Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Ташкент: Муфтият имаратында бейбаштык кылуу айыбы менен эки блогер кармалды
Борбордук Азияда КООМ

Ташкент: Муфтият имаратында бейбаштык кылуу айыбы менен эки блогер кармалды

Ташкенттик блогерлер Рустам Карим (солдо) менен Тулкин Астанов.

Өзбекстандын мусулмандар дин башкармалыгы ташкенттик эки блогерди муфтият имаратынын ичинде коомдук тартипти бузууга айыптап жатат.

8-апрелде кармалган блогерлердин бири Рустам Карим «Фейсбук» баракчасына түз эфирде жазылган видеокайрылуусун жайгаштырган. Алардын бирөөсү Муфтияттын имаратынын ичинде, экинчиси көчөдө тартылган.

Ал кайрылууларында Рустам Карим шериги менен «бийликтин аялдарга хижаб кийүүгө тыюу салуусу жана адал азыктарга сертификат берүү маселеси» боюнча нааразылык билдирүү үчүн муфтийдин орун басары, шейх Абдулазиз Мансур менен жолугушканын айткан.

Мындан тышкары блогер жолугушуу маалында «Нооруз» майрамы жана сүмөлөк тууралуу хадистер жазылган Эргаш Ачиловдун китеби тууралуу маселени козгогон.

Көчөдө тартылган видеодо Рустам Карим муфтийдин орун басарын «тырмакчанын ичиндеги шейх Абдулазиз Мансур» деп атаган. Кайрылуусунун соңунда ал шериги экөө муфтияттан эч тоскоолдуксуз чыгып кетишкенин айткан.

Бирок бул билдирүүлөр жарыялангандан көп өтпөй социалдык түйүндөрдө блогерлер кармалгандыгы тууралуу маалыматтар пайда болду. Кыска убакыттын ичинде «Фейсбукта» кармалган блогерлерди колдогон акция башталды. Айрым колдонуучулар бийликти «Рустам Карим менен Тулкин Астановду бошотууга» чакырышты.

Ташкент шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, эки блогер «Муфтият имаратынын ичинде бейбаштык кылуу жана милиция кызматкеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбоо» беренелеринин негизинде административдик укук бузууга айыпталууда. Бирок мекемеден учурда блогерлердин кайсыл жерде экендигин жана канча убакытка кармалганын билдиришкен жок.

Айрым социалдык түйүн колдонуучуларынын маалыматына караганда, Рустам Карим менен Тулкин Астанов 15 суткага камакка алынган.

Өз кезегинде шейх Абдулазиз Мансур видеокайрылуу жасап, «муфтияттын имаратынын ичинде Рустам Карим өзүн адепсиз алып жүрүп, үнүн катуу чыгарып сүйлөгөнүн» билдирди. Ал ошондой эле социалдык түйүндөрдө Рустам Каримовдун башка видеолорун да көргөнүн белгилеп, анда блогер «имам-хатибдер менен уламаларды тааныгысы келбей, муфтият өкүлдөрүнүн айтканын укпаганын» айтты.

Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, эки блогердин иши Ташкенттеги Алмазар райондук сотунда каралган. Анда 43 жаштагы Рустам Карим менен 47 жаштагы Тулкин Астанов «Майда бейбаштык» жана «Милиция кызматкеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбоо» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ѳспүрүм бүтүрүүчүлѳрүбүз үчүн «акыркы конгуроо»-жашоосунун акыркы күнү болүп калбашы керек!

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамура Жалал-Абадда медициналык жабдуулардын гранттык сертификатын тапшырды

Япониядагы круиздик лайнердеги карантин аяктады