Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » «Таза Кыргызстанды жаңыдан куруп баштайлы»! Соцтармактын колдонуучулары Бишкекти тазалоого чакырып жатышат
Саясат

“Таза Кыргызстанды жаңыдан куруп баштайлы”! Соцтармактын колдонуучулары Бишкекти тазалоого чакырып жатышат

Социалдык тармактын колдонуучулары өздөрүнүн Инстаграм, Фейсбук баракчаларына Бишкекти, Ала-Тоо аянтын тазалоого чакырып жатышат. Алардын арасында белгилүү адамдар дагы бар.

Кечээ, 5-октябрда бир нече миң адам парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык ирээтинде Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чогулган. Жоон топ элди күч түзүмдөрү көздөн жаш агыза турган газ, желим ок, кулак тундуруучу граната ыргытып, таратууга аракет кылган. Милиция менен кагылышуулар митингчилердин Ак үйдүн имаратына кирип келиши менен жыйынтыкталды.

Митингден кийин шаарда отургучтар талкаланып, калаанын борбордук бөлүгү таштандыга толду.

Опубликовано Кайратом Примбердиевым Понедельник, 5 октября 2020 г.

Ребята, в 7.00 выходим на уборку!Встречаемся на Советской-ТоктогулаПакеты мусорные раздадим!

Опубликовано Ольгой Трухановой Понедельник, 5 октября 2020 г.

Эртең менен Ала-Тоо аянтын тазалайбыз.Таза Кыргызстанды жаңыдан куруп баштайлы

Опубликовано Ali Shabdan Понедельник, 5 октября 2020 г.

Эски саясатчылар келбесин! Такты талашып ызы – чуу болбогула! Карапайым калкты колдонбогула! Шаарды тазалаганы чогуу чыгалы! Башаламандыкка жол бербейбиз!

Опубликовано Nazira Aytbekova Понедельник, 5 октября 2020 г.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт