«Тажик Эйр» Москвадагы тажикстандыктарды мекенине алып келет

«Тажик Эйр» авиакомпаниясынын учагы 19-май күнү кечинде коронавирустан улам мекенине кайта албай калган тажикстандыктарды алып келүү үчүн Москвага жөнөп кеткен.

Авиакомпания Тажикстандын Москвадагы элчилигинен каттоодон өткөн гана жарандар чартердик каттам менен келе аларын белгиледи. Авиабилеттер ачык сатылбайт.

Тажикстандын Москвадагы дипломатиялык өкүлчүлүгү Орусиядан кете албай калган кишилердин тизмесин түзгөн. Айрым жарандар элчилик чартердик каттам тууралуу алдын ала эскертүү бербегенине нааразы болушууда.

Бул арада укук коргоочу Иззат Амон ушул эле учак менен Орусияда ар түрдүү себептерден өлгөн мигранттардын сөөгү да жөнөтүлөрүн билдирди.

Мындан тышкары соттун чечими менен депортацияланып, убактылуу изоляторлордо отурган 200дөй тажикстандык жаран да мекенине кайтат.

Тажикстан аэропорттору пандемияга байланыштуу 20-мартта эл аралык каттамдарды кабыл алууну токтоткон. Мындан улам Орусия, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Индия, Германия, Казакстан жана башка өлкөлөрдөгү ондогон тажикстандыктар мекенине кайта албай жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *