Таштемир Айбаев чээнден чыкты…

Кезинде азуусун айга жанып турган айтылуу Таштемир Айтбаевди кимдер гана тааныбайт. УКМКны кыйла жыл жетектеп, “отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн” Акаевдин доорундагы лөктөрдүн бири эле. Кылмыш дүйнөсүндө даңкы таш жарган Рысбек Акматбаевдин “угаар кулагы, көрөөр көзү” катары мыкты кызмат өтөгөнү айтылып жүрөт. Акаев өлкөдөн качып, Бакиев бийликтин эки тизгин, бир чылбырын алганда, Айтбаев кызматтан алынды. Анан Көк-Жар айлында мечиттен чыгып келе жатканда Акматбаев атылды. Бирок бүгүнкү күнгө чейин Рысбек тирүү, бул атайын уюштурулган, кол салуудан өлгөн анын “двойниги” болгон деген кептер айтылып келет. Балким бул сырдын түйүнүн Айтбаев жакшы билээр…  Эми ушул киши карыганда тынч жата албай, саясатка аралаша баштады. Чээнден чыкканына караганда бир нерсенин жытын алган көрүнөт. Бирок Ахматбек Келдибековду колдоп, президенттик шайлоодо сүрөй турган болуп жатканы кызык болуп жатат, кыязы “бөрү карыса да бир койлук алы бар” деп чооң оюнга баш салгандай…

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *