Тазабек Икрамов: “Коррупция менен соттолгондор, анын туугандары жана балдары ЖКнын жана жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна катышпашы керек”

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов мамлекеттик мүлккө кол салгандар, коррупция менен шектелип соттолгон адамдарга, анын туугандары жана балдарына Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууга тыюу салууну сунуштады.

“Андан тышкары, чет өлкөдө банк эсеби бар жана кыймылсыз мүлккө ээ жарандар шайлануу укугунан ажыратылсын. Коррупция менен соттолгон адамды шайлоого катышуу укугунан ажыратылсын деген сунуштарды киргизем” – деп билдирди Тазабек Икрамов.

“Бул сунушту тиешелүү комитетке кат түрүндө да жибердим.  Шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолор боюнча мыйзамды карап жаткан жалпы кесиптештерим бул сунушумду колдойт деп ишенем” – деди депутат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *