Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Таш-Көмүр шаарында эркек киши Нарын дарыясына кулап түшкөн
Криминалдык хроника жана окуялар

Таш-Көмүр шаарында эркек киши Нарын дарыясына кулап түшкөн

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында, 9-октябрда бир адам Нарын дарыясына кулап түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 1949-жылы туулган эркек киши сууга кулап кеткен.

Издөө иштерине 7 куткаруучу тартылган.

Ал эми бүгүн, 12-октябрда издөө иштери улантылат.

Январь айында эле 11 адам өрттөн каза тапты

Якутскидеги токойдон кыргыз жана тажик мигранттарынын сөөктөрү көмүлгөн уруксатсыз көрүстөн табылды

Якутияда зордуктоо үчүн айыпталган кыргызстандыктар соттолду