Тазабек Икрамов Жогорку Кеңешке ЖЭБде от жаккандарды чакырууну талап кылды. Эмне үчүн?

Депутат Тазабек Икрамов ЖЭБде от жаккан кишилерди (кочагар) Жогорку Кекешке чакырууну бүгүн, 18-декабрда ЖКнын кезектеги жыйынында талап кылды.

“Кечээ күндөн бери барыбыз көрүп жатабыз Бишкекти кара түтүн каптады. Мына ушуга байланыштуу протоколдук тапшырманы берип, Бишкек ЖЭБинде эмнени жагып жатат (?) ушуну текшерүүгө алсаңыздар. Былтыр мындай кара түтүн жок болгон, быйыл атайын уулап жаткандай. ЖЭБде иштеген от жаккан адамдар эмне жагылып жатканын билишет, алардан сураш керек” – деди эл өкүлү.

Булак: “KyrgyzToday”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *