“Таза Кол” коррупцияга каршы күрөшүү фондунун төрагасы Расул Умбеталиевдин Курман Айтка куттуктоосу    

Урматтуу кыргызстандыктар!

 Урматтуу Эл, Журт!

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков жарлыкка кол коюп, «Кыргыз Республикасында 2020-жылдын 30-июлун Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады. Кечээ жалпы эл журт кайгыга түшүп, ыйлап-сыктап, кабыргасы кайышып турган күн болду. Өздөрүнүн жакындарын, туугандарын, жоро-жолдошторду эскерип, жакшы жана жылуу сөздөр менен коштоп, куран окуп жана сыйынып, таажы вирустан каза болгондорго аза күтүү күнүн өткөрдүк.

Бүгүн Кыргыз эли Курман Айт майрамын белгилеп жатат. Ар бир үй бүлөдө достаркон кенен жайылып, колунда барлар мал союп, этин карапайым жарандарга таратып, ак ниет менен, чын жүрөгү менен, маркум болгон жакындарына жана туугандарына Айттык куран окулуп атат.

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз эли, кыргыз журту кылымдан кылым карыткан жана дайыма кыйынчылыктарды жеңип келген. Таажы вирусту бирге биригип, Кудай кааласа албетте жеңебиз. Улуу Курман Айт марек болсун. Бардык кыргызстандыктарга ден соолук жана ийгилик каалайбыз. Биздин жетекчилерге насип, ыйман жана жоопкерчилик берсин!

Расул Умбеталиев, “Таза Кол” коррупцияга каршы күрөшүү фондунун төрагасы      

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *