантип тана алабыз?!

Ушундан пайдаланып К.Бакиевдин командасы бийликти колдон чыгарбоо максатында “Ак Жол” партиясын түзүп, кайрадан президенттикке ат салышты да, бийлигин сактап калганы менен элдин нааразылыгын күчөткөн “экономикалык реформасы” менен “5 миллиондон ашык кою бар” уулу Максим үчүн даярдаган ЦАРИИ кызматы түзүлгөндүгүнөн жана кландык бийликтен тажаган “койлордун” козголоңу башталган. Кландык бийликтин кылмыштуу аракетин жаап-жашыруу максатында мамлекетти башкарууга формалдуу мүнөздөгү партократиялык системаны киргизүү максаты коюлган.

“Эки дөө жөөлөшсө, ортодогу кара чымын кырылат” эмеспи. Бийлик менен оппозициянын тирешүүсүнүн кесепетинен Ак үйдүн алдында карапайым калктын уулдары окко учту, “ак жакачандардан” эч кими мындай жабыр тарткан жок. Муну байкаган эл “жылуусу жок тонуңдү урайын, тынчы жок мамлекетиңди урайын” – деп андан кийин эки тараптын “саясий-шоуларына” аралашпай өз арбайын өздөрү сокконго  өтүшкөн болчу. Дагы кайталайм, стабилдүүлүктү бийлик эмес, карапайым калк ошентип калыбына келтирген.

Ушул эки төңкөрүштүн негизги кыймылдаткыч күчтөрү кимдер болгонуна назар салсак, бул жалпы элдик мүнөзгө ээ боло алабы? Коркпой эле айталы, жок, жалпы элдик мүнөзгө ээ боло алган жок. Чынына келгенде кыймылдаткыч күчтөр региондук мүнөзгө ээ болгондугун тарыхчы окумуштууларыбыз эмес, калкыбыз калыстык менен айтышат. Алар үй-бүлөлүк башкарууну кыйраткан негизги кыймылдаткыч күчтөр түштүк региондон түзүлсө, кландык башкарууну кулаткан негизги кыймылдаткыч күч түндүк региондон түзүлгөнүн бийликтегилер жашырса да карапайым калк ачык эле айтып жүрүшөт.

Кландык бийлик кулатылган менен оппозиция жаңыча иштегенди кой, жаңыча ойлонууга алсыз экендиги ачык көрүнгөн. Канча жыл бийликти алууга аракеттер жасалганы менен оппозициянын саясий-социалдык, экономикалык, идеологиялык программалары болбогондугун учур  далилдеп койду. Алар аргасыз Орусиянын 1917-жылдын 25-октябрындагыдай декреттер менен гана бийликти кармап турушту. Ак үй алынса да жаңы бийликти жалпы Кыргызстан тааныган жок. Лидерлердин ар кими президент болгусу келсе да, эч кимиси мамлекетти башкарууну колго алууга батына алышкан жок. Алар К.Бакиев кокусунан күч топтоп, кайрадан бийликти алса, аёосуз жазага тартыларынан коркушкан.

Дагы бир нюнанс, “эки кочкордун башы бир казанга кайнабайт” – дегендей алар бири-бирине бул кызматты ыраа көрүшкөн эмес. Ушундан улам Убактылуу өкмөттүн башына ортодогу жалгыз аялзатын “сыйлаган” “джентельмен” катары көрүнүү үчүн Роза Отунбаевага аргасыздан бул орунду сунуш кылууга мажбур болгон сыяктанат. Кокус эски бийлик ордуна келсе, башкы жоопкерчиликти Р.Отунбаева тартып, өздөрү жеңил-желпи кутулууну максат кылышкан деп жыйынтык чыгарганга бизге укук берет. Бул шектенүүнүн кандайдыр деңгээлде туура экендигин А.Атамбаев Ысык-Көлдө өткөрүлгөн “Көчмөндөр оюндарынын” шаан-шөкөтүнүн алдында Р.Отунбаевага асылып сүйлөгөн кеп-сөздөрү далилдеп отурат.

Ушул жерден экс-президент А.Атамбаевге багытталган суроо туулат. Ошол учурда Р.Отунбаева “самозванец” мыйзамсыз президент болсо, А.Атамбаев анда неге ага орун басар болуп иштегенден баш тарткан жок? Анда неге ошол мыйзамсыз бийликтин колдоосуна таянып, президенттикке талапкерлигин койду? А.Атамбаевдин алардын аркасында президенттикке жетиши да мыйзамсыз экендигин моюнуна алышы эмеспи? Демек, 2010-жылдан ушул мезгилге чейинки декреттерди жана 2018-жылдын ушул кезге чейинки президенттердин указдарын, Өкмөттүн токтомдорун толугу менен жокко чыгаруу талабын коюуга жалпы элибиздин укугу бар эмеспи?!

Эң өкүнүчтүүсү, А.Атамбаевдин өлкөгө мурдагыдай эле партократияык системаны калыбына келтириши. Президент да, премьер да, ЖоКенин спикери да бир гана КСДП партиясынын колуна өткөрүлүшүндө болуп отурат. Тактап айтканда, мамлекеттик бийликтин бүтүндөй бутактары бул жеке менчиктеги партиянын колуна өткөрүлүп беришинде, натыйжада КСДП партиясы мамлекеттин майлуу-сүттүү жерлерин дээрлик узурпациялап алышына жол ачты. Ошентип тарых дөңгөлөгү тескери айланды. Президенттин иш-аракеттерин сындаган 4 журналисттерди сотко берип, бийликтин күчү менен айыпка жыкты. Бул окуядан улам Дүйнөлүк экинчи согуштун алдында чехиялык журналист Ю.Фучиктин: “Адамдар мен силерди жакшы көрөм, сак болгула!”- деген чакырыгы азыр кыргыз жергесинде жаңырган мезгил башталды.

А.Атамбаевдин арыгынан суу ичкендердин көшөкөр кошоматчылары ал өлкөдө стабилдүүлүктү орнотту деп ач айкырык салышкандан жадаша элек. Биз К.Бакиевдин учурунда электроэнергиянын наркын кымбаттатканында нааразылык акциясын баштаган элек. Ушуну эске алган экс-президент качан кызмат ордуна башкалар келеринде стратегиялык мааниге ээ болгон энергетика системаны “холдингге” өткөрүүгө шарт түзүп беришинде кандай катылган сыр бар экенин ойлобой отурабыз. Кеп чынына келели, холдингге өткөрүү – баалуу тармакты жеке менчикке өткөрүү. Анда энергетикалык системаны ээлегендер мамлекеттин көмүскөдөгү президентине айланат. Мунун артында кимдин кулагы көрүнүп турат? Ал эми ТЭЦтин кыш айындагы авариялык кыйроого дуушар болгону үчүн буйрукту аткаргандар күнөөлөндү. Алар бул үчүн жазасын тартат, бирок ушул ишти уюштургандар сүттөн таза чыга берет. Депжепжутарлар уюштурган комиссия чыныгы айыптууларды таап чыгары да күмөн.

Ал эми акыркы маалыматтарга таянсак, мурдагы экс-премьер Т.Сариев Ысык-Көлдөгү Өзбекстанга тиешелүү пансионаттарды Кыргызстандын карамагына кайтарып алгандыгы жар салынган. Ал эми жаңы шайланган президенттин Өзбекстанга жолугушуусунда ал пансионаттарга коңшу өлкөнүн жарандары гана дем аларына макулдугун бериптир деген ушак кеңири тараган. Ажыраган пансионаттарга кайрадан ээ болгон өзбектер ал пансионаттарга чектеш Орто-Токой суу сактагычынын суусун корушуп бербей жаткандыгы тууралуу кеп айтылууда. Чынында бизде ушактар ай айланып-айланбай чындыкка чыкчу эле, ай, каапырлар, качан Мекенибиздин жерин көз карегиндей сактаган жетекчилерге туш келер экенбиз? Эгер булар чын болсо президент Жээнбеков экс-президент досу А.Атамбаевдин “садагага чабылчу улагынын” милдетин аткарып калбас бекен?!

Экс-президент А.Атамбаев жомок айтканды жакшы көрүүчү эмес беле, мен дагы бир жомокко кайрылууну туура таптым.

Катаалдыгы ашынган падышанын терс кыял-жоруктарын мазактаган  ыр эл ичине кеңири тарайт. Каарданган падыша акын дегендердин баарын зынданга салдырат. Тарткан азап-тозокторуна чыдабагандар падышаны мактап, боштондукка чыга баштайт. Зынданда бир гана акын калат. Падыша ага ырдоого буйрук берет. Ал акын мурдагы ырына дагы кошумча кылып каардуу падышанын ырайымсыз мамилелерин кошуп ырдаган экен, жасоолдор акынды жазалоого сүйрөп жөнөшөт. Ошондо падыша: “Токтогула!”- деп кыйкырыптыр, – “менин мамлекетимде чындыкты бетке айткан чыныгы жалгыз акын бар экен, буга эч кандай жаза жок”.

Атти-и-ң, биздин жергебизде бийлик төбөлдөрүнүн жосунсуз жоруктарын ачыкка чыгарган, чындыкты бетке айткан, кемчиликтерин сындаган адамдарды жазалоодон баш тарткан адамдар бийликке качан келер экен, арман дүйнө!…

Эртабылды  АТТОКУРОВ, эркин журналист

Булак: Майдан.kg

    

 

 

 

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *