Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Ташиев УКМКнын төрагасы, Зулушев Жогорку соттун төрагасы, Талант Мамытов генпрокурор кызматтарына барышат
Кызмат-мансап

Ташиев УКМКнын төрагасы, Зулушев Жогорку соттун төрагасы, Талант Мамытов генпрокурор кызматтарына барышат

Жаңы премьер-министр Садыр Жапаров өзүнүн саясаттагы үзөңгүлөш достору Камчыбек Ташиевди КР УКМКнын төрагасы же Коргоо министри (Генштабдын начальниги) кызматына, Курманкул Зулушевди КР Жогорку соттун төрагасы, Талант Мамытовду КР Башкы прокурору кызматына таптап жатканын биздин жеке булактар билдирди.

“Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса” дегендей ар бир жаңы премьер-министр кызматка келгенде албетте өзүнүн командасын бийликке алып келет. Садыр Жапаровдун командасынын негизги өзөгүн ушул 3 саясатчы түзүшөт сымал, анткени бүгүн КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун токтоосуз отставкасын талап кылууда да ушул 3 саясатчы премьер-министр Садыр Жапаровду активдүү колдоп, ортомчу болуп жүрүштү.

Булак: KyrgyzToday.kg

Юстиция министри Айнур Абдылдаеванын кызматынан кетиши күтүүсүз болду

Юлия Калиниченко жана Бермет Турсункулова Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчилери болуп дайындалды

Эшмамбет Аматов кайрадан “Кыргызтелеком” ААК башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалды