Тажик чек ара кызматы эки маңзат аткезчинин жок кылынганын тастыктады

Тажикстан менен Ооганстандын чек арасында маңзат аткезчилиги менен алектенген эки киши жок кылынгандыгы тастыкталды. Тажик чек ара кызматы билдиргендей, окуя былтыр 26-декабрда болгон.

Операция учурунда башка аткезчилер түн жамынып качып кетишкен. Чек арачылар окуя болгон жерден 2,5 кило гашиш жана 31 кило иштетилбеген апийим табышкан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп тергөө жүрүп жатат.

2016-жылы тажик-ооган чек арасында ооган аткезчилери менен 26 куралдуу кагылыш катталган. Натыйжада 16 кылмышкер жок кылынган, жарадарлар – 6, кармалгандар – 18. Тажик чек арачылары бир жылда бир тоннага жакын маңзат, ондогон ар кыл курал-жарак жана ок-дарыларды табышкан.

Источник: «Служба новостей Центральной Азии»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *