Тажик өкмөтү жакынкы 15 жылда калктын кирешеси эки эсеге өсөт деп болжолдоодо

Өлкөнүн Экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Неъматулло Хикматуллозода парламенттин төмөнкү палатасынын жыйынында Тажикстандын 2030-жылга чейинки улуттук өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу үчүн $118 млрд. 100 млн. керек экенин билдирди. Документтин максаты адамдарды татыктуу жашоо менен камсыздоо болуп эсептелет.

Документке ылайык, жакынкы 15 жылда калктын кирешеси эки эсеге, өнөр жай өндүрүшү 4,5 эсеге өсүп, Тажикстан агрардык өлкөдөн агрардык-индустриалдык өлкөгө айланат.

Министрдин айтымында, өлкөдөгү жакырчылык деңгээли 2020-жылга чейин 31 пайыздан 20 пайызга чейин төмөндөйт.

Бирок мажилис төрагасы Шукуржон Зухуров билдиргендей, паракорчулук менен салык мыйзамдарынын мыкты эместиги өлкө экономикасына инвестициялардын келишине тоскоолдуктарды жаратууда. Анын айтымында, Тажикстандын Салык кодексин кайрадан карап чыгуу керек, антпесе Улуттук өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу мүмкүн болбой калышы ыктымал.

БУУнун беш жыл мурдагы сурамжылоосуна ылайык, өлкөдөгү эң коррупциялашкан тармактар болуп укук коргоо органдары, билим берүү жана медициналык камсыздоо эсептелет. Эксперттер майда паракорчулукка каршы күрөшүүгө гана ыраазы болуп калуу туура эмес экенин, анткени ири көлөмдөгү жемкорлук бийликтин жогорку баскычтарында да бар экенин билдиришүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *