Тажик активисти: бийлик Рахмондун баласын 2020-жылдагы шайлоодо колдоого мажбурлады

Белгилүү тажик оппозиционери, активист Шарофиддин Гадоев бийлик өкүлдөрү ага 2020-жылга белгиленген шайлоодо президент Эмомали Рахмондун уулун колдойсуң деген талап койгонун айтты.

“Группа 24″ оппозициялык уюмунун мүчөсү Шарофиддин Гадоев сонку күндөрү Душанбеде өткөргөн окуялары тууралуу Амстердамда “Эркин Европа” радиосунун тажик кызматынын журналисттерине билдирди. Нидерланд бийлиги буга чейин Гадоевге качкын макамын берген.

Тажик оппозиционери 2-мартта Дүйшөмбүдөн Франкфурт шаарына учуп келген. Ал Тажикстандын коопсуздук күчтөрү Орусиядан уурдап, Тажикстанга алып барышканын, жолдо жана мекенине жеткенде кыйноого кабылганын айтты.

“Алардын планы боюнча “Группа-24” тобунун Тажикстанга кайтып келген 17 мурдагы мүчөсүнөн турган команданы жетектешим зарыл эле. Алар 2020-жылы Рустами Эмомали шайлоого катышарын, биз аны колдошубуз керектигин айтышты.”, – деди Гадоев.

Активист көрсөтмө Тажикстан улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов тарабынан берилгенин кошумчалады.

Эмомали Рахмон Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып келет. Көптөгөн талдоочулар анын мураскери катары 31-жаштагы уулу Рустами Эмомалини аташууда. Ал 29 жашында Душанбе шарынын мэри болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *