«Ташкент-Балыкчы» поезд каттамы 6-июндан тарта жүрө баштайт

6-июндан тарта сезондук негизде «Ташкент — Бишкек — Балыкчы» каттамы боюнча жүргүнчү ташуучу поезддер каттай баштайт. Бул тууралуу «Өзбекстан темир жолдору» компаниясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Бейшемби сайын Ташкенттин Борбордук темир жол бекетинен чыга турган поезд Казакстандын аймагы аркылуу өтүп, жума күнү кечинде Балыкчыга жетет. Ишембиде кайра артка кайткан поезд Ташкентке жекшемби күнү таңкы саат беште барат.

«Өзбекстан темир жолдорунан» кабарлашкандай, плацкарттык вагондордо жүрүүнүн баасы 35 доллар, купе вагондордо 48 доллар жана люкс вагондордо 94 долларды түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *