Тарыхка тактык киргизген окумуштуу

Ташманбет Кененсариевдин 70 жылдыгына карата.

Мен Ташманбет Кененсариевдин бир тууган иниси Эрманбет менен Улуттук университеттин тарых факультетинде сырттан бирге окугам. Ошондон улам бул кишини жашымдан бери жердеш катары да, тарыхчы окумуштуу катары да, көп жаштарды тарбиялап, өстүрүп келаткан устат катары да жакындан билем жана эмгектери менен жакшы таанышмын. Биз – жердештери, бул киши менен жолугушканда: “Ташым аке кандайсыз?”- деп, улуу адамга жасаган урмат-сый менен кайрылып, сылык учурашып, ал-жай сурашабыз. Дайыма бир калыпта жүргөн, оор-басырыктуу, бир сырдуу, көп кырдуу интеллигент киши.

Теги саруу уруусунан болгону менен Ташым аке мүнөзү боюнча сарууларга көп окшошо бербейт. Мисалы, кээ бирөөлөр айткандай, көчөдө жолугушуп калган эки саруу сүйлөшүп жатканда, алардын үнү жаныбыздагы Кытайга эле эмес, деңиздин ары жагындагы Америкага да кадимкидей угулуп турат. Ошондон улам, саруулардын түпкү аталары аскер башчылар болгон окшойт деп ойлошот адамдар. Чын эле, илгери микрофон болгон эмес, кол башчынын үнү бийик болбосо, анын буйругун ким угат? Алыс барбай эле, Топчуке отурган кабинетке кире калып, бир тамаша айтсаңыз, ал киши асманды тиктеп, оозун чоң ачып алып, “ха-ха-халап!” күлгөндө, Ала-Тоо аянтында бараткан адамдар тайып жыгылып, же Арабаев университети жакты тиктеп, “дагы эмне болуп кетти” деп, жүрөгү түшүшү мүмкүн.

Ташым ага тескерисинче, акырын сүйлөйт, бир иш кылса да – акырын кылат. Башка адамдар бир анекдот угуп, боору эзилип күлүп жатканда да, бул киши тигил адамды карап “хе-хе” деп эле жылмайып койот. Бул кишинин “жылмайуусу” менен “күлкүсүнүн” ортосундагы айырма анча деле чоң эмес. Билбеген адам “жылмайды” деп ойлойт, а чынында күлгөнү ушундай. Сыры, билими көп болгону менен күлкүсү аз киши. Андан улам, абдан эле оолуттуу көрүнөт да, сымбатын жактырып, сырдашкысы келген келиндер эле эмес, кеңеш сурап сүйлөшкүсү келген жигиттер да дайым эле батынып, суроо бере бербейт. Ошондон улам, түпкү аталары ойчул, оор-басырыктуу адамдар болушса керек деп ойлойм. Бирок, майрам күндөрү бирге иштешкен жамаат менен көңүл ачып отуруп, ыр кесенин кезеги келгенде:

Үйүңдүн үстү сары аска,

Үстүнөн өтүп баратсаң э-эй.

Сүйгөнүн менен бир жатып,

Сүрүлүп тоодон таң атса э-эй! – деп ырдайт.

Баягы көчөдө баратканда ой ээрчип, кабинетте отурганда үңкүйүп кагаз тиктеген Ташым аке жок, бир куплеттен экинчи куплетке өткөн сайын улам жашарып, улам ичи өрт-жалынга толуп бараткан бозойдой боздоп, отурган жеринде кайра-кайра козголуп, копшолуп-копшолуп алат. Созулган мукам үн “сары асканын” үстүнө чыгып, кайра ылдый түзгө түшөт. Сөзүн угуп, обонун тыңшап отурган жаш келиндер этегин кымтылап, жаш жигиттер сандарын чаап, “айуйт!” эле “айуйт!” деп кыйкырып калышат. Ырдап жатканда, Ташым ага такыр башка адамга айланат. Жашыбызда биздин деле “ушундай” ырларыбыз көп болчу, бирок эсибизден чыгып кетти. Бул кишинин ырынан эле дагы көп сырлары бар экени билинип турат.

…Эсимде, 1998-жылы, Ташым ага докторлугун жактайт экен деп, жердеш эки-үч иниси иштен суранып алып, Илимдер Академиясынын Тарых институтуна бардык. Кабинеттин ичинде да, коридордо да эл көп экен. Ташым акеге кезек келгенде, атайын Комиссиянын мүчөлөрү отурган узун столдун арт жагына өтүп, жай алдык. Бир маалда окумуштуу катчы трибунага чыгып, Ташым аганын өмүр баянына кыска токтолду да, анан: “Докторлук наамды жактап алуу үчүн докторанттын иштеген илимий ишинин темасы: «Кыргызстандын XIX кылымдын 50-70-жылдарындагы саясий өнүгүүсү” деп аталат, илимий насаатчысы – КР УИАсынын мүчө-корреспонденти, профессор Кушбек Үсөнбаев” деп илимий иштерин атап өттү. Андан кийин оппоненттер сүйлөп, акырында Ташым акеге сөз берилип, ал трибунага чыкты.

Илимдер Академиясын көп жылдар башкарган атактуу академик Курмангали Каракеев баш болгон илимдин дөө-шаалары алдына коюлган кагаздардан башын өйдө көтөрүшүп, трибунада сүйлөп аткан Ташым акени кунт коюп угуп калышты. Ташым аке илимий ишинин кыскача мазмуну менен Комиссиянын мүчөлөрүн тааныштырып, ишинин акырын: “Орусия Түштүк Кыргызстанды эле эмес, Түндүк Кыргызстанды да күч менен басып алып, баш ийдирген” деген жыйынтык менен сөзүн бүтөрдү. Бир-эки уруунун Орусияга кошулушу – ал бүт Кыргыз урууларынын кошулушу эмес. Биз – тарыхчы окумуштуулар, тарых чындыгы үчүн:’“Кыргызстан Орусияга өз ыктыяры менен кошулган” деген жалган көз караштан артка кайтышыбыз керек” деди. Ташым аке басып алуунун ыкмалары катары 11 факторду санаганды эсимде. Ошондо менин алдымда отурган Комиссиянын мүчөлөрүнүн бири жанындагы отурган аксакал окумуштууга кайрылып, акырын кулагына: “Эми биздин жазгандарыбыз эмне болот” деп шыбырады. Ал мага эле эмес, менин жанымда отурган Эрманбетке да кадимкидей эле угулду. Мен: “Эми булар Ташым акеге каршы чыгышпаса болду” деп ойлодум ичимен. Эч ким каршы болгон жок, бирок: “…шартка жараша биз убагында “ушинтип” жаздык эле, эми эгемен элге айландык, сен минтип жаңы көз карашты айтып атасың, сенин ишиндин жыйынтыгы туура, эми тарыхчылар тарых чындыгын ачыкка чыгарыш керек” деп да айтышкан жок аксакалдар…

А чынында, Ташым ага тууралуу сөз жүргөндө, сөз жөн гана бир катардагы тарыхчы окумуштуу эмес, тарых илиминин айрым бир учурларын тактап, оңдогон, илимге жаңылык киргизген жана принципиалдуу көз карашы бар чоң окумуштуу жөнүндө сөз болот. Мисалы, 70 жылдан ашуун “Кыргызстандын Россияга өз ыктыяры менен кошулушу” деген бүткүл империялык идеологияга баш ийдирилген тарыхый диллеманы бузуп, бүгүнкү күнү ага “Кыргызстанды Орусиянын басып алышы” деген тактыкты киргизүү вазийпасы биринчилерден болуп, дал ушул тарых илимдеринин доктору, профессор Т.Кененсариевдин тагдырына туш келген. Ал докторлугун жактаганга чейин эле басма сөз беттеринде жарыяланган макалаларында өз көз карашын төмөндөгүдөй ачык билдирип келген болчу: “XX кылымдагы кыргыз улуттук тарыхнаамасында тарых илими саясий конъюктурага аргасыз баш ийип, коммунисттик идеологиянын куралы, атүгүл кулу болуп келгендиги анык. Ошого байланыштуу кыргыз тарыхнаамасынын эң ири өкүлү академик Б. Жамгерчинов 50-60-жылдары кыргыз эли Орусияга ыктыярдуу кошулган деген илимий тыянакты “ыктыярсыз” деп жактап келген. Бул теория Турдакун Усубалиев баштаган кыргыз коммунистик партиясынын колдоосу менен Кыргызстандын эгемендик алган мезгилине чейин эле бузулгус теория катары жашап келди”.

Андан кийин, тарыхчылардын жаңы толкуну Ташым аганын көз карашын бекемдеп, минтип жазышты: “Орусияга Кыргызстан өз ыктыяры менен кирген” деген жобону далилдөө үчүн анын тарапкерлери дал ушул Түндүк Кыргызстан аймагын көрсөтүүгө умтулушкан. Албетте, Түндүк Кыргызстан дегенибиз ал – алты аймактуу жергебиздин жартысы гана! Бирок ошол Түндүк Кыргызстанда деле бардык кыргыз уруулары жапатырмак жан талашып өз көз каранды эместигин танып, Орусиянын койнун самаган деген мурдагы «үстөмдүк кылуучу жобо» өтө көп шектенүүлөрдү туудурат”.

Өз изилдөөлөрүндө окумуштуу, Кыргызстандын түндүк аймактарындагы кыргыз бийлеринин Орусияга карата болгон мамилесин үч түргө бөлгөн:

а) . орус бийлигине ыкрар кылгандар (Качыбек, Боромбай, Байтик);

б) . сөз жүзүндө орус багытын кармаганы менен, иш жүзүндө олку-солку болгондор (Ормон, Үмөтаалы, Тилекмат, Муратаалы, Чоң Карач, Жантай, Жангарач ж.б.);

в) . иш жүзүндө каршы болгондор (Осмон, Балбай баатыр ж.б.):

Ошентип. профессор илимпоз жогорку фактыларга таянып, Түндүк кыргыздар негизинен Орусия тарабынан келишим, бүтүм жана куралдуу басып алуу аркылуу каратылып алынган” деп жыйынтык чыгарган.

Орусия Кыргызстанды куралдуу күч менен каратып алгандан кийин анын жерин ээлеш үчүн элине “орусташтыруу” саясатын жүргүзгөн. Окумуштуунун ою боюнча, орусташтыруунун негизги каражаттары катары төмөнкүлөр саналган:

1. Орусиянын заң-закондорун акырындык менен жергиликтүү чөлкөмгө киргизүү;

2. Түпкү калктын динин, улуттук баалуулуктарын одоно бузбастан, акырындык менен алардын арасына орус динин, орус маданиятын жана орус менталитетин жайылтуу;

3. Аталган багыттарды ишке ашыруу үчүн Түркстан крайы түзүлгөн алгачкы күндөн эле Орусиянын Кыргызстандагы оторчулук саясатын (Орусиянын борбордук губернияларынан казак-орустарды, орус дыйкандарын көчүрүп келүү) баштоо болгон.

Кээ бир окумуштуулар жагдайга жараша болуп, убактылуу жүрүп жаткан идеологияны ыктап, саясатты шылтоолоп, бирок аз убакыт болсо да, жалган атак, убактылуу кадыр-барк күтүп жашаганга умтулушат. Жогоркудай илимий жыйынтыктарга келүү үчүн жана аны басма сөз беттеринде ачык айтуу үчүн батыл жүрөк, башка дүйнө элдеринин тарыхын да жакшы билген терең билим керек болчу. Ошондой окумуштуу гана бир жактуу субьективдүү көз караштан алыстап, обьективдүү чындыкты айтмак. -Ташым ага чыныгы окумуштууга мүнөздүү дал ошондой позицияны карманып, тарыхка тактык киргизген саналуу окумуштуулардын катарына кирди. “Эртеби-кечпи тарых баарын өз-өз ордуна коёт” деген сөздүн чындыгын биз ушул Ташым Кененсариевдин илимге калтырып келаткан издеринен улам билип келатабыз. Сөзүбүздүн аягында айтарыбыз: Бар болуңуз, бакубат жүрүнүз Ташыке! Илимий иштеринизге албан-албан ийгиликтерди каалайбыз! 70 жылдык кутман курагыңыз кут болсун!

Байас Турал

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *