Ташманбет Кененсариев, профессор: Енисей кыргыздарынын кебете-кешпири кандай болгон?

Енисей кыргыздарынын кебете-кешпири тууралуу
Кыргыздардын тарыхында биздин замандын VI-X кылымдарында жашаган Енисей Кыргыз каганатынын тургундары кыргыздар “сары чачтуу, көк көздүү, узун бойлуу, ак-жуумал, европеоиддик кебете-кешпирлүү” адамдар болгондугу илимде бир топ кызыгууну пайда кылып келген.
Орус окумуштуусу Иоакинф Бичуриндин кытай булактарынан которгон тексттеринде VII-X кылымдарда Кыргыз каганатында жашаган кыргыздарды “алар узун бойлуу, чачтары сары, жүзү ак-саргыл же кызыл-нурдуу, көздөрү көк” деп сүрөттөгөн. Андан ары ал: “Цзянькунь (кыргыз) мамлекетинин адамдарынын басымдуу көпчүлүгү сары чачтуу жана көк же жашыл көздүү. Арасында кимдир бирөөлөрүнүн чачы кара жана кой көздүү болсо, алар Ли Линдин урпактары болуп саналышат. Ошондуктан аларды “дувэйдин тукумдары” деп аташат деп жазган.
Бул фактынын кыскача таржымалы мындай. Б.з.ч. 90-жылы хуннулар менен болгон салгылашуулардын биринде Ли-Лин аттуу таланттуу генерал Хунну аскерлерине туткунга түшүп калган эле. Анын каармандыгына күбө болгон Хунну Шанюйу Ли Линди баалап, Хуннулардын ордосунан батышта 7000 км алыстыкта жайгашкан “Цзянькунь” же “Гегун” (кыргыз деп окуу туура) ээлигине башчы кылып дайындаган. А кезде эзелки кыргыздардын мекени азыркы Кыргызстандын аймактарына канаатташ жерлер болгондугу тарыхый жактан далилденген.
Тарыхый маалыматтарга караганда, кыргыздардын эң алгачкы мекени азыркы Кыргызстан, Чыгыш Түркстан аймактары, Кулжа, Боро-Хоро тоо кыркаларынан Кытайдагы Манас шаарына чейинки жерлер болгон. “Манас” эпосунун негизги варианттарында Манастын ата-бабаларынын жери катары Фергана өрөөнү жана Теңир-Тоо, ошондой эле Ташкенден бер жакка карай Жети-Суу аймактары көрсөтүлөт. Тарыхый маалыматтарда Манастагы эзелки кыргыз хандыгы жөнүндө баян менен Кытайдын Алооке ханынын Манастын чоң атасы Ороздунун мамлекетин талкалап, анын он уулун он жакка тараткан тарыхый окуя, б.з.ч. Теңир-Тоодогу байыркы кыргыз ээлиги, 36-жылы болгон Биринчи Талас алгылашуусунда Чжи-Чжинин кытай кол башчылары Чэнь Тань жана Гань Янь-шоу тарабынан талкалангандыгы (алар “Манастагы” Алооке хан менен үндөшкөнсүйт) жазылып калган. Бул окуя Таласты мекендөөгө үлгүргөн цзянь-кундардын (кыргыздардын) бир бөлүгүнүн, жалпы эле теңиртоолук усундар деп аталышкан кыргыз элинин туш-тушка таратылышын чагылдырып турат деп эсептөө жөндүү.
Бул фактыны биздин замандын III кылымынын ортосу ченге таандык кытай булагы Вэйлио да белгилейт. Келтирилген маалыматтар Таластагы бирничи салгылашуудан кийин байыркы кыргыздардын кеминде 4 багытка бөлүнүп кеткендигин, алардын бир бөлүгү биздин замандын I- IV кылымдарында, башкача айтканда дээрлик 400 жылдай убакыт ичинде Улуу Талаада болгон эки жолку кургакчылыкка (Л.Гумилев) карабай, акырындык менен жер которуп, Миң-Сууга (енисей кыргыздарынын VI—X к. мекени) жайгашканын билдирет. “Манас” эпосунда Алтайга кеткен Жакыптын айланасында кээде “40 үйлүү кыргыз”, же “4000 кыргыз” деп берилет. Кыргыздардын байыркы мекенинде калып калган негизги бөлүгү Теңир-Тоо аймагында, Фергана өрөөнүндө, Ташкенден бери карата Чүйгө чейинки аймактарда отурукташып, азыркы Кыргызстанды алгачкы мекендеген бөлүгүн түзгөндүгүн ишенимдүү көрсөтүп турат.
Суй (581-618) династиясынын мезгилинде түзүлгөн картадагы маалыматка караганда IV-V кылымдарда кыргыздардын басымдуу бөлүгү дале Чыгыш Тянь-Шанды мекендеп тургандыгын билүүгө болот.
Тарыхый маалыматтарда кыргыздарды тараткан окуядан кийин акырындап Миң-Суу өрөөнүнө келген кыргыздар, ал жерде мурунтан эле жашап келишкен европеоиддик “динлиндер” менен аралаш жашап, аргындашууга (ассимиляцияга) кирген.
Динлиндер деген элдер кимдер эле? Булактарга жана изилдөөлөргө караганда жана бир катар илимпоздордун пикир боюнча (С.В. Киселев) динлиндер европеоид расасына таандык уруулар болгон. Гяньгундар (баштапкы кыргыздар) биздин замандын башында, башкача айтканда мындан 2000 жыл мурун Минусин (Миң-Суу) өрөөнүнө жер которуп барганда так ушул динлиндер менен ассимиляцияга кирген. 300-400 жыл ичинде алар динлиндер менен аралашып, көк көз сары чач, узун бойлуу адамдар болуп чыга келишкен. Бул аргындашууда кыргыз этносунун генофонду жеңгендиги, анын эсебинен жаңы суперэтнос түзүлүп, ага “кыргыз” деген этноним биротоло калыптангандыгы чындык.
Кыргыз-динлин ассимиляциялык процесси биздин замандын V-VII кылымдарын камтыган сыяктуу. Качан гана жаңы суперэтноско айланган енисейлик кыргыздар жетилип, өз алдынча мамлекет куруп, алгачкы белгилүү кыргыз каганы Барбектин заманында Кытайга элчилик жиберген кезден тартып, Кытай империясынын тарыхый жылнаамачылары (хронисттери) кыргыздар жөнүндө кайрадан маалымат топтоп, алардын кебете-кешпирин биз жогоруда жазгандай сүрөттөй баштаган. Ошондуктан Орхон-Енисей рун жазуулары жана кытай китептеринде VI-IX кылымдарда Миң-Суу өрөөнүндө жашаган кыргыздар жөнүндө маалыматтар көп кездешет.
Жогор жакта белгилеп кеткен Ли-Линдин урпактары жөнүндө дагы эки ооз сөз. Ли-Лин кыргыздардын арасына тез эле аралашып, алардын сүйүктүү башчысына айланган. Бул окуя “Манаста” Кытайдан качып келип, Манаска эмчектеш богон Алмамбет баатырды чагылдырып турат. Ли-Линдин өзү, кийин анын кыргыз аялынан төрөлгөн кийинки урпактары биротоло кыргыздашып, тарыхый маалыматтар боюнча анын династиясы 700-800 жыл чамасында уланып келген. Маселен VIII кылымдын биринчи жарымындагы Енисейдеги Кыргыз мамлекетинин каганы Барс-Бек өзүн так ошол Ли-Линдин урпагымын деп санап, Кытай императорлоруна жакшы мамиле кылып, дипломатиялык алакада болгон. Ал эми Кытай императорлору да Кыргыз кагандарына жазган каттарында “биздин жээн” деп аташканы белгилүү.
Кытай жылнаамаларындагы бир материалда “бул адамдардын (кыргыздардын) чачтары агыш-бозомтук (половые) келип, каректери жашыл, ал эми бетиндеги түктөрү сапсары келет. Арасында бетинин түгү кара болгондору хань элинин (кытайлардын) генералы Ли Линдин жана аны менен кошо жүргөн солдаттарынын тукумдары саналышат” деп жазылган. Аны окумуштуу И.Бичурин да танбайт, бир катар кытай жылнаамаларында “хягастар” “Ли Линден келип чыккандар” деп тике эле сөз кылышат деп жазат.
Ошондуктан Енисей кыргыз каганатынын адамдарынын басымдуу көпчүлүгү европеоиддик расага таандык, ал эми азыраак бөлүгү монголоиддик расага таандык болушкан окшойт. Улам кийинки кылымдарда енисей кыргыздарынын башка түрк, монгол уруулары менен аралашуусунун натыйжасында X кылымдардан тарта кыргыздарда монголоиддик түс артыкчылык кыла баштаган деп божомолдоого болот. Чынында, кыргыздардагы европеоиддик көк көз сары чач белгилер азыр деле кезигээри төмөндөгү ар кандай фото-материалдардан тастыкталып турат.
Орто кылымдардагы хакас фольклорунун баатырларын сүрөттөгөндө “кардай, ак-саргыл жүзүндө (сулу манан ах сырай) оттой жанган көздөрү күйүп турат” деп айтылгандыгын хакас окумуштуусу В.Бутанаев (Астайбек) да белгилеп кетет.
Орто кылымдардагы жазма булактар енисей кыргыздары ак жуумал, сары чач, көк көз болгондугун кеңири маалымдашат. Маселен, Тан доорундагы (VIII – X кк.) кытай авторлору кыргыздар жөнүндө, алар “сары чач, кызыл чийки жүз жана асман-көк көздүү» болот деп жазышкан. Ал эми XI к.перс автору енисей кыргыздарынын чачы кызыл, жүзү ак-саргыл болот деп, ал маалыматты ибн Мукаффадан (VIII к.) алганын жана ошол белгиси менен кыргыздар славяндардын туугандары окшойт деген пикирин келтирет.
Кыргыз жери – түштүк-батышынан Кыргыз суусу (“Хыргыс суг”) менен – Батыш Саян тоолорунун Абакан дарыясынын оң куймасы, түштүгүнөн дагы бир “Кургус-сук” (хакас тилинде “Хыргыс суг”) деп аталган Енисей дарыясынын дагы бир куймасы, чыгышынан Минусин өрөөнүнүн Кургусюл (хакасча “Хыргыс чул” – кыргыз булактары) аталган Чыгыш Саян тоолорундагы Хабык өзөнүнүн куймасы, түндүгүнөн “Кыргыс джул” (хакасча “Хыргыс чул”), башкача айтканда “Кыргыз булагы же өзөнү” деп аталган Орто Чулым дарыясынын бир куймасы, түндүгүнөн “Киргиз юл” (хакасча “Хыргыс чул”), дагы бир “кыргыз булагы” деп аталган Кузнец Ала-Тоосунун дарыясы менен чектелет (В.Бутанаев.) Бул баары “Кыргыз дарыясы” деген түшүнүктү берген төрт суу чек азыркы Минусин ойдуңун камтып, ал чектердин ортосу VII-X кылымдардагы Кыргыз мамлекетинин негизги аймагын түзгөн.
Эсен уулу Кылыч аттуу изилдөөчү 2015-жылдын 31-майында Алматыда болгон бир көргөзмөгө Европа сүрөтчүлөрүнүн XVIII-XIX кылымдарга таандык сүрөттөрү, гравюралары коюлуп, алардын арасында енисей кыргыздарына арналган немец, англис жана француз авторлорунун графюраларын жана иллюстрацияларын көргөндүгүн жазган. Алардын бир тобунда “кыргыздардын кебете-кешпири («Внешний облик кыргызов») деп жазылган экен.
“Physiognomie der Kirgisen” деген белгисиз автордун гравюрасында Енисей кыргызы тартылып, ал европеоиддик типтеги, сары чачтуу, жүзү ак жуумал экен. Чынында кыргыздардын европеоиддик тиби даана көрүнгөн XVIII-XIX кк.сүрөттөр, фотолор бир катар авторлордо кезигип жүрөт. Мисалы, орус сүрөтчүсү Ф.Г. Солнцевде, И.И.Георгинин, П.С.Палластын иллюстрацияларында, француз Н.Я.Рашеттин түстүү фарфор статуэткаларында жана башкаларда «Киргиз» жана «Киргизка» деген аталыштар менен белгилүү.
Демек, XVIII кылымга дейре енисей кыргыздары европеоиддик түспөлүн жоготпоптур. Бул маалыматтар кытай, араб жана перс авторлорунун пикирлерин ырастап турат.
Төмөндө жогорку маалыматтарды ырастаган, XVIII, XIX кылымдарда жана азыркы мезгилде тартылган графюра, иллюстрация жана фото-сүрөттөр берилди.
Ташманбет Кененсариев, профессор

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *