Тажикстанда Барсем көлүнүн жырылуу коркунучу жоюлду

Тажик адистер экскаватордун жардамы менен өлкөнүн чыгышындагы Барсем жасалма көлүнөн канал казып чыгышты. Болбосо көлмөдөгү суу жырылып, жүздөгөн үйлөрдү каптап кетмек.

Көлмө 2016-жылы 16-июлда Шунган районундагы Барсем кыштагындагы ташкындан улам пайда болгон.

Жасалма көл 30 миңден ашуун эл жашаган Хорогдон 16 чакырым алыстыкта жайгашкан. Көлмөдө 20 куб метрге чейин суу топтолгон. Эгер жер титирөө же башка табият кырсыктары катталса, ал жырылып кетип, трагедиялуу кесепеттерге алып келмек. Канал көлдөн төмөн жайгашкан дарыяны көздөй казылды.

Суу көлдү жарып чыкса, облусту электр энергиясы менен камсыздаган «Памир-1» ГЭСине дагы ченемсиз зыян алып келиши мүмкүн болчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *