Фото – Ташкентте Мода жумалыгы башталды

Өзбекстан борборунда Мода жумалыгы ачылды. Анда алгачкы көргөзүүнү тарыхый кылууну чечишкен – дизайнерлер жүз жыл мурда салттуу өзбек кийиминин кандай болгондугун көрсөтүштү.

Мода жумалыгынын ачылышында 19-кылымдын аягы жана 20-кылымдын башындагы салттуу кийимдер көрсөтүлдү. Бир караганда алар чыгыш жомокторуна карата жасалган иллюстрацияларга окшоп кетет. Бирок жергиликтүү дизайнерлердин пикиринде, ал кездерде өзбек аялдары дал ошондой кийинишкен.

Иш-чарага Фергана өрөөнүнөн тарта Каракалпак чөлүнө чейинки өлкөнүн түрдүү аймактарынан барган дизайнерлер катышты. Кооз ала чапандар, чалбарлар, жоолуктар жана топулар менен селделердин бардыгы тең Өзбекстандан өндүрүлгөн натуралдык кездемелерден тигилген.

Чет өлкөлүк дизайнерлердин пикиринде, көптөгөн италиялыктар өзбек кездемелерди италиялык дизайн менен айкалыштырууга кызыкдар, анткени алардын көбүнө өзбек кездемелери жаккан.

Жергиликтүү модельер Мархабат Умарова да ушундай эле пикирде. Ал жакында эле өзүнүн кийим үлгүлөрүн Латвияда көрсөтүп келген. Анын айтымында, коллекция, өзгөчө жибек кездемеден тигилген кийимдер аудиториянын чоң кызыгуусун жараткан.

Анткен менен акыркы он жылдыкта дүйнөдө өзбек кездемелерине болгон мамиле кыйла өзгөргөн. Эл аралык укук коргоочулар «ак алтынды» терүүдө балдар эмгегин пайдалангандыгы үчүн пахта өндүрүүчүлөрдү сынга алып келишет. Өзбекстан пахта экспорттоо боюнча дүйнөдө 3-орунда турат.

moda-tashkente-2

uzbechka

moda-tashkente-3

moda-tashkente-5

moda-tashkente-7

moda-tashkente-8

moda-tashkente-6

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *