Таянычы ишенимсиз партиялар

Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун башталышы ар кандай локалдык деңгээлдеги чырлар, коомдук-криминалдык конфликттер менен коштолду. Прокуратура органдары мыйзамсыз каттоо боюнча иликтөө иштерин башташты. Арийне, электораттын толук мүмкүнчүлүктөрү жана ар кандай багыттагы саясий күчтөрдүн региондор боюнча дислокацияланышы алиге чейин ачыкка чыга элек!..

Буга көп жүйөлүү себептер бар. Негизгилерин санап өтөлүк. Саны бар сапаты жок, кагазда жазылган аты бар, а бирок, реалдуу иш жүзүндө эч таасири жок саясий партиялардын алгачкы олуттуу сыноосу башталганы турат. Жергиликтүү шайлоолорго старт берилиши кыйла эле шаңдуу жана дагы коомдук-саясий турмуштун өзгөчө активдешүүсү менен коштолгондүгүна карабастан, айрым расмий маалыматтарга таянсак, аларда катышууга ачык чыгышып, эл алдындагы күрөшкө түшүүгө чечкиндүү түрдө бел байлашкандары саналуу гана болуптур. Токмокто деле, Ош шаардык кеңешине деле шайлоого катышууга расмий түрдө арыз беришкен партиялардын саны төрт-бештен ашпаптыр!..

Белгилүү болгондой, юстиция министрлигинде расмий каттоодон өткөн жалпы партиялардын жана коомдук уюмдардын саны (ар кандай эсептөөлөр боюнча) 200дөн 400гө чейин жеткен. Демек, алардын ичинен (кагаз жүзүндөгү өлүү партиялардын ичинен) шайлоо кампаниясында жанданып, “тирилишкендери” 1 (бир!) пайыздан бир аз ашкан…

Албетте, ар кандай болжолдорду айтып, партиялардын көбү негизги күч-кубатын дагы жарым жылдан кийин — күздө боло турган парламенттик шайлоолорго сактап жатышкандыгын, финансылык жана башка түрдүү ресурстарын үнөмдөшүп жатышкандыгын түшүнсө болот. Арийне, эң маанилүү болгон ири шаардык кеңештерде өз өкулдөрү жок болгон саясий партиялардын кийинки парламенттик шайлоолордо ийгиликке жетиши күмөн. Себеби, Бишкек, Ош, Токмок сыяктуу ири шаарлардагы жергиликтүү кеңештердин кандай курамда калыптанышы – Москванын шаардык госдумасы, Санкт-Петербургдук облдума сыяктуу эле, кийинки жалпы өлкө масштабындагы шайлоолордо сөзсүз тасир этет!

Кыргызстанда алиге чейин туруктуу колдоочу электораты, таяна турган региону, же адепки старт алган жана биротоло жайгашкан коомдук-саясий аймагы бар болгон партияларды атоо кыйын. Албетте, кандайдыр бир башкача белгилери боюнча алганда, тигил же бул партиянын кайсыл региондон көбүрөөк добуш ала ала тургандыгын алдын ала эле болжолдоого болот. Ошол партиянын лидерлеринин туулган жерине карап көрүп!

Мисалга, унутула баштап, башка региондордо дээрлик таасири жок калган Кыргызстан коммунисттер партиясы Кадамжайдан, Лейлектен бир аз көбүрөөк добуш алса, буга эч таң калбайбыз. Анткени, алиге чейин элдин эсинде калган Абсамат Масалиев ошол тараптын кулуну болгон!.. Бирок, өкүнүчтүүсү – коммунисттик партиянын идеяларын колдошкону үчүн, же ошол аталган партия эл арасында колдоого татыктуу иштерди жасап жибергени үчүн эмес — тек гана жердеши болгону үчүн колдоп келишет…

Башка партиялар тууралуу деле дал ушундай абалда турушат деп айтууга болот. Анын үстүнө, азыр Кыргызстанда күчтүү таасири бар, коомдук-саясий аренада аба-ырайын түзө алчу саясий партия деле калган жок. 2010-жылкы “апрель революциясынан” соң гегемон партияга айланган СДПК партиясына карата өз лидерлери, активисттери харакири жасашты. “Ата-Мекен” партиясы тээ эгемендик доордон бери саясатта жүрсө да, күчтүү жана туруктуу таасири бар партияга айлана албалы Азыр ар-сар турган – жашаган жери же түрмөдө эмес, же эркиндикте эмес! – лидери да дал ушундай абалда эле алдан тайып, карый баштагандай туюлат. “Ата Мекенди” деле бир кезде “Ата-Журт” сыяктуу регионалдык деңгээлде өтө чоң таасири бар болгон, бирок, лидерлери камалган соң, “Республиканын” босогосуна сагалагандай кырдаал күтүп тургансыйт.

Бул өңүттөн алып караганда, башка амбициялуу партияларга кеңири жол ачылып, саясий конкуренция жеңилдеп, келечектеги шайлоолордогу өз ордуларын ээлөөгө умтула башташы логикалуу көрүнүш болмок. Андай болбогон соң, биздеги саны бар, сапаты жок, саясий партия деген кагаздагы куру аты гана бар коомдук утурумдук түзүлүштөрдөн эч кандай жаңылыкты, олуттуу өзгөрүүлөрдү күтүп деле болбойт.

Дал ошондуктан улам, коомчулук тигил же бул партиянын программасын, же тигил же бул саясий лидердин оң жана терс сапаттарын талкуулап, алдыда келе жаткан өтө маанилүү саясий өнөктүктөргө чечкиндүү түрдө даярданыштын ордуна, вульгардык, шоу-бизнестик маселелер деңгээлиндеги майда, спекуляциячыл темаларга алаксууда…

Соцтармактарда ырчы Самара Каримова жана Ош шаардык кеңешине боло турган шайлоолор кызуу талкууланууда. Асыресе, эки-үч ыры менен эл арасында анча-мынча белгилүү болууга жеткен, бирок, бир аз убакыттан кийин “жалп” эте өчүп, дайыны билинбей кеткен ырчылар көп эле болот. Ушуга байланыштуу мындай бир комикалуу жагдай эске түшөт. Улуу талант Рысбай Абдыкадыров Ош шаардык кеңешине эгемендик тушунда – жалпы улуттук масштабдагы коомдук-саясий толкун күчөгөн кезде, депутат болуп, бир-эки сессиясына катышкан соң, такыр барганды токтотот. Депутаттык мандатын республикалык радиодо кабарчы болуп иштеген, анча-мынча ырлары чыгып жүргөн бир журналистке берип коюптур: бар, сен менин ордума бара бер! – деп…

Анткени, чыныгы талант жана чыгармачылыкка бүт өмүрүн арнаган инсан саясат өзүнүн ички дүйнөсүнөн караманча алыс иш экенин дароо туйган. Негизги ишине жолтоо болуп, көңүлү бир жерде жайында болбосун түшүнгөн. Ким билет, башка бир ортозаар обончу чалыш бирөө болсо, көкүрөгүнө депутаттык белгини мардая тагып алып, мактанып, эч иш жасабаса деле, эч нерсени түшүнбөй, талкуулап жаткан маселеге керектүү деңгээлде катыша албаса деле, илешип жүрө бермектир?!

Самара Каримова жана башка ушул сыяктуу шоу-бизнес өкүлдөрү аркылуу электоратты кайрымагына илүү оюна жетеленген партиялар дал ушундай жагдайларды да эске алыштары зарыл. Партия, же парламентке, шаардык кеңешке келген соң таасирдүү болуп, өз максаттарына олуттуу умтулушу үчүн – биринчи иретте анын мүчөлөрү билимдүү, мекенчилдаза инсандар болуулары шарт!.. Баса, дал Рысбай Абыдкадыровдой эле (бирок, андай комикалуу эмес) жагдай кийинчерээк республикалык парламентте да орун алган: атактуу нейрохирург, Кыргыз Эл баатыры Миталип Мамытов “Менин негизги ишиме жолтоо болот экен!” деп ачык айтып, кош палаталуу парламенттен кетип калгандыгы маалым.

Дегеле, партиялар деле коомчулуктун бардык тармактарына таянууга жана өз таасирине тартууга аракет кылышары түшүнүктүү. Бирок, бул табигый жол менен өнүгүп жүрүп олтурганда гана жемиштүү болору далилденген. Айталык, Москва олимпиадасынын чемпиону, атактуу жердешибиз – штангачы Каныбек Осмоналиевдин коомдук-саясий жылдызы да спорттогу бийиктиктерди багынткандан кийин жаркырап ачылган. Спорт министри, депутат жана башка ири спорттук функционер-чиновник болуу менен бирге, ал дээрлик кырк жылга жакын бул тармакта келе жатат. Бирок, ага сын айтууга кимдин оозу барат? Анткени, ал ошол чөйрөнүн маселелерин ичтен билет, спортчулардын маселелерин гана чечип тим болбой, дегеле жалпы улуттук спортту өнүктүрүүгө орчундуу салым кошууда…

Москва жакка көз жүгүртсөк, шахмат боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Анатолий Карпов, атактуу күрөшчү Александр Карелин жана башкалар да өз өлкөсү жана спорту үчүн Каныбек Осмоналиевден кем эмес эмгек сиңиришүүдө. Арийне, биз жасалма жол менен жана өз убактысынан кыйла эрте келип калган фактылар жөнүндө сөз кылып жатабыз. Мындай учурларда олуттуу маселелер да комедияга айланып, жалпы өлкө деңгээлинде дал ошол партия жана анын мүчөлөрү шылдыңга калышат. Кечээ жакында эле таанымал спортчу, бийиктикке таяк менен секирүүчү Елена Исинбаева Владимир Путинге түз эфир маалында: “Мен окуп чыктым. Бул абдан кызык китеп экен!” – деп, конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү талкууланып жаткан кезде, жалпы СНГ аймагынын оозун ачырды!..

Бир кезде орошон таланттуу жазуучу Валентин Распутин дагы өз ден-соолугун шылтоолоп, Госдумадан кетип калган. Ордуна (сыягы, КПРФ фракциясында коммунисттерде илгертен эле мүнөздүү болгондой, бир жазуучу да болушу керек деген “разнарядка” бар окшойт) жаш жазуучу Сергей Шаргуновду КПРФ аркылуу депутаттыкка жеткирди. Бирок, ал ойду-тоону сүйлөп, өз деңгээли канчалык экенин тез эле көрсөткон соң, КПРФ аны бир кезде абдан популярдуу, а бирок азыр өлүп бара жаткан “Юность” журналына башкы редактор кылып, тезирээк кутулууга шашты…

Азыркы кезде Россия Федерациясында кызуу талкууланып жаткан Конституцияга Кудайды киргизүү талкууланып жатат. Муну дагы ашкан атеистчил болушкан коммунисттер доору менен биротоло коштошуунун бир белгиси катары кароо керек. Салттуу жана кылымдардан берки улантуучулук (преемственность) таркаган өлкөлөрдөгү Конституцияларда жана коомдук-саясий турмушта Кудай мурдатан эле алдыңкы орунда туруп келген. Ал эми АКШда жана Европа мамлекеттеринде бул кандайдыр бир культ жана эл менен болгон байланыштын ажырагыс бир бөлүгү катары каралат. Айрым бир дин жана мамлекеттик түзүлүш өз ара бөлүнгөн мамлекеттерде деле дал ушундай. Дал ошондуктан улам, Рим Папасы Европадагы саясатта эң башкы рольдордун бирин ойноп келет…

Ал тургай АКШнын долларында дагы “Биз Кудайга ишенебиз” деген жазуу бар экендиги маалым. Орус чиркөөсүнүн патриархын эң жакын жана өтө урматтуу инсандардын бири катары караган орус бийлиги да элдин калың катмарына болгон таасирин жоготпой, бекем кармап калыш үчүн аракет жасап жатканы байкалууда. Кыргызстанда деле эгемендик доорунан бери диний фактор алдыңкы орунга чыккан. Биринчи президентти шайлоо учурунда Аскар Акаевдин талапкерлигин ошол кездеги муфтий Садыкжан Камалов сунуш кылгандыгы эле көп нерсени каңкуулап турат.

Тилекке каршы, азыркы кезде бизде дагы молдолор жана криминалдык авторитеттер шайлоо учурларында гана өзгөчө барктала баштаган учур келди. Ал эми “апрель революциясы” учурундагы муфтийди уурдашып, карактап-тоноого аракет кылышып, кийин ал алган жаракаттын айынан, оорудан өлгөндүгүн билебиз. Кыскасы, партиялар эптеп эле добушка ээ болуш үчүн бардык аракеттерге барса боло бере турган кез келди. Мурдагы НПОшник, азыркы Октябрь райакимчилигинин администрация башчысынын орун басары Мавлян Аскарбеков бир кездеги өз коллегаларына сын айтты. Кантсе да, кыздын сыры төркүнунө маалым эмеспи!? Булар жакында сексуалдык азчылыктар дагы парламентте болушу керек, аларга да улуттук азчылык, аялдар сыяктуу эле квота бөлүү керек деп чыгышат деп…

Чынында азыркы коомдук-саясий аба-ырайы дал ушул өңүттө өнүгө баштады. ЛГБТ коомчулугу катышкан саясий акциялар тез-тез өткөрүлө баштады. Аялдардын укугун коргоо деген жомокко жамынып алышып, кечээ экс-президент Роза Отунбаева баш болгон НПОчулар жабыла чыгышты. Кыргызстандагы чыныгы реалдуу абал кандай? Жакында эркектердин укугун коргой турган абалга жетип калышыбыз да мүмкүн. Себеби, рыноктук заманда аялдар мигрант, челнок бизнесин тез өздөштүрүшүп, айыл жерлеринде эбак эрлери менен рольдору алмашып калган. Үй-бүлөнү баккан, акча каражатын тапкан негизги күч катары, көптөгөн күйөөлөр сабамак турсун, аялга өйдө карап, үнүн бийик чыгарып сүйлөй да албай калышкан!..

Ал эми Роза Отунбаева бул митингге катышуу менен бирге, өткөн жылы кабыл алынган экс-президент статусу жөнүндөгү мыйзамды орой бузууга барды. Болгондо да, ар кандай коомдук-маргиналдык күчтөргө таянып алып, алардын кысымы аркылуу Ички иштер министрин кызматтан кетирүүнү талап кылуусу – саясатка, болгондо дагы жогорку эшелондогу, эң орчундуу кадр саясатына кийлигишүү болуп эсептелет.

Мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөй турган Жогорку Кеңеш аз калган мөөнөтү тушунда, олуттуу иштерди жасоого умтулуп, тез арада экс-президент Роза Отунбаеваны экс-президент макамынан ажыратуу маселесин карашы керек.

Ишенбек Муртазаев

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *