Тажикстан Кылмыш кодексин гумандаштырууга ниеттенүүдө

Тажикстан бийлиги өлкөнүн Кылмыш кодекси кайра караларын маалымдады. Мамлекет башчынын тапшырмасы менен документке өзгөртүү киргизүү маселесин атайын комиссия иликтеп жатат.

Тажикстандын кайра редакцияланган “гумандуу” Кылмыш кодексин парламент быйыл карайт. Анын 2018-жылдан тарта иштеп баштары күтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин юридикалык маселелер боюнча жардамчысы Шохназар Музаффарзода билдирди.

Анын айтымында, жаңы мыйзам актысында айрым кылмыштар үчүн жазалар жеңилдетилет. Ал ошондой эле Тажикстанда өлүм жазасын калыбына келтирүү зарылдыгы жок экенин баса белгиледи. Былтыр августта өлкөнүн башкы прокурору өлүм жазасын кайра киргизүүнү колдой турганын айткан.

2004-жылы Тажикстан өлүм жасасына мораторий киригизип, аны түбөлүккө эркинен ажыратуу менен алмаштырган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *