Тарых музейине сарпталган каражат аша чапкандык эмеспи?

Улуттук тарых музейин оңдоо эки жыл мурда башталган. Анда Түркиянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (ТИКА) менен өкмөт меморандум түзгөн. Бирок музейдин тышкы бети менен айланасы оңдолгон соң, кыргыз өкмөтү маданий имараттын ичин бюджеттин эсебинен оңдомок болгон. Бул үчүн бийлик алгач 1,5 миллиард сомдон ашык каражат бөлгөн. Бул боюнча “Ата Мекен” фракциясы “өкмөт Түркиянын бекер акчасын чанып, бюджеттен Кыргызстан үчүн оңбогондой каражатты жумшаган” деген маселе коюуда, 1 миллиард 559 миллион сом “сарамжалсыз жумшалып”, ага эмерек менен экспонаттар абдан кымбат баада алынган.

Экспозициянын курулушу 1 миллион 339 миң еврону түзгөн:

—экспозициялык жабдык (витрина) — 2 миллион 854 миң 285 евро;

— фонддук жабдуу — 665 миң 554 евро;

— шамчырак, көргөзмө залдар үчүн шина проводдор — 552 миң 910 евро;

— мультимедиалык жабдыктар—497 миң 310 евро;

— тирөөч/экспонаттардын жайгашышы — 242 миң евро;

— графика/жарнамалык жабдык — 271 миң 965 миң евро;

— мультимедиа үчүн контент — 419 миң 100 евро;

— климаттык жана өлчөөчү жабдык — 316 миң 695 евро;

— реставрациялык жабдык — 238 миң 918 евро;

—сактоо үчүн атайын таңгак—50 миң 2 евро;

— фойе үчүн эмерек, касса жана музей дүкөнү—271 миң 968 евро;

— гардероб үчүн эмерек —142 миң 560 евро;

— кафенин кире беришине алынган эмерек — 224 миң 56 евро;

— жыйындар залы/кинозал —132 миң 516 евро;

— шамчырактар жана коомдук бөлмөлөр үчүн шина проводдору (фойе, аудитория, ажаткана) — 91 миң 945 евро;

— дизайнердик консультация кызматы — 394 миң 200 евро;

Тизмектелген эмерек менен жабдыктардын жалпы суммасы — 8 миллион 705 миң 821 евро.

Мамытбай Салымбеков, коомдук ишмер

-Бүткүл дүйнөдөгү мамлекеттер сырттан чыгарылган буюм-теримдерди албайт. Муну өз мамлекетине келтирген зыян катары эсептеп, жоопко тартат. Ал эми бизде болсо бөлөк мамлекеттен сапатсыз буюмдарды өтө кымбатка сатып алып, бөлөк мамлекеттин жумушчу ордун каржылайбыз да, өзүбүздүн элибизге жумушчу орунду бюджетсиз калтырабыз. Бул биринчиден, экинчиден сатып алган буюм эмеректерди биздикине караганда 10-20 эсе кымбат алабыз. Ортодо бир балээ болуш керек. Көздөгөн өзүлөрүнүн максаты болуш керек. Белоруссияда өзүлөрү чыгарган буюмдан албаса, башканы алгандарды жоопко тартат. Эмне үчүн бөлөк мамлекеттин жумушчу ордун каржылайсың деп. Сапатына жана дизайнга өтө жооптуу карашат белорустар. Бизда алардан үлгү алышыбыз керек.

Тынчтыкбек Чоротегин, тарых илимдеринин доктору, профессор:

– Менин түшүнүгүмдө музей жетекчилигинин илимге карата эң чоң чыккынчылыгы – мумияны “шаман-бакшыларга” тарттырып жибергени болгон. Ал эми заманбап технологияга шайкеш аспап-каражаттарга келсек маселе татаалыраак. Мисалы, азыркы тапта “Акылдуу такта” деген чыкты. Аны менен интернетке байланышып, интерактивдүү сабак өтө аласың. Аны айылдагы жыгач уста жасаган салттык кара такталар менен салыштырууга эч мүмкүн эмес. Мектептеги эски такталарга бор менен гана жазасың, бирок башка эч амалды аткара албайсың да. Ошондуктан бул маселени кылдат иликтөө керек. Эгерде чет өлкөлүк компанияга алдатканы так болсо, анда жазалоо керек. Бирок аны тактабай туруп “жазалайбыз!” деп кыйкыруу адилетсиздик болот. Түркиянын Эскишехир шаарында жаңы курулган музейдеги интерактивдүү усулдарды көрүп абдан ыраазы болгом. Заманбап музей жабуулары кымбатка тураары да шексиз. Ушунча ремонт кылып, анан экспонаттарды эскиче калтыруу да чоң сынга кабылтмак. Калыстык үчүн заманбап музей таануу адистеринин пикирлерин да угуубуз керек деп ойлойм.

Гүлмира Шаршеева

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *