Таш-Көмүр шаардык кеңешине 5 партия өттү

Жекшемби, 28-январда Таш- Көмүр шаардык кеңешине кезексиз шайлоо болуп өттү. Анын жыйынтыгында, шаардык кеңешке: КСДП, “Мекеним-Кыргызстан”, “Ата- Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Таш-Көмүр жаштары” партиялары шайланды.

Бөлүштүрө келгенде:

“Мекеним-Кыргызстан” –   10, КСДП – 9, калган партияларга 4төн мандат тийе тургандай. Жергиликтүү элдин баамында, күндүн суук экендигине карабастан, адаттагыдай эле элдин башын акча менен айлантып сатып алуу, административдик ресурсту пайдалануу кызуу жүргөн. Шай­лоо жыйынтыгы деле көрсөтүп тургандай, марага биринчи болуп акчаны эң көп чачкан “Мекеним Кыргызстан” менен админресурска таянган КСДП келген. Эми бул эки партия (“Мекеним Кыргызстанды” КСДПнын клону деп жүрүшпөйбү) эл көзүнчө коали­ция түзүмүш болушуп, шаарды каалагандай калчаганга өтүшөт.

Ал эми Кара-Балта шаарындагы шайлоо жыйынтыгынын айырмасы, анда КСДП биринчи келген да. “Мекеним Кыргызстан” экинчини алган. Андан тышкары, бул шаардын кеңешине “ЭлАман”, “Элдик-Народная” партиялары да өтүшкөн.

Аймактык      шайлоолор көрсөткөндөй, ээси четке кача чыккан “Республика” – партия катары жоголуп бараткансыйт. Анткени, бул партия биринде да жетиштүү чекти багындыра албай калган.

Булак: Майдан.kg

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *