Ташкент – Тамчы – Ташкент каттамындагы чартердик авиабайланышы жандандырылды

2019-2023-жылдарда туризм тармагын өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын жүзөөгө ашыруу алкагында, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин активдүү колдоосу менен 2019-жылдын 27-июнунда «Ташкент – Тамчы – Ташкент» каттамындагы чартердик авиабайланышы жандандырылды. Бул тууралуу КР ӨР Элчилиги билдирди.

Биринчи рейс менен 140 турист келди. Өзбекстандын бардык региондорунун ири ишканаларынын кызматкерлеринен турган эс алуучулардын түзүмү Өзбекстандын профсоюздар Федерациясы тарабынан 2017-жылы Кыргыз Республикасынын профсоюздар Федерациясы жана Өзбекстандын профсоюздар Федерациясынын ортосунда кызматташуу тууралу кол коюлган Келишимдин негизинде түзүлдү.

Иш-чаранын алкагында 2019-жылдын 24-июнан 27-июнуна чейин Өзбекстандын алдыңкы телерадиокомпаниярынын жана маалымат агенттиктеринин 35 өкүлүнө Кыргызстанга пресс-тур уюштурулуп өткөзүлдү.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *