“Тарыхый эс тутум: саясий репрессиялар жана анын кесепети” деген аталыштагы Эл аралык илимий конференция болуп өттү

Бүгүн, 6-ноябрда Улуттук Илимдер академиясында “Тарыхый эс тутум: саясий репрессиялар жана анын кесепети” деген аталыштагы Эл аралык илимий конференция болуп өттү. Бул тууралу УИАнын Эл аралык кызматташуу жана коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Конференцияда саясий репрессиялардын тарыхы, анын кесепеттери жана сабактары жөнүндө учурда түздөн-түз изилдөөгө алган окумуштуулардын билдирүүлөрү, баяндамалар талкууланды.

-Бүгүн биз өткөн тарыхыбызда “кара так” болуп калган 1920-1930 жылдардагы саясий куугунтуктоолорду талкуулаганы жатат. Кыргызстандын өткон кылымдагы 20-30 жылдарындагы кайгылуу окуялар, саясий куугунтуктарга дуушар болгондор жөнүндө мындан ары да изилдөө биздин социалдык илимдер тармагында иштеп жаткан илимпоздордун баарыбыздын ыйык милдетибиз болуп эсептелет. Бөөдө курман болгондор жөнүндө илимий монографиялар жазылып, көркөм, даректүү кинолор тартылып, спектаклдер коюлса, алардын жаркын элестери жалпы калкыбызга жетсе экен деген ойдобуз – дейт тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова.

Илимий жыйындын жүрүшүндө 20-жылдардын аягында башталган саясий куугунтуктоолор Кыргызстан эле эмес, СССРдин бардык аймактарын да камтып, союздук масштабда жүргүзүлгөндүгү, айыл чарбасын коллективдештирүү мезгилинде “кулактарды тап катары жоюу” деген саясат ишке киргенден баштап, жүздөгөн оокаттуу, колунан иш келген кыргызстандыктардын үй-мүлкүн тартып алып, өздөрүн кулак катары ата мекенинен тышкары – Украинанын Херсон облусуна, Россиянын Оренбург жергесине, Казакстандын түндүк райондоруна, республикабыздын башка жерлерине сүргүнгө айдашкандыгы жөнүндө баяндалды. Өтүп жаткан иш чарада 1938-жылы 6-ноябрда СССРде бир топ жылдары жүрүп турган саясий куугунтуктоолор өзүнүн туу чокусуна жетип, Кыргызстандын жүздөн ашык атылып кеткен көрүнүктүү саясий, мамлекеттик, профсоюздук, комсомолдук ишмерлери, өндүрүш, чарба жетекчилерине таазим этүү менен аларды эскерүү экендиги белгиленди.

Илимий конференциянын катышуучулары төмөндөгүдөй жыйынтыкка келишти:

-Адам укуктары менен эркиндиктери мамлекеттин жана коомдун эң маанилүү баалуулуктары экендигин эске алуу менен келечекте жогорудагыдай миңдеген адамдардын өмүрүн алган оор трагедиянын кайталанбашы үчүн жана алардан сабак алуу максатында бардык мамлекеттик жана коомдук мекемелерде эскерүү реквиемдерди өткөрүү;

-Саясий куугунтуктардын курмандыктары жөнүндө изилдөөлөрдү, алар жөнүндө даректүү, көркөм фильмдерди, берүүлөрдү уюштурууну улантуу;

-Белгилүү саясий, маданий жана коомдук ишмерлер жөнүндөгү изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын сериялык басылма катары чыгаруу;

-“Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин көргөзмө залындагы экспонаттарды жаңы маалыматтар, изилдөөлөр менен толуктоо.

-КМШ өлкөлөрүнүн окумуштуулары менен биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү, анын жыйынтыктары боюнча ар бир өлкөдө биргелешкен илимий жыйындарды уюштурууга жетишүү;

-Советтик доордун тарыхын изилдөөнү улантуу менен анын Кыргызстандын тарыхындагы маанисин, ошону менен бирге оң жана терс жактарын изилдөөнү улантуу жана объективдүү баа берүүнү ыкчамдатуу.

Иш-чарага УИАнын академиктери жана корреспондент-мүчөлөрү, КР жождорунун окутуучулары,  Кыргызстандык илимпоздор катышты.

Иш-чараны КР УИА, Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарых жана маданий мурастарынын “Мурас” коомдук фонду, И.Арабаев атындагы КМУ, Ж.Баласагын атындагы КУУ, Ч.Валиханов атындагы Тарых жана этнология институту уюштурду.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *